Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:30

Ажылыктын алык-салык чатагы


Борбордук мечиттин алдындагы үкөккө битир-садака таштап жаткандар. Бишкеке, 17-август, 2012.
Борбордук мечиттин алдындагы үкөккө битир-садака таштап жаткандар. Бишкеке, 17-август, 2012.

УКМК былтыркы ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деген негизде муфтиятка кылмыш ишин козгоду.

Муфтияттан болсо диний башкармалык киреше табуучу ишкана болбогондуктан салык төлөөгө милдеттендирүү мыйзамсыз экенин билдирүүдө. Ушундай эле кылмыш иши 2011-жылдагы ажылык боюнча да козголуп, ал иш алигиче соңуна чыга элек.

Муфтият киреше табуучу мекеме эмес

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин билдиришинче, Кыргызстан мусулмандар диний башкармалыгы 2012-жылы ажылыктан түшкөн кирешеден салыкты жана милдеттүү кепилдик төлөмдөрдү төлөгөн эмес. Мунун айынан Социалдык фондго 5,5 миллион сомдой, Мамлекеттик салык кызматына 5 миллиондон ашуун сом түшпөй калган. УКМК ушул жагдайды эске алып, өткөн аптада Кылмыш кодексинин 213-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

УКМК да, Салык кызматы да текшерүүлөр азыр да жүрүп жатканын айтып, кененирээк маалымат берүүдөн баш тартышты.

Муфтияттын иш башкармалыгынын жетекчиси Жумалы Олжонов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, муфтиятка коюлган дооматтарды четке какты:

- Жогорку Кеңеш жакында ажылык иштерине салык салынбайт деген токтом чыгарып берген. Салык кызматы кирешеден салык төлөгүлө деп кетти. Негизи бул туура эмес. Биз мыйзамдуу түрдө сотко кайрылдык. Кээ бир арыздардын негизинде акыркы үч жылдагы эсептик кагаздарды текшерип кетишти. Ал жерде каякка кеткени баары көрүнүп турат. Болгону бизге ажылыктан акча түшөт. Анын негизги бөлүгү кайра эле ажылыкты уюштурууга, өзүбүздүн медреселерге жардам катары - көмүр, курулуш иштерине берилет.

Бул кылмыш иштин алкагында Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын эсебиндеги 14 млн. сом былтыр эле камакка алынган. Муфтияттын юристи Даниэл Жаркеев диний башкармалык киреше табуучу ишкана эместигин, андыктан салык төлөөгө милдеттендирүү мыйзамсыз экенин билдирүүдө. Дал ушундай эле кылмыш иши 2011-жылдагы ажылык боюнча Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турган учурда да козголгон.

Жаркеев УКМКнын жаңы козголгон кылмыш иши боюнча муфтиятка маалымат бериле электигин айтат:

- Бул козголгон иш боюнча маалымат бере албайм. Анткени расмий түрдө муфтийге же орун басарларына тишелүү органдардан келип эскерткен эмес. Салык кодекси боюнча салык төлөш үчүн биз ишкерлик кылып, киреше көрүшүбүз керек эле. Бул мусулмандардын муфтиятка, казыяттарга берген кайрымдуулук иштерине иштеткиле деп берген акчасы. Менчигибизде болгон акчаны бизнеске салып, пайдасын көрсөк салык төлөйт болчубуз. Бул жерде түшүнүксүз болуп калган.

Ачыктык болсо...

Негизи муфтият киреше-чыгашасын ажылыкты уюштуруудан түшкөн каражат менен жабат. Ажылыкты уюштуруудан түшкөн каражат муфтияттын өзүн каржылоого, мечит, медреселерге, кайрымдуулук иштерине, китеп чыгаруу жана аймактарды кыдырып, элди ынтымакка чакыруу сыяктуу иштерге жумшалат.

Дин таануучу Бакыт Мырзараимов мына ушундай каражаттын эсебин текшерүүдөн мурда эле ачык жарыяланышы керек деп эсептейт:

- Кайрымдуулук жолу менен келген акча кайра эле кайрымдуулукка жумшалыш керек. Анын бир эле жолу бар. Эгер аны өз ишине пайдаланып, чөнтөгүнө кете турган болсо аны ачыкка чыгарып, тергеп алганы жакшы эле болот. Муфтият "Дордойго" окшогон базар, же киреше борбору эмес. Ажылыкта чоң акча айланат. Анын отчетун коомчулук алышы керек. Отчет бер дегенге чейин эле муфтият өзү каражат кайда кеткенин ачык айтышы керек.

Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруу жыл сайын ушундай талаш-тартыш окуялар менен коштолуп келет. Акчаны кымырып алган жагдайлар да айтылган. Мисалы, 2010-жылы ажылык сапарды уюштурууда бери эле дегенде 4-5 миллион доллардын дареги белгисиз бойдон калган.

Ажылык сапарды уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди иликтеп аткан депутаттык комиссиянын мүчөлөрү учурунда буга бийликтин бийик сересиндеги үлкөн төбөлдөрдүн да тиешеси бар экенин айтып чыккан эле.

XS
SM
MD
LG