Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:57

"Чехияга келгендер баарынан мурда билим алышы керек"


Кыргызстандын Венадагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Саадаткан Даминова.
Кыргызстандын Венадагы элчиси Төлөндү Макеев жана Кыргызстандын Чехиядагы ардактуу консулу Саадаткан Даминова.

3-майда Чехиянын борбору Прага шаарында Кыргызстандын бул өлкөдөгү ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара болуп өттү. Салтанатка элчи Төлөндү Макеев, Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин, бир катар өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышты.

Элчи Төлөндү Макеев "Азаттыкка" учкай маек курду.

- Чехияда Ардактуу консулдуктун ачылышы эки өлкөнүн алакасына жана бул өлкөдө иштеген кыргыз жарандарына канчалык таасирин тийгизет?

- Эл аралык мамилелерди чыңдоо - абдан маанилүү жана зарыл иш. Мисалы, Кыргызстандын Чехиядагы элчилигинин баш кеңсеси Австриянын борбору Венада жайгашкан. Буга бир нече себептер бар. Венада ЕККУ, БУУнун өкүлчүлүктөрү жайгашкан. Биздин элчилик үч өлкөнү - Австрия, Чехия жана Словакияны тейлейт. Ал эми көп тараптуу дипломатиянын өз жарандарыбызга пайдасы чоң. Ошол эле кезде аларга байланыштуу бир топ маселе, суроолор жаралышы мүмкүн. Андыктан Чехиядагы кыргызстандыктардын кызыкчылыгын коргош үчүн биринчи кадам катары ардактуу консулдук ачылды. Ардактуу консул болуп Саадат Даминова дайындалса, Чехиянын Кыргызстандагы консулу болуп Марат Жаанбаев иштеп жатат. Менимче, мындай көрүнүш жалгыз гана Чехияда болсо керек. Экөө тең улуту кыргыз, чех тилинде эркин сүйлөп, бул өлкөнүн мыйзамдарын, маданиятын жакшы билишет.

Бүгүнкү иш-чарага Чехиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү, ошондой эле Түркия, Казакстан, Азербайжан жана башка бир топ өлкөлөрдүн элчиликтеринин өкүлдөрү катышканы да абдан маанилүү болду. Алар да кыргыз-чех мамилесин бекемдеп, алдыга жылдыруу боюнча сунуш-пикирлерин бөлүштү.

Ал эми кыргыз-чех мамилесинин тарыхы терең. Мындан бир кылым илгери "Интергельпо" кооперативи Кыргызстанга келип, биздин өлкөнүн индустриялык өнүгүшүн түптөгөн. Кийинки жылы ушул кооперативдин Кыргызстанга келишинин 100 жылдыгын бир катар иш-чаралар менен белгилейли деп жатабыз.

- Чехия кыргызстандыктарга кандай мүмкүнчүлүк берет?

- Бул өлкөдө жогорку окуу жайлар арбын. Ошол эле бай тарыхы менен белгилүү Карлов университетин мисал келтирсек болот. Менин пикиримде, бул өлкөгө келген кыргыздар биринчи кезекте билим алышы керек.

Чехия - биздин жердештер, жаштар көп кызыккан өлкө. Бул өлкө менен мамилебизди тереңдетүүгө аракет кылып атабыз. Булар менен алака келечектүү жана мүмкүнчүлүгү кенен деп айта алам.

3-майда Прага шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара өттү.
3-майда Прага шаарында Кыргызстандын ардактуу консулунун ишке расмий түрдө киришүүсүнө арналган иш-чара өттү.

- Орусиядагы соңку кырдаал, мигранттарга жасалган мамиледен улам кыргызстандыктардын Европа мамлекеттерине кызыгуусу күчөдү. Ушул тапта Европа өлкөлөрүнө байланышкан миграция саясаты кандай өзгөрүшү керек?

- Орусия - абдан чоң өлкө, ал жактагы биздин жарандардын көбү соода же тейлөө тармагында иштейт. Мен Борбордук жана Батыш Европага - Чехия, Австрия же Германия өңдүү өлкөлөргө биздин жердештер билим алуу максаты менен келсе дейт элем. Анткени бул жерде билим берүүнүн да, интеграциянын да деңгээли такыр башка. Биздин мекендештер мында алган билим, тажрыйбасын кийин Кыргызстанга алып барса эмне үчүн болбосун? Эгер жумуш тууралуу айта турган болсок, алар Европадагы өнүккөн ишканаларда иштегенге мүмкүнчүлүк алышат. Негизги максат ушул. Европа Биримдигиндеги өлкөлөр кара жумушту тандагандар үчүн эмес, билим алып, тажрыйба топтогусу келгендер үчүн ылайыктуу. Атайын алыстан келип, кара жумуш менен гана акча табам деген жаңылыштык болот. Бул өлкөлөрдөн үйрөнгүдөй пайдалуу нерселер көп. Анын баары Кыргызстанда керек болот.

Кыргызстандын Чехиядагы элчиси Австрия, жана Словакия өлкөлөрүндө да элчилик кызматтарды катар аткарат. Элчиликтин баш кеңсеси учурда Австриянын борбор шаары Венада жайгашкан.
Чехияда расмий каттоодон өткөн 1785 кыргызстандык бар, бирок бейрасмий эсептегенде 4 миңге жакын, анын 400ү студенттер.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG