Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Ошто Сирияга үндөгөндөр көбөйдү


Сириядагы казакстандыктар.
Сириядагы казакстандыктар.

Ош шаарында Пакистандын Вазиристан аймагында согуштук машыгуудан өтүп, Түркияда кыргыз жарандарын Сириядагы согушка барууга үндөп жүргөн адам кармалды.

Он күн мурда Ошто Сириядагы согушка катышып келип, Кыргызстанда террордук топ түзүүгө шектелген адамдар да кармалган болчу. Бирок алардын бирин сот үй камагына бошотуп жиберди.

ИИМ: Вазиристанда машыгып келген

Өзбекстан ислам кыймылынын мүчөсү делген 32 жаштагы Оштун тургун Орусиядан учуп келген учурда аба майдандан кармалды. Аны ыкчам маалыматтардын негизинде аэропорттон Ош шаардык милициясы менен Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери колго түшүргөн.

Ал “жалданмачылыкка” жана “терроризмге” шектелип кармалганын Ош шаардык милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

- Биздеги маалыматтарга караганда, бул жаран Пакистандын Вазиристан провинциясында Өзбекстан ислам кыймылынын жоокерлери менен биргеликте атайын аскердик даярдыктан өткөн. Андан соң Түркияга өтүп, ошол жерде Кыргыз Республикасынын жарандарын Сириядагы жарандык согушка катышууга үндөп турган.

Өзбекстан Ислам кыймылы 2003-жылы Кыргызстанда террористтик уюм деп таанылган. Ал Борбор Азияда ислам халифатын курууну максат кылат. Бул кыймыл 1990-жылдардын башында өзбек президентине каршы оппозиция болуп түзүлгөн деп айтылганы менен, анын катарында Орто Азиянын башка мамлекеттеринин жарандары да бар. 1999-2000-жылдары Баткенге басып кирип, коогалаңда Кыргызстан жетимиш чакты аскерин жоготкон. Бирок учурда Өзбекстан ислам кыймылы өз алдынча чоң күчкө ээ болбогону менен Ооганстан жана Пакистандагы “Талибандын” бир бутагы катары жашап келатат.

Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкуловдун оюнча, аталган уюм бүгүн да аймактагы тынчтыкты бузууга кызыктар.

- Өзбекстан ислам кыймылында Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын жана Кытайдын Шинжаң автономиялуу республикасынын да жарандары бар. Алар өз жетекчилеринин тапшырмалары менен келип, биздин аймакта иш жүргүзбөйт дегенге кепилдик жок.

Террорчулукка шектелген кишини сот бошотуп койду

Мындан он күн мурда Ош шаарында Сирияда аскердик даярдыктан өткөн террордук топтун мүчөлөрү делген алты адам кармалган болчу. Аларды текшере келгенде унаасынан колдо жасалган ок атуучу куралдар, ок-дарылар жана беткаптар табылып, бир катар беренелер боюнча айып тагылган. Бирок алардын бирин Ош шаардык соту үй камагына чыгарып жиберди.

Ош милициясынын басма сөз катчысы Замир Сыдыковду угалы:

- 13-14-февралда атайын ыкчам аракеттердин негизинде алты адам кармалган болчу. Сирия мамлекетинде атайын аскердик даярдыктан өткөндөрдүн бирин сот үй камагына чыгарды. Бирок эми соттун чечимине кандайдыр бир комментарий берүүдөн алыспыз.

Сириядагы согуштук даярдыктан өтүп келген адамдын Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылышы бир катар суроолорду жаратты. Саясий илимдердин кандидаты, диний маселелер боюнча эксперт Тимур Козукуловдун пикиринде, экстремисттик топтор тымызын иш жүргүзүп жатканы жашыруун эмес.

- Укук коргоо органдары дыкат иштегени үчүн ушундай жакшы натыйжалар болуп жатат. Анткени экстремисттик топтор чындыгында эле жашыруун иш алып барышууда. Эгер алар радикалдашып, терорристтик аракеттерге өтүп алса, албетте күч колдонуу менен кармоого туура келет. А бирок радикалдашканга чейин аларга түшүндүрүп, алдын-алуучу иштер жасалышы керек.

Укук коргоо органдарынын айтымында, Сирияга барып келип, Кыргызстанда террорчул топ түзгөн делген алты адамдын башында Бахрам Мамасадыков турган. Ал былтыр Кара-Суу районундагы мечиттердин биринде имамдын орун басары болуп иштеген. Бирок Мамасадыков кармалган учурда күнөөсүн четке каккан:

- Мен Кыргызстанда ислам мамлекетин курууга чакырган эмесмин. Жихад жөнүндө аяттарда айтылып калса, ошолор жөнүндө суроолор болуп калса, сүйлөп койчумун. Бирок “Кыргызстанда жихад кылыш керек, же Сирияга, башка жактарга барып согушка катышуу керек, баргыла” деп айткан эмесмин.

Сирияда президент Башар Ассадга каршы согушуп жаткандарга жардам берүү максатында кыргыз жарандарынын “жихадга” деп кетип баштаганы боюнча алгачкы маалыматтар бир жыл мурда пайда болгон. Бирок азыр ал жакта канча кыргызстандык жүргөнү боюнча так маалымат жок.

XS
SM
MD
LG