Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу башталды


Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек.
Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек.

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерди кабыл алуу 1-майдан тартып башталганын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, документтерди кабыл алуу онлайн түрүндө 30-майга чейин жүрөт.

"Эл үмүтү" стипендиясын алуу үчүн магистратурага 40 жашка, докторантурага 45 жашка чейинки Кыргызстандын жарандары талапкер боло алышат.

Былтыр бул стипендияны 17 жаран утуп алган. Алардын 2023-2024-окуу жылында дүйнөдөгү 100 эң мыкты университетке кирген окуу жайларда окуп, магистр жана доктор даражасын алуусу үчүн президенттик фонддон 60 миллион сомдой каражат бөлүнгөнү кабарланган. 2022-жылы аталган стипендияны утуп алган тогуз кыргызстандыкка президенттик фонддон 30 млн сом берилген.

Бул стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Акчанын көлөмү тандалып алынган университетке жараша аныкталары жана жыл сайын 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Документке ылайык, техникалык жана инженердик багыттарга артыкчылык берилет. Экономика жана гуманитардык адистиктер боюнча да тапшырса болот.

Илимдин доктору даражасы наамын алууга өзүнчө он стипендия бөлүнөт.

“Эл үмүтү” аттуу эл аралык стипендиялардын жаңы программасын ачуу тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров 2022-жылы 10-майда кол койгон.

Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер чет өлкөдө университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу.

Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG