Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:43

"Орусияда баңгизат менен кармалган курьерлер көбөйгөн"


Москва. "Крокус Ситидеги" кол салуудан кийинки текшерүү
Москва. "Крокус Ситидеги" кол салуудан кийинки текшерүү

Мурдагы омбудсмен, укук коргоочу Турсунбек Акун Орусияга барып, ал жактагы мигранттар менен жолугушуп жүрөт. Ал "Азаттыкка" курган маегинде “Крокус Ситидеги” окуядан кийинки жагдай, орус жергесиндеги мигранттардын абалы тууралуу айтып берди.

- Турсунбек мырза, сиз бир топ күндөн бери Орусиянын аймагында болуп жатасыз. “Крокус Ситидеги” окуядан кийин жагдай кандай экен, кыргызстандык мекендештердин, жалпы мигранттардын абалы эмне болуп жатыптыр?

- “Крокус Ситидеги” окуядан кийин Орусиядагы мекендештерибиз “бул жакта депортация жүрүп, адамдарды камап жатат, күч органдары тарабынан мыйзамсыз аракеттер күчөп жатат” дешип, мага укук коргоочу катары байланышка чыккандан улам мен бул жакка келдим. Абал чындыгында эле оор экен. Канчалаган адамдар Сахарово борборунда (Сахарово борбору – Москванын четиндеги мигранттарды кармоочу жабык мекеме – ред.) кармалып турушат, ал жерден биздин эле кыргызстандыктардан 100-150 жаранды күн сайын депортациялап жатышат. Ал эми тажиктерди, өзбектерди айтпай эле коелу, алардын саны эки эсе көп. Анан текшерүү күчөптүр. Метронун жанына автобустарды коюп коюшат экен, азиаттарды – кыргыз, өзбек, тажиктерди ошол жерден эле кармап, алып кеткенин билдиришти. Эми ал акыркы убакта басандап калды дешет, бирок, кандайдыр бир деңгээлде кыйын, оор абал дагы деле болсо сакталып туруптур. Айрыкча көчөнүн тартибин караган патрулдук милиция кызматкерлерине Кудай эле берип салыптыр. Ошентсе дагы мекендештердин эки чоң маселеси бар экен. Биринчиси, каттоого туруу, экинчиси, эмгек келишимин түзүү. Каттоого туруу азыр 90 күн экен, мигранттар ошонун мөөнөтүн узартып берүүнү суранып жатышат. Себеби, Орусиянын Ички иштер министрлигинин атайын бөлүмүнө барышса, ал жерде тейлөө жакшы эмес экен, бир күндө сегиз эле адам каттоодон өткөн учурлар болуп, миңдеген адамдар кезекте туруп калат экен. Мөөнөт бүткөндөн кийин кайрадан Кыргызстанга кирип-чыгыш керек. Ошонун мөөнөтүн узартууну суранышты.

Мен ушуга окшогон маселелерди айтып, чечүүгө жардамы тийип калабы деп, Орусия президентинин алдындагы Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугун коргоо деген кеңеш бар. Ошонун төрагасы Валерий Фадеев, кеңештин мүчөлөрү Александр Брод, Кирилл Вышинский менен жолуктум. Кремлде текшерүү катуу экен, кабыл алуу маалында мен мигранттар боюнча АКШнын иш-тажрыйбасын келтирдим, анткени, Кошмо Штаттары мигранттарды өзүнүн жараны катары кабыл алып, аларды өзүнө сиңирип кетет. Мен “Орусия АКШ менен теңтайлашып жатасыңар, силер дагы мигранттарды жерибей, кабыл алгыла да, арасында ар кандай адамдар, мыйзам бузгандары болушу мүмкүн, бирок, аларга түз көз менен карагыла” деп маселени кабыргасынан койдум.

Мигранттардын маселесин алар кеңештин июнь айында өтө турган кезектеги жыйынында козгомок болушту. Анан жайында мигранттардын абалына, көйгөйүнө арналган “Борбор Азия- Орусия” деген аталыштагы жыйынды Ысык-Көлдө өткөрөлү деп болжолдоп жатабыз.

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, элчиликтин ишин мигранттар кандай баалайт экен?

- Бул Орусияга биринчи сапарым эмес. Буга чейин февраль айында бул жакта болуп, элчи менен, консул менен жолугуп, Екатеринбург шаарында да жүрүп кеткем. Бул ирет жалаң мекендештер менен кезигип жатам. Элчилик тууралуу пикирлер ар түрдүү - кээ бирлер “элчилик жакшы эле иштеп атат десе”, көбү “алар өзү менен өзү, бизди жигердүү сактап, коргой турган борборго айланбай жатат” деген ойдо.

- Орусия Украинага кол салгандан кийин ал мамлекеттин жарандыгын алган кыргыздардын фронтко чакырылып, согушка тартылганы белгилүү. Ошолордон, андан тышкары Кыргызстандын жарандарынан мобилизация болгондордон сизге кайрылгандар болдубу?

- Санкт-Петербургда мигранттар менен жолугушуу маалында активисттер мобилизация боюнча маселе коюшту. Алардын айтымында, кылмыш жасады делип камакка алынгандарды фронтко күчтөп, үндөп жиберүү, алып кетүү бар экен. Анан алар "20 жыл түрмөдө отургандан көрө аман калсам аманмын, болбосо акчасын алып, кутулуп кетээрмин" деп башын сайып, кетип жаткандар бар экен. Алардын арасында Кыргызстандын жарандары да бар. Алар согушка катышып, анан биздин өлкөгө баргандан кийин кайра сот жообуна тартылып жатпайбы. Эми алар капастагы кушка окшоп жатса, аларды азгырып, мажбурлап фронтко жиберишсе, анан айласы жоктон барып жатышат да. Бул жердегилердин айтымында, аларды Кыргызстанга барганда кайра соттогону ашыкча дешет.

- Тажикстандын миңдеген жарандары “Внуково”, “Шереметьев”, “Жуков” аэропортторунда эч кандай тамак ашы, шарты жок кармалып турганы белгилүү болду. Ушул жааттан алганда Борбор Азиянын укук коргоочулары биригип, Орусиядагы мигранттардын абалы боюнча бир чогуу иштеп, байланышалы деген оюңуздар жокпу?

- Жакшы суроо бердиңиз. Мен бул жакка жалгыз эле Кыргызстандын атынан келген жокмун, мен “Борбор Азиядагы адам укуктары” конгрессинин жетекчиси, координатору катары келдим. Мен бул жактан Өзбекстандын, Тажикстандын элчиликтери менен байланыштым. Бул мамлекеттердин дипломаттары уруксатты Ташкент менен Дүйшөмбүдөн узакка макулдашып алышат экен. Булар, ачыгын айтканда, каалоосу жокпу же башка себептери барбы – айтор, кечеңдетип жатышат, бирок, ага карабай сүйлөшкөнгө аракет жасап жатабыз. Булардын жарандары Сахаровдогу жабык мекемеде дагы көп экен. Өзбекстандагы, Казакстандагы, Тажикстандагы укук коргоочулар менен да байланышып, сүйлөшүп жатам. Кыскасы, Борбор Азиядагы укук коргоочулар мигранттарды чогуу коргойлу деген ой бар. Жогоруда мен айтып өткөн быйыл жайындагы Ысык-Көлдөгү жыйында ушул жаатта биргелешип бир бүтүмгө келели деген ниеттебиз.

- Сиз Санкт-Петербургдагы жолугушуу тууралуу айттыңыз, анын жүрүшүндө эмне сураныч, көйгөй талкууланды?

- Эки маселе тууралуу айтылды, биринчиси, жанагы каттоо, аны айттым. Экинчиси, “жүк-200” менен сөөк жеткирүү иши. Мамлекет маркумдун жакындарына, туугандарына сөөктү жеткирүү чыгымы үчүн акча төлөп берип келатат. Ошону мамлекет сөөк Кыргызстанга жеткенден кийин гана бөлүп жатат, ага чейин мигранттар баягыдай болуп эле акча чогултушуп, кыйналып жатыптыр, ошону жеңилдетип берсе деген суранычын айтышты. Мурда 75 миң сом болсо ал азыр 110 миң сомго чейин кымбаттап кетиптир. Сөөктү “Урал” жана “Авиа Трафик” деген авиакомпаниялар жеткирет экен. Бааны кыргызстандык “Авиа Трафик” кымбаттатыптыр, ошонун да себебин билели деп жатабыз. Анан сөөктөн тышкары, ооруп, учакка отура албагандар жаткан абалында Бишкекке жеткирилет экен, ага да бир эмес, бир нече орун сатып алыш керек экен, ошону да жеңилдетсе деп суранышты.

Мекендештер арасында дагы бир көйгөй – атайын адамдар бар экен. "Ысымдарын айта албайбыз" дешет, алар ар кандай жолдор менен Украинага биздин жарандарды азгырып, кызыктырып, келишим сунуштап, согушка алып кетип атыптыр. Ушул дагы мамлекеттик деңгээлде ойлоно турган иш болуп калыптыр. Дагы бир жайылган иш – бул курьер кызматында иштеп атып баңгизаттар менен кармалгандар өтө көбөйүп кетиптир.

Ушундан улам биздин активисттер сунуштап жатышат – тышка чыга турган адамдарга телефондоруна "атайын маалыматтар иштелип чыгып, жүктөлсө, ал жерде эскерте турган мыйзамдар, инструкциялар жайгаштырылса" дешти. Азыр кагаз түрүндө буклет, гезитти эч ким окубай калыптыр. Дагы бир сунуш – Чыңгыз Айтматовдун эстелигине жер алынган экен, бирок, акча, орун болгону менен ага уруксат жок, аны премьер-министр Мишустин менен президент Путин эле чечет экен, ошолордун деңгээлинде сүйлөшүп, Айтматовго эстелик тургузуу керектигин айтышты. Себеби, демилге көтөрүлүп, сөз болгондон бери 7-8 жыл өтүп кетиптир.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG