Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Брюсселде Украинанын коргонуу өнөр жай тармагын бекемдөө форуму өтүүдө


Украина. Архивдик сүрөт.
Украина. Архивдик сүрөт.

Брюсселде бүгүн 6-майда Европа Биримдиги–Украина форматындагы коргонуу өнөр жай маселеси боюнча форум өтүүдө. Ага Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча өкүлү Жозеп Боррел катышууда.

Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Боррел форумда Евробиримдиктин жана Украинанын аймагында ок-дары өндүрүү көлөмүн көбөйтүү жана бул жааттагы кызматташтыкты бекемдөө талкууланып жатканын айтты:

«Албетте, Украина согуш абалында турган өлкө болууда. Орусия өзүнүн өндүрүшүн, кубаттуулугун бекемдеп жатат. Ошондуктан биз Украинага коргонууга жана өндүрүшүн көбөйтүүгө жардам беришибиз керек».

Украинанын стратегиялык өнөр жай министри Александр Камышин «Биздин максат – Украинанын коргонуу өнөр жайынан украин Куралдуу күчтөрү үчүн сатып алууларга кошумча каржылоо табуу. Бул фронтко жардам бере турган эң тез ыкма”, - деп кошумчалады.

Форумга коргонуу өнөр жай тармагында иштеген 140тан ашуун компания катышууда.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда.

Батыш убада кылган курал-жарактын жетишсиздигинен фронтто абал оор экенин, азыркыдан да оорлошу ыктымал болуп турганын 3-майда Economist басылмасына курган маегинде Украинанын Башкы чалгын башкармалыгынын башчысынын орун басары Вадим Скибицкий билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG