Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:21

Террорчу делгендердин иши сотко өттү


5-январда Беш-Күнгөй айылынын жанындагы атайын операция болгон жер. Сүрөт 2011-жылдын 6-январында тартылган.
5-январда Беш-Күнгөй айылынын жанындагы атайын операция болгон жер. Сүрөт 2011-жылдын 6-январында тартылган.

Кыргызстандагы бир топ террорчул иштерге катышы бар деп шектелген “Жайшул-Махди” уюмунун мүчөлөрүнүн иши сотко өткөрүлгөнүн УКМК билдирди.

Аталган уюмдун мүчөлөрүнө Бишкек шаарында жардырууларды уюштурган, күч органдарынын кызматкерлерине кол салган деген бир нече айыптар коюлууда.

Атайын кызматтын койгон айыптары

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын 15-апрелде тараткан маалыматы боюнча, “Жайшул-Махди” уюмунун мүчөлөрүнө 2010-жылдын 9-сентябрында Бишкек шаарында жайгашкан Синагоганын короосунда, ал эми 30-ноябрда Спорт ордосунун жанында жардыруу уюштурган деген айыптар коюлууда. Ошондой эле, 2010-жылдын 24-декбарында Сокулук айылында жашаган АКШнын жараны Нортондун үйүнө кол салышып, автоунаасын урдаган жана ага жасалма жардыргыч затын орнотуп, автоунааны эртеси Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын алдына таштап кетишкен деп күнөөлөнүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышуу бөлүмүнүнүн башчысы Рысбек Быкын уулунун билдиришинче, уюмдун мүчөлөрүнө күч кызматкерлерине кол салган деген айыптар да коюлууда.

- 2011-жылдын 4-январында болжолу саат 20:30 дар чамасында Бишкек шаарындагы 8-кичи райондун номур сегизинчи үйүндө Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Жээнбековду, Сулаймановду жана Исмановду өлтүрүшкөн. 2011-жылдын 5-январында укук коргооо органдары тарабынан Беш-Күңгөй айылында аларды кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда ачык куралдуу каршылык көрсөткөн. Бул куралдуу кагылышта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкери Жеңишбек Бабараимов курман болгон.

Күдүк суроолор

Айыпталып жаткандардын бири Бакыт Кенжегуловдун келинчеги Индира Алканованын айтымында, анын жолдошу 2005-жылдан тарта Социал-демократтар партиясынын мүчөсү. 7-апрелде да, Ош окуясында да бийликке колдорунан келишинче көмөк көрсөткөн экен. “Ошондо деле намаз окуп, динге берилип жүрчү” дейт келинчеги. Ал күйөөсү анан кандайча кийин террорчу деп шектелип калгандагына түшүнө албай жаткандыгын белгиледи.

- 7-апрелде балдар курман болушпады беле. Ошондо балдарды ташып, жардам кылышкан. Ошко да мыйзамдуу негизде мандат менен барган болчу.

Индира Алканова жолдошунун күнөөсүз экенин, эми соттун чечимин күтүшөрүн кошумчалады.

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиеванын оюнча, террорчулук кылды деп шектелип жаткан балдарга кысым-басымдар болгондугу боюнча маалыматтар жана жалпы эле бул иште бир топ суроо туудурган жагдайлар бар.

- Ар бир балага 40-45 тен берене илиптир. Бул тарыхта болбогон нерсе. Мисалы, Эдил Абдрахмановго 39 берене илиптир.

“Жайшул-Махди” эмне болгон уюм?

Байкоочулардын көпчүлүгү “Жайшул-Махди” уюму мурда Кыргызстанда жана башка өлкөлөрдө белгисиз болуп келгендигин айтышууда. Андыктан, бул Кыргызстандын шартында жана кыртышында пайда болгон жаңы террордук уюм болсо керек деп божомол кылгандар да бар.

Москвадагы Эл аралык байланыштар мамлекеттик институнун аспиранты, экстремизм боюнча адис Аман Самаков “Жайшул-Махдинин” максаттары, буга чейин террористтик аракеттерге катыштыгы боюнча маалыматтар жок экендигин белгилөөдө.

-“Жайшул-Махди” деген уюм өтө деле белгилүү эмес экен. Мисалы, “Хизб-ут Тахрир” Россияда жана башка жактарга белгилүү. Ал эми “Жайшул-Махдинин” аты деле чыккан эмес .

Айыпталып жаткандардын ичинен учурда он адам Улуттук коопсуздук кызматынын убактылуу абагында кармалып турат. Ал эми эки адам 5-январда укук коргоо органдары тарабынан Бишкектин түштүгүндөгү Беш-Күнгөй айылына жакын жерде жүргүзүлгөн атайын операцияда жок кылынган. Ошондой эле дагы үчөөсү издөөдө экендиги айтылууда. “Жайшул-Махди” уюмунун иши жакында Биринчи райондук сотунда каралып башталмакчы.

XS
SM
MD
LG