Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Атайын коопсуздук чарасынан кийин үйсүз калган Топозовдор


Майрамбек Топозовдун үй-бүлөсү, 7-февраль, 2011-жыл.
Майрамбек Топозовдун үй-бүлөсү, 7-февраль, 2011-жыл.

Быйыл 5-январда Бишкектен жогору тоо төштө куралдуу топту кармоо боюнча атайын коопсуздук чарасы өткөнү маалым. Операция учурунда бир үй өрттөнүп кеткен, ошол үйдө кароолчу Майрамбек Топозовдун оокат-кечеси, анын үй-бүлөсүнө тиешелүү бардык документтер күйүп жок болгон. Азыр Топозовдордун үй-бүлөсү төрт баласы менен ар кайсы жерде баш калкалоодо.

Чоң короодо ээн-эркин ары-бери чуркап, жашынмак ойногонду жакшы көргөн Адилет эми атасы, апасы, төрт бир тууганы менен Токмоктогу таежесинин бир бөлмөлүү батиринде тыгылып баш калкалап жаткан кези.

Адилеттин апасы Салтанат Жунусова чебер тикмечи экен.

Айылдаштары ага турмуш курган кыздарына сеп заказ берип, бала-чаканы бакканга акча тапчу.

Эми үйүнөн да, кичинекей бизнесинен да кол жууп, заманасы куурулуп жатканы.

Майрамбек Топозовдун аялы жана уулу Адилет
2011-жылдын 5-январында куралдуу адамдарды кармоо чарасы маалында үйдө сакталган үч сепке жетерлик кебез, кездемелер күйүп кеткен.

"Кардарлардан алдын-ала акча алгам, эми аларды кантип кайтарам" деп Салтанат Жунусова кейип отурат.

- Элдин заказдарын алып иштетчүбүз. Ошол заказдарым күйүп кетти. Акчаларын алып койгом.

Эми "качан бүтүрүп бересиң" деп сурап атышат. Биз өзүбүз эч нерсебиз жок отурсак каяктан төлөп беребиз?

Кийим тиккен машинкаларым бар болчу, арендага алган. Ошолордун баары күйүп кетти.

Күйөөм да милициялар сабагандан бери ден соолугу болбой калды. Күнү-түнү башым деп сыздачу болду. Кабыргасы да ооруп жыла албай атат. Иштейин десе же ишке да жарабай калды.

Үйүнөн да, ден соолугунан да ажырады

Топозовдор болсо Арашан айылы туштагы короону Кыргызстандын коопсуздук жоокерлеринин тандалма тобу (спецназ) курчоого алып, жоочулар менен ок атышуу учурунда өз үйүндө болбогонун айтышууда.

Ошол коогалуу күнү үйдүн кожойкеси балдары менен төркүнүнө кеткен экен.

Ал эми Майрамбек айылдаштары менен ичкилик ичип отурганын, кийин террорчуларга тийешеси бар делип, негизсиз камакка алынганын айтып отурду.

Майрамбек Топозов кызы Адинай менен
- Кечинде келип мени сабап, колумду бурап, милиция алып кетти. Түнкү 12-1ге чейин "террорчулар менен байланышың бар" деп сабашты. Электрошок, дубинкалар менен да сабашты.

Эмне кылып гана мени кордогон жок. Кафель полдо оонап жаттым, ошолордун алдында.

Түнүчүндө мал ыргыткандай камап салышты. Анан түнкү үчтөрдө "эй, сен билесиңби үйүңдүн жарылганын" деп айтышты. Мен ал үй меники болбогонун, ал үй энергетика министринин орун басары Нурлан Жороевич Маматовдуку экенин, мен анын кол алдында кароолчу болуп иштегенимди айттым.

Майрамбек "исламчы террорчу" эмес экени билинген соң акыры бошотулуптур.

"Бөөдө ур-токмокко алынганым тууралуу органдарга арыз менен кайрылуудан корктум" дейт ал.

- Мен корктум. Мен милицияларды билем. Канчалаган байкуш балдар милицияга арызданабыз деп запкы жегенин көргөм. Чөнтөгүмө нашаа, героин салып, мени кайра камап салса менин төрт балам кайра талаада калабы? Мен ошон үчүн коркуп барган жокмун эч кимге.

Ден соолугуна залака кеткен Майрамбек "тогуз жылда таап-ташыган мүлкүмдү эми ким кайтарып берет, жоопкерчиликти ким мойнуна алат" деп башы катып отурат.

Майрамбек Топозовдун кызы Бегай
Тартип коргоо органдары өткөргөн коопсуздук чарасынан жөн-жай жарандар жапа чеккенде алардын чыгымдарынын ордун толтуруу жагы мыйзамда каралганбы?

Бул суроо менен "Азаттык" үналгысынын кабарчысы адвокат Кайрат Загибаевге кайрылды.


Загибаев мырза Жарандык кодексте мындай жобо атайын каралганын баса белгилеп айтты.

Топозовдордун үй-бүлөсүнө юридикалык жана гуманитардык жардам көрсөтүп жаткан укук коргоочу Токтайым Үмөталиева атайын коопсуздук иш-чарасын өткөргөн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мүлк доосуна жооп берүүгө тийиш деп эсептейт.

- Бүт жоопкерчилик азыр куралдуу күчтөрдүн мойнунда болот. Биринчи кезекте генерал Дүйшөбаевдин мойнунда.

Күч органдары жанагы жапа чеккен үй-бүлөнү өз кароосуна алып, алардын материалдык, моралдык чыгымдарын төлөп бериш керек.

УКМКнын атайын операцияны кандай өткөрүш керек, жарандардын мүлкү үчүн кандай жоопкерчилик тартат деген өзүнүн жобосу бар. Атайын фонддору да бар. Ошол фонддору аркылуу жардам бериш керек.


Эми жардам болобу?

Атайын операция, 5-январь, 2011-жыл
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрага орун басары Марат Иманкулов 5-январда уюштурган операциядан карапайым үй-бүлө жапа чегип, көчөдө калганы тууралуу кабары жок экенин, бирок мамлекет сөзсүз колдоо көрсөтүшү керектигин билдирди.


- Жанагындай шартта калып калса алар албетте жардам алыш керек. Аны жалдаган киши Нурлан Маматов да четте калбастан жардам бериш керек. Мен биринчи ушуну тактайын, кандай мүмкүнчүлүгүбүз бар экен, мүмкүнчүлүгүбүз болсо өкмөткө кайрылып көрөбүзбү, иши кылып кызматкерлерибиз менен кеңешип көрөм. Жардам бергенге аракет кылабыз.

Үстүбүздөгү жылы 5-январда Бишкектен жогору тоо этектеги Арашан айылы ченде куралдуу топту кармоо боюнча атайын иш-чара өткөн.

Куралчан эки жоочу жок кылынып, бирөө тирүүлөй колго түшүрүлгөн.

Ок атышуу маалында УКМКнын бир кызматкери октон мерт болгон.

Колго түшүрүлгөн Эдил Абдрахманов аттуу 25 жаштагы жигит абак жайында тергөөгө көрсөтмө берип жатат.

Ал эми коопсуздук чарасынын айынан өрттөлгөн үйдө жашаган бир үй-бүлө азыр ушинтип ар кайсы жерде күн кечирүүдө.

Тасма баян. 5-январдагы коопсуздук чарасы.

Атайын чаранын айынан үйсүз калган Топозовдор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00
Түз линк

XS
SM
MD
LG