Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:53

Биз билбеген Роза Отунбаева


Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров, 2011-жыл
Президенттин басма сөз катчысы Султан Каназаров, 2011-жыл

Султан Каназаров бир жарым жыл президент Роза Отунбаеванын басма сөз катчысы болуп иштеди. Ал өлкө жетекчисин “үнөмдүү жана күч-кубаттуу президент” деп баалайт. Султан мырза Отунбаеванын эл билбеген мүнөз, жоруктарын “Азаттык” менен бөлүштү.


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:




"Азаттык": Сиз азыр эле президенттин жанынан келдиңиз.
Роза Отунбаеванын маанайы кандай, эмне менен алек?


Президент менен маалымат катчынын иши учакта дагы токтобойт.
Президент менен маалымат катчынын иши учакта дагы токтобойт.
Султан Каназаров: Маанайы абдан жакшы. Роза Отунбаева бир аптадан бери түнкү саат бирге чейин иштеп, буга чейин келген каттар жоопсуз калбасын деп, ар бирине жооп жазып чыкты. Убакыт талап кылган, күйбөй турган кагаз каттар ушунчалык көп эле.

Акыркы бир айда Отунбаевага кирем деп кабылдамага жазылган адамдардын саны өтө көп болду. Азырга чейин кезекте турушат. Алардын баары “Отунбаева президент болуп турганда рахмат деп айтып койолу” дегендер.

Кечээ Отунбаеваны катуу сындап жүргөн кишилер бүгүн келип, "президентке рахмат айтып койолу" деп ага жолугууга аракет жасап жатышат. "2 мүнөт, 1 мүнөткө эле кирип, ыраазычылык билдирип, колун кысып койолу" дешүүдө. Алардын баары Роза Отунбаеванын бийликке тырышпаганын баалашууда.


Мектеп окуучулары президенттин иш бөлмөсүндө экскурсияда (С.Каназаров оңдо)
Мектеп окуучулары президенттин иш бөлмөсүндө экскурсияда (С.Каназаров оңдо)

Мен белгилеп өтөйүн, азыр президенттин кабылдамасына кирсеңиз гүл жыйылып калган. Куттуктагандарга кезек жетпей турат. Отунбаевага келген бардык гүлдөр төрөт үйлөрүнө кетет. Жаңы төрөгөн аялдарга президент Роза Отунбаеванын атынан деп ар дайым гүл жеткирип, куттук айтып турушат.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG