Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:49

Сирияга кетти делгендердин тагдыры белгисиз


Сирияда согушуп жаткан борбор азиялыктар. (Фейсбуктан алынды)
Сирияда согушуп жаткан борбор азиялыктар. (Фейсбуктан алынды)

Сирияга кетти делген Жалал-Абаддын Сузак районундагы алты тургундун дайын-дареги чыкпай жатат.

Ал арада Кызыл-Кыядан Сирияга барды деп айтылып жаткандардын жетөө кайтып келгени такталды.

Көз жашы көлдөгөн эне

Сирияга кыргызстандыктар да жөнөп жатканы ушул жылы жазда маалым болгон. Августта атайын кызмат Кыргызстанда террор уюштурууга камынып жаткан деген шек менен үч адамды кармаган. Алар Сирияга барып келгени анык болгон.

Сирия, 9-октябрь, 2013-жыл
Сирия, 9-октябрь, 2013-жыл
Сирияда болушу мүмкүн деген сузактык алты баланын бирөө мындан беш-алты ай мурун апасына телефон чалган экен. Уулуна санаасы тынбай, көз жашы кургабаган, атын атабоону өтүнгөн бул аял баласы эки жылдай илгери иш издеп Орусияга кеткенин айтып берди:

- 1991-жылкы балам достору менен кеткен болчу. Бир айдан кийин акча жөнөттү. Андан бери акчасы эмес, өзү да жок. Беш айдай мурун телефон чалган, “мен жакшымын, кыжаалат болбогула, Кудай кааласа барам” деп айткан. Ошондон бери дайыны жок. Узун номер менен чалды. Биз ошол номурга кайра чалсак алган жок. Сузактагы УКМК кызматкерлерине ал номурду жазып бергенбиз. Телефон чалса айтыңыз дешкен эле, балам телефон чалбай жатат. Уулум менен кеткен беш баладан да дайын жок.

Бул үй-бүлөнүн оокат-мүлкүн карап, турмуштары өп-чап экенин байкаса болот. Кичүү баласы Орусияга атасынын айынан кеткен экен. Ошол учурда кырсык басып, атасы киши өлтүрүүгө катышкан деп соттолуп жаткан:

- Жамандыктын артынан жакшылык келер деп отурабыз. Атаң ушундай болуп калды, акча керек десек, болуптур деп Орусияга кеткен эле. Билбейм, балам балким алданып калдыбы... Азыр бир балам эле иштейт, ошонун тапканы менен эле жашап жатабыз.

Күч органдарындагы “Азаттыктын” ишенимдүү булактарынын маалымдашынча, Сирияга кетти деген сузактык алты баланы Орусиядан кайсы бир топтор азгырып, Түркия алып кеткен. Ал жактан Сирияга жөнөткөн.

Кызыл-Кыядан кеткендер кайтып келди

Ал арада ишенимдүү булактар Сирияга кетти деген кызылкыялык жети адам кайтып келгенин тактады. Бирок алар Сирияга барбаганын, Түркияда гана диний билим алып келгени тууралуу көрсөтмө берүүдө. Жазында бул балдардын тууган-туушкандары Сирияга кеткени тууралуу депутаттарга, атайын кызматка арызданган болчу. Текшере келгенде балдар радикал салафизм агымына таандык китептерди окуганы, Дамаскка өкмөтчүл күчтөргө каршы күрөшүп жаткандарды колдогон топтор менен кат алышып-беришкени, Сирияга бара турганы тууралуу айткандары аныкталган. Бул балдардын өздөрү менен байланышууга азырынча мүмкүн болбой жатат.

Ушул жылдын сентябрь айында Ошто Сириядан келди делген кыргызстандык эки, казакстандык бир жаран камакка алынган болчу. Атайын кызмат аларды террордук топ деп атаган жана Эгемендик күнүндө, Шанхай кызматташтык уюмунун саммити учурунда Бишкекте, Ошто теракт жасамак болгону тууралуу шардана кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматынын өкүлү азыр бул иш боюнча тергөө аяктай электигини билдирди:

- Аларга Кылмыш кодексинин үч беренеси боюнча терроризм деген айып тагылган. Тергөө иштери бүткөндөн кийин сотко өткөрүп беребиз. Ушул жылы биз атайын иш-чаралардын негизинде эки жараныбызды Сириядан алып келгенбиз. Алар согушабыз деген максатта кетишкен. Бир топ жарандарга тиешелүү профилактикалык иштер жүргүзүлүп, жергиликтүү бийлик менен чогуу аракет кылып жатабыз. Канча адам Сирияга кеткени тууралуу так маалымат айтыш кыйын. Анткени жарандарыбыз Сирияга түз кетпей, транзит өлкөлөрдү колдонуп жатат. Ушундан улам эсепке алуу татаал болуп жатат.

Өткөн айдын этегинде Кызыл-Кыядан Сирияга согушка кетти деп айтылган балдардын бири каза болгондугу кабарланган. Бирок бул маалымат деле расмий тастыкталган эмес эле.

XS
SM
MD
LG