Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Ташкентте кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланат


Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Өзбекстанга учуп кетти. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров 2-3-майда III Ташкент эл аралык инвестициялык форумуна жана Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен жыйынына катышат.

Кыргыз делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн жетекчиси Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев, архитектура, курулуш жана турак жай - коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев, президенттин Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлдөрү Абдикарим Алимбаев менен Абсаттар Сыргабаев, юстиция министринин биринчи орун басары Зарема Аскарова, мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков жана башкалар бар.

Өкмөттүн басма сөз кызматы иш-чаралардын алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалып жатканын кабарлаган.

Мындан тышкары энергетика жана курулуш тармактарында иш жүргүзгөн эл аралык компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү, курулуш объектилеринин башкы пландары менен таанышары күтүлүүдө.

Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйыны былтыр 16-августта Чолпон-Ата шаарында өткөн. Анда 2022-жылдын жыйынтыгы менен өз ара товар жүгүртүүнүн өлчөмү 32 пайызга көбөйүп, рекорддук 1 млрд 260 млн долларга жеткени айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык саясий талаш жаратып келаткан чек ара маселеси такталып, чечилгенден кийин жандана баштады. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG