Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Сириядан келгендер кыргыз бийлигин чочутту


Сирияда согушуп жүргөн Борбор Азиянын тургундары.
Сирияда согушуп жүргөн Борбор Азиянын тургундары.

Эл аралык террористтик уюмдар Сириядагы согушка катышкан жоочуларды Кыргызстанга жана Борбор Азия мамлекеттерине жиберип жатканы айтылууда.

Ага байланыштуу Улуттук коопсуздук комитети Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Буга чейин Тажикстан да мыйзамга өзгөртүү киргизип, чет жердеги согушка катышкан жарандарын жазага тартуу беренесин кабыл алган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ондогон жарандары Сирияда Башар Асаддын режимине каршы согушуп жүргөнү маалым.

УКМКнын сунушу талкууланды


УКМКнын төрагасы Бузурманкул Таабалдиев Сириядагы окуяларга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүүнү тез арада карап берүү өтүнүчү менен парламентке кайрылды. Аны жума күнү Жогорку Кеңештеги “Ар-намыс” фракциясы карап, журналисттерди катыштырбай жабык талкуулады. Улуттук коопсуздук комитетинин кайрылуусуна Сириядан жоочулардын региондогу коомдук-саясий жана диндик жагдайларды туруксуздаштырууга багытталган жана диверсиялык-террористтик акцияларды уюштуруу максатында келүүсү активдүү болуп жаткандыгы түрткү берген. Бирок атайын кызмат мыйзамга кандай өзгөртүү сунуштап жатканы айтылган жок.

Сирияда согушка катышып, аскерий тажрыйба топтогон жана Кыргызстанда террористтик акция уюштурууну максат кылган топтун алгачкысы былтыр август айында кармалган болчу. Кыргызстандын эки, Казакстандын бир жаранынан турган ал топтун максаттары тууралуу атайын кызмат буларды билдирген эле.

- Аталган топ 2013-жылдын июнь айында эл аралык террористтик күчтөрдүн жетекчилеринен тиешелүү тапшырмаларды алып, Бишкекте жана Ош шаарында террористтик акцияларды уюштуруу максатында Кыргызстанга жөнөтүлгөнү белгилүү болду.


Мындай топтор соңку мезгилде да кармалган. Ал эми Сирияга согушка жөнөп жаткан кыргызстандыктардын аягы суюлган жок. Расмий маалыматтарда алардын саны бүгүн 100гө чукулдап, арасында кыз-келиндер да бар экени айтылууда. УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов алдын алуу иштери жүрүп жатканына токтолду:

- Түшүндүрүү, алдын алуу иштери жүргөндүгүнө байланыштуу элдин көбү түшүнүп жатат. Бирок баары бир ар кандай жолдор менен кетип жаткандар бар. Аларды да кетирбей кармап калуу максатында алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Буга чейин эксперттер Сирияга же дүйнөнүн кайсы бир жериндеги согуш жаңжалдарына катышкан кыргызстандыктар акыры бир күнү кайтып келерин айтып, коңгуроо кагышууда. Серепчи Искендер Ормон уулу буларга токтолду.

- Алданып барып калгандар ал жактан дагы албууттанып, күчтөнүп келүүдөн алыс болот деп ойлойм. Алар тескерисинче, канааттанбай, барганына өкүнүп келет. Ал эми мурдатан фанат болуп, ошол идея менен баргандар ал жактан дагы күчөп, ошол өзү туура деп ойлогон, өзү керектүү деп ойлогон идеяны андан ары башка чөлкөмдөр жана өлкөлөр үчүн да колдонууну көздөйт.


Тажикстан согушка катышкан жарандарын жазалайт

Бирок бул Кыргызстандын гана эмес, жалпы Борбор Азия мамлекеттерине таандык көйгөй. Ушул жумада Тажик парламенти Кылмыш-жаза кодексине жаңы берене киргизди, ага ылайык чет өлкөдө куралдуу жаңжалдарга катышкандар кылмыш жазасына тартылмакчы. Эгер тажик жарандары башка өлкөлөрдөгү куралдуу топторго аралашса, алар ошол согушкан өлкөлөрдөгү мындай кылмыштар үчүн чегерилген жазага тартылат. Тажик парламентинин депутаты, Коргонуу жана коопсуздук комитетинин төрагасы Амиркул Азимов “Азаттыктын” тажик кызматына буларды билдирди:

- Тажикстандын Кылмыш-жаза кодексине киргизилген толуктоолор менен өзгөртүүлөр абдан маанилүү. Учурда Сириядагы согушта сириялыктар гана эмес, террористтик топтор менен байланышкан башка өлкөлөрдүн жарандары да согушууда. Алар Сириядагы согушта эбегейсиз роль ойноп жатат. Андыктан жаңы мыйзам - тажик жарандарын башка өлкөлөрдөгү согуштук жаңжалдарга катышуусун алдын ала токтотууну көздөйт.


Тажикстандын укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, 4 тажик жараны Сириядагы согушта каза тапкан. Ал эми Кыргызстандын расмий органдары Сирияда 6 кыргыз каза тапканын билдирген.

XS
SM
MD
LG