Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

Шаштыны алган кол салуу жана милиция шалаакылыгы


Үч милиция кызматкери ушул үйдүн бир батиринде кол салууга кабылган.
Үч милиция кызматкери ушул үйдүн бир батиринде кол салууга кабылган.

Ички иштер министрлиги үч милиция кызматкеринин өмүрүнө кол салуу окуясы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, шалаакылыкка жол берген айрым жетекчилерди жумуштан четтетти.

Кичинекей куралдуу топтун каршылыгынын мизин кайтаруудагы күч түзүмдөрүнүн аракеттери коомчулукта сынга алынууда.

Капылет кол салууга кандайча жол берилди?

Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында куралдуу кылмышкерлердин кол салуусуна кабылган милициянын аймактык тескөөчүлөрү алар жашаган батирге өздүк куралдары жок текшерүүгө кирип баргандыгы аныкталган. Кол алдындагылардын ишин мыйзам чегинде уюштура алышпагандыгы үчүн Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги толугу менен кызматтынан четтетилди.

Ички иштер министрлигинин өздүк коопсуздук кызматынын жетекчиси Айтмамат Рахманов аталган жетекчилердин ишине укуктук баа бериле тургандыгын кошумчалады:

- Мына ушуга байланыштуу тиешелүү чара көрүп, көзөмөл жүргүзбөгөндүктөрү үчүн андагы ички иштер бөлүмүнүн башчысы, орун басарларынан баш кылып бир катар жооптуу кызмат адамдарын жумуштарынан бошоттук. Алардын кызмат тартибин одоно бузган учурлары боюнча материалдар топтолуп башкы тергөө башкармалыгына жөнөтүлдү. Азырынча көп жагдайлар тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу ачык айтылбайт.
Куралчан топко каршы операциядан кийин, 6-январь

Капыстан кол салып, качкан куралдуу топту зыянсыздандыруу учурунда алардын бири колго түшүп, калган экөө жок кылынган.

Ички иштер органдарынын өкүлдөрү куралдуу каршылык көрсөткөндөрдүн өздүгү аныкталгандыгын кошумчалашты.

Ички иштер министринин орун басары Кашкарбек Жунушалиев террорчу деп эсептелген кылмыштуу топту кармоо боюнча атайын иш-чараны бир катар өксүктөргө карабастан ийгиликтүү жыйынтыкталды деп эсептейт:

- Атайын иш чара ийгиликтүү өтүп, изи сууй электе кылмышкерлер табылып, бирөө кармалып, катуу каршылык кылгандары жеринде жок кылынды. Ушундай кыйынчылык шартта материалдык-техникалык абалыбыздын начардыгына карабастан көрүлгөн чаралар оң жыйынтыктарды берди.

Жемкордук күчөгөн мамлекетте коопсуздук да бошоң

Ошол эле учурда талдоочулар төртүнчү жана бешинчи январдагы ал окуялар күч түзүмдөрүндөгү өздүк коопсуздукту жөнгө салуу чараларынын начардыгын көрсөтүп койду деп мүнөздөштү.

Бул иште ички иштер органдарынын жетекчилиги өздөрүнүн жоопкерчилигин кароодон мурун кичи жана ортоңку деңгээлдеги жетекчилерди жазалоо менен чектелип жаткандыгын сындагандар да аз эмес.

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязов жемкордугу күчөгөн мамлекеттин коопсуздугу да бошоң болот деген ойдо:
Куралчан топко каршы операциядан кийин, 5-январь

- Коррупцияга малынган мамлекетте мындай күчтөргө каршы туруп бере албагандыгынын бир белгиси ушунда.

Анткени ошол эле күч түзүмдөрүндө иштегендердин сатылгандыгы, шалаакылыгы жана кайдыгерлиги себеп болуп олтурат.

Мамлекеттик кызыкчылыктан мурун тынчтыкты бузууга кызыкдар тараптардын буюртмасын аткарууга шашкандар аз эмес. Мына ошондой абалда жыйырма-отуз эмес беш алты куралчан топ деле биздей алсыз мамлекеттин шаштысын алып койот.


4-январь күнү үч милиция кызматкерине кол салган кылмыштуу топ шаардын четиндеги Беш-Күңгөй айылына качып барып жашырынган. Куралчандарды зыянсыздандыруу учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын “Альфа” тобунун дагы бир кызматкери окко учкан.

Кашкарбек Жунушалиев куралчандардын уюшкан кайсы бир террористтик уюмга же болбоосо жөнөкөй эле уюмдашкан кылмыштуу топко катышы бар экендигин так ачыктаган жок:

- Бул адамдар кайсы террористтик уюмга таандык болгондугун иликтөө иштери көрсөтөт. Мен азырынча бул боюнча эч нерсе айта албайм. Бирок алардын атайын даярдыктан өтүшүп, куралдуу топ катары уюшкандыгы көрүнүп эле турат.

Анткен менен талдоочулар куралдуу топтун террористтик же экстремисттик уюмдарга тиешеси болушунан күмөн санашат. Ошол эле учурда аталган куралчандар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн экендигин жокко
чыгарышпайт.

Тасмада: куралчан топко каршы 5-январдагы операция

Беш-Күнгөй айылында террорго каршы чара өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:13 0:00

XS
SM
MD
LG