Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Март, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Отунбаева: Эл алдында абийирим таза


Президент Роза Отунбаева, 30-ноябрь, 2011-жыл.
Президент Роза Отунбаева, 30-ноябрь, 2011-жыл.

30-ноябрда президент Роза Отунбаева Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясында сөз сүйлөп, өзүнө жүктөлгөн милдеттердин өтөөсүнө чыкканын айтып, былтыркы кан төгүүлөргө жол берилгени үчүн калктан кечирим сурады.

Ошондой эле жаңы президент менен парламентти апрель окуясынан кийин башталган реформаларды акырына чейин чыгарууга үндөдү. Депутаттардын басымдуу бөлүгү Роза Отунбаеванын президенттик ишмердигине жогору баа беришкени менен, президенттик мөөнөт ичиндеги алешемдиктерге көңүл бургандар да болду.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өз ыктыяры менен бийликти өткөрүп жаткан президент Роза Отунбаеваны парламентте кол чабуулар менен тосуп алышты.

Жыйынга депутаттар гана эмес, өкмөт мүчөлөрү, коомдук ишмерлер да катышып, анда Роза Отунбаева өткөөл мезгилдин президенти болуп турган бир жыл сегиз ай ичиндеги Кыргызстандагы өзгөрүүлөрдүн күңгөй-тескейине кайрылды.

Президент, апрель окуясы жана референдум жүктөгөн миссиянын өтөөсүнө чыкканын белгилеп, былтыр Кыргызстанда болуп өткөн кан төгүүлөр үчүн калктан дагы бир жолу кечирим сурады:

Спикер Ахматбек Келдибеков президент Роза Отунбаевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
Спикер Ахматбек Келдибеков президент Роза Отунбаевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды.
- Мен өз милдетимди так аткардым деген сезим менен бардык жоопкерчиликти жана үмүттү мыйзамдуу шайланган парламент менен президентке артып кетип жатам.

Мен Кыргызстан элинин баатырлыгына жана көсөмдүгүнө таазим кылып, кан төгүүнү болтурбай токтотуп кала албаганым үчүн кайгыруу сезими менен дагы бир жолу кечирим сурайм!

Ошол эле мезгилде өлкөнүн бүтүндүгү жана элибиздин биримдиги сакталып калганы үчүн сыймыктанам! Мен өз күчүм жеткен иштерди турмушка ашырдым. Эл алдында абийирим таза. Калганын тарых таразалайт.


Өз сөзүндө Роза Отунбаева Кыргызстан артка кайтпас чектен өткөнүн айтып, парламенттик башкаруу системасы туура жол экенин белгиледи. Жаңы саясий системанын туруктуу иштеп, жаңы саясий маданияттын калыптанышы үчүн 2020-жылга чейин Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизбөөгө чакырды.

Ошондой эле Отунбаева кийинки президенттер мыйзамды так аткарып, ыйгарым укуктары бүткөндө элге татыктуу президентти тандоого мүмкүнчүлүк бериши керектигин кошумчалады.

Кеминде кырк мүнөткө созулган кайрылуусунда Роза Отунбаева апрель окуясынан кийин башталган иштерди акырына чейин чыгарууга, өзгөчө сот реформасын улантууга үндөдү. Буга чейин президент аппараты менен парламент депутаттарынын ортосунда Сотторду тандоо кеңешине байланыштуу кайчы пикирлер орун алып келген эле:

- Биз Сотторду тандоо боюнча кеңешинин курамын жаңылоо, Кыргыз Республикасынын бардык сотторуна талапкерлерди сынактан өткөрүү процессин улантуубуз керек. Толук кандуу сот-укук реформасын жүргүзүү үчүн көп убакыт, айрым адистердин пикири боюнча бир топ жыл талап кылынат. Өткөөл мезгилдин президенти катары менде анча убакыт болгон жок. Бирок мен бул маселенин келечекте оң чечилишине чоң үмүт артам.

Президенттин кайрылуусу аяктагандан кийин жыйынга катышкандар бир саамга дейре кол чаап, Роза Отунбаевага роза гүлүн берип жатышты. Соңунда президент айым Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Өз сөзүндө Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков Кыргызстан үчүн кыйчалыш кезеңде Роза Отунбаеванын иши бардык саясатчылар үчүн үлгү болгонун белгиледи:

- Биз өлкө турмушундагы Баш мыйзам боюнча жалпы элдик добуш берүү, парламенттик шайлоо, президенттик шайлоо сындуу өтө орчун саясий өнөктүктөр сынагынан ийгиликтүү өтө алдык. Албетте мында Сиздин кошкон салымыңыз зор. Эми муну эч ким деле таналбас.

Былтыркы апрель окуясынан кийин Убактылуу өкмөттү жетектеп, референдумдан кийин өткөөл мезгилдин президенти болгон Роза Отунбаевага парламенттин дээрлик бардык депутаттары жылуу пикирлерин билдиришти. Өзгөчө айым депутаттар Отунбаеванын демократиянын түптөлүшүндөгү салымын белгилешти.

Бирок коомдук ишмер, парламенттин бир нече жолку спикери Абдыганы Эркебаев Роза Отунбаева бир катар реформаларды соңуна чыгара албай калганын, кадр маселесинде алешемдиктер кеткенин белгиледи. Ал эми депутат Токон Мамытов президент июнь коогалаңынан улам чыныгы бааны ала албай калганын билдирди:

- 2010-жылдагы июнь окуясы болбосо Убактылуу өкмөткө, анын ичинде Роза Исаковнага аябай жогору баа берсе болот эле. Кан төкпөй, биринчи жолу үй-бүлөлүк башкарууну кулатып, бийликте иштеп, өлкөнү, тынчтыкты сактап калды, референдумду өткөрүп, бийликти тынч өткөрүп берди деп. Бир эле июнь окуясы болбосо...

Ошентсе да Роза Отунбаева менен ийиндеш жүрүп, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болгон Темир Сариев, Кыргызстанда бийликтин тынч жол менен алмашканынын өзүн негизги жетишкендик катары баалады:

- Президент парламентке келип, депутаттарга, элге кайрылуу жасады. “Мен кетип жатам. Эртең менин мөөнөтүм токтойт. Жаңы президентке өткөрүп берип жатам”,-деди. Ушунун өзү эле биздин кошуна мамлекеттерге, дүйнөгө аябай чоң таасирин тийгизет. Биз өзүбүздү баалабай жатабыз. Анткени биздин кылган иш бир гана Кыргызстан эмес, дүйнөлүк саясатка тиешеси бар.

Ошентип Кыргызстан былтыркы апрель окуясынан кийинки өткөөл мезгил соңуна чыгып баратат. Эртең Роза Отунбаева жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаевге бийликти өткөрүп бермекчи.

XS
SM
MD
LG