Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

Президент Барак эксклавынан көчүп чыккандар үчүн жаңы айылдын курулушун баштап берди


Президент Садыр Жапаров Жаңы-Барак айылынын курулушуна капсула салып жаткан учуру. Кара-Суу, Ош, Кыргызстан. 6-май, 2024-жыл.
Президент Садыр Жапаров Жаңы-Барак айылынын курулушуна капсула салып жаткан учуру. Кара-Суу, Ош, Кыргызстан. 6-май, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда, Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргызстандыктар жашай турган Жаңы-Барак жаңы айылынын түптөлүшүнө “мезгил кутусун” салуу салтанатына катышты. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады.

Мамлекет башчы өз сөзүндө бул күндүн бардык кыргызстандыктар үчүн тарыхый маанисин белгиледи. Ал Барак айылы Өзбекстандын аймагында жайгашкан эксклав болгондуктан, анын тургундары жарым-жартылай обочодо калып, көп жылдардан бери өз Ата Мекенине кирип-чыгууда кыйынчылыкты аябай эле тартышканын, барактыктарды көчүрүү алардын жашоо шартын жана жай турмушун жакшыртууга карай маанилүү кадам болорун айтты.

Башкы планга ылайык, Жаңы-Барак жаңы айылы 38 гектар аянтка курулат. Башкы планда 164 жаранга турак үй куруу үчүн 8 сотыхтан жер тилкесин берүү, 101 жаңы үйдүн курулушу, ошондой эле жаңы айылдын тургундарынын жашы жеткен балдарына жер участокторун бөлүп берүү каралган. Үйлөрдүн курулушун 31-августка чейин бүтүрүү пландалууда.

Долбоордун маанилүү бөлүгү жалаң гана турак жайларды эмес, социалдык инфраструктураны да түзүү, анын ичинде мектепти, көп кабаттуу турак үйдү, спорттук объекттерди жана медициналык пунктту куруу болуп саналат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2022-жылы Жогорку Кеңеште Кыргызстан Өзбекстандын аймагында жайгашкан Барак эксклавын Ташкентке алмашканын, кыргыз тарап Кара-Суу районуна чектеш аймактан 208 гектар жер алганын айткан.

Барактыктар 2024-жылдын апрелинде Оштун Кара-Суу районуна көчүрүлүп чыкты. Аларга жаңы айыл Өзбекстан менен Барак айылына айырбашталган жерге салынат. Жер Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Кыргызстандын эң чоң эксклавы болуп саналчу. Ал чек арадан 1,5 чакырым Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун ичинде жайгашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация процесси жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 27-январында Бишкекке мамлекеттик сапар менен өзбек президенти Шавкат Мирзиёев келгенде айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG