Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:35

Күн тартибинде - коопсуздук


Коопсуздук кызматынын Беш-Күңгөй айылындагы атайын операциясы, 5-январь, 2011-жыл
Коопсуздук кызматынын Беш-Күңгөй айылындагы атайын операциясы, 5-январь, 2011-жыл

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева өлкө коопсуздугун сактоо үчүн кечиктирилгис чаралар керек деп билдирди.

Өлкө башчысы бул тууралуу 22-январда Бишкекте өткөн Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында айтты.

Апрель, июнь окуялары, андан соң Бишкекте менен Оштогу жардыруулар жана жардыруу аракеттери, терроризм-экстремизмге байланышкан жагдайлардан улам өлкө коопсуздугу кыл учунда деген сөздөр кийинки кезде көп айтыла баштаган болчу.

Президент Роза Отунбаева өз сөзүндө өлкө коопсуздугуна ичтен жана сырттан келчү негизги коркунучтарды атады. Бишкекте террорчу деп шектелген топту кармоодо тартип коргоо органдарынын төрт кызматкеринин окко учушу көп нерседен кабар берет деп билдирди. Муну эң оболу мамлекеттик саясаттын аксап жатканы менен түшүндүрдү:

- Биринчи кезекте диний экстремизмге каршы иммунитет жок болгонун, биздин саясаттын бул чөйрөдө алсыз экенин, тиешелүү мамлекеттик органдардын салттуу эмес саясий жана диний агымдардын идеологиялык агрессиясына каршы коомдук өнүгүүнүн туура жолун көрсөтүп, тоскоол кыла албагандыгын баяндап турат.

Президент уюшкан кылмыштуулук ички коопсуздук үчүн өтө коркунучтуу болгонун белгилеп, өлкөнүн өнүгүшүн татаалдаштырып жатканын айтты. Р. Отунбаева "уюшкан кылмышкерлерлердин кийинки талабы бийлик болушу ыктымал" деп эскертти.

Президент ички коопсуздук үчүн маанилүү дагы бир жагдай улуттар аралык ынтымак экенин белгиледи:

- Улутчул жана шовинисттик жоопкерчиликсиз жана демагогиялык көз караштар коомду жардан алыс учурат. Элди дүрбүтөт. Жек көрүү жана душман болуу сезимдерин пайда кылат. Мындайды биз башыбыздан өткөрдүк. Улуттук маселелер тынчтык жана өз ара түшүнүү болмоюнча биз сабырдуу, ынтымактуу жана өнүккөн коом кура албайбыз.

Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында президент коррупция маселесине токтолду. Саясий чөйрөдөгү коопсуздукту да эң маанилүү деп атады:

- Кыргызстан элинин биримдигин бузуп жана өлкөдөгү кырдаалды курчутуп жаткан экстремисттик идеялар менен чыккан айрым коомдук биримдиктер жана партиялардын аракеттерине каршы алдын ала тиешелүү чаралар көрүлүүгө тийиш.

Айрым талдоочулар өлкө коопсуздугуна сырттан келчү коркунучту быйылкы президенттик шайлоо менен да байланыштырып жатышат. Былтыр парламенттик шайлоо көрсөткөндөй, айрым мамлекеттердеги саясий-экономикалык кызыкчылыгы бар күчтөрдүн шайлоо процессине аралашуусу коопсуздук жагынан бир топ маселелерди жаратышы ыктымал экенин айтууда.

Жогорку Кеңештин “Ар-намыс” фракциясынын мүчөсү Каныбек Осмоналиев коопсуздукка байланыштуу терс жагдайлар өкмөттүн алсыздыгынан улам болууда деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Кичине бир нерсе болсо эле диний экстремизм деген сөздөр болуп жатат. Эч кандай паникага көңүл бурбашыбыз керек. Менимче баары таза, ак ниет иштеши керек. Биринчи кезекте күч структуралары. ИИМ, УКМК баягыдай ойду-тоону сүйлөбөстөн коопсуздукту сакташ үчүн өз аракеттерин кылышы керек.

Өлкөнүн жаңы Баш мыйзамына ылайык, буга чейин иштеп келген Коопсуздук кеңеши жоюлган болчу.

Президент 22-январда атайын мыйзамдын иштелип чыгышын жана парламентте анын кабыл алышын күтпөй эле, өзүнүн конституциялык укугунан пайдаланып Коргоо кеңешин түзүү, анын курамын жана убактылуу жобосун бекитүү боюнча саясий чечим кабыл алганын билдирди. Муну кечиктирилгис чара катары атады.

Талдоочу Токтогул Какчакеевдин баамында, Коргоо кеңеши эң оболу аскерий маселелер менен алпурушчудай:

- Биринчи ирээтте аскердик жана аскерге таандык, ага ылайыктуу келген иштердин баары тең ушул кеңеш аркылуу жүргүзүлчүдөй болуп турат. Калгандардын баары тең экинчи пландагы нерселер. Менимче бүгүнкү күндө аскердин маселеси кайра жаралып, кайра түзүлүп, аларды кайра куралдантып, кайра машыктырчу жолго түштүк.

Өлкөдөгү соңку жайгдайлардан улам өлкө коопсуздугуна байланыштуу бир топ маселелер жаралган. Жаңы түзүлгөн Коргоо кеңешинин алгачкы жыйынында кабыл алынган чечимдер ал маселелерди кандай чечерин убакыт таразасы аныктар.

XS
SM
MD
LG