Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 08:28

Саясат

Отунбаева Борбор Азиядагы саясий салтты бузду

Чет элдик эксперт, журналисттер Борбор Азиядагы алгачкы аял президент Роза Отунбаеванын ишмердигине түрдүү баасын беришет.

Текст көлөмү - +
"Азаттык": Роза Отунбаева өз өлкөсүндө, Кыргызстанда түрдүү сын пикир, ачуу чындык, андан да ачуу оозеки чабуулга туш болуп, өйдө-төмөн сөздү сабырдуулук менен көтөрүп келатат. Мактап-жактап, “Эл баатыры” кылалы дегендер да жок эмес. Алыста туруп алып караганда кирди-чыкты эмоция азыраак болобу деген ойдон биз чет элдик эксперт, журналист, саясатчыларга микрофон сундук. Алгач Орусиядагы “Московские новости” гезитинин серепчиси, Борбор Азия саясаты боюнча таанымал эксперт  Аркадий Дубновдун пикири:

- Менин айтканымды жалпы баа десек да болоттур. Роза Отунбаева - өткөөл мезгилде кыска убакыт иштеген президент болсо да, Кыргызстанда, жалпы Борбор Азияда, атүгүл бүткүл постсоветтик аймакта (Балтика боюндагы үч өлкөнү кошпогондо) өзгөчө бир ролду аткара алды. Биринчиден, ал аял. Экинчиден, кайсы бир кланга кирбеген кандайдыр бир интеллектуалдык, нравалык, ыймандуулук белгилерин көрсөтө алды. Кыргызстан үчүн өтө оор мезгилде жоопкерчиликти өзүнө алган адам болду. Өксүк жактарын айтсак, тилекке каршы, Отунбаева өлкө тарыхына “темир айым” катары кире алган жок.  Кыргызстандын шартында андай болуу да мүмкүн эместир. Күчтүү, өзүнө ишенген, алчы-таасын жеген эркек саясатчылар арасында андай болуу абдан кыйын.

“Темир айым” болбой эле койгону да туура болгондур, анткени Кыргызстандын элине ошол тапта гумандуулук, мээримдүүлүк, сабырдуулук, чыдамдуулук аябай зарыл болуп турган. Кандай дегенибиз менен, Отунбаева Кыргызстанда үй бүлөсүн, жакындарын бийликке жолотпой, башкача иштесе болоорун көргөздү. Ал эле эмес, тактыда көзү өткөнчө отура бербей кетсе болоорун далилдеди. Жеке өзүм Отунбаева кызматын биротоло тапшыра электе түрмөдө отурган Азимжан Аскаровдун сот өкүмүнө ырайымдуулук кылып, аны бошотконго салым кошсо болмок деп ойлогом. Бирок ал сот иши аягына чыга электе кийлигишкен туура болбойт деп ойлоду окшойт.

Дагы бир тилегим – элге соңку ирет кайрылганда былтыркы коогалуу окуялар үчүн өзү ал кезде башкарган өкмөттүн атынан дагы бир жолу кечирим сурап койсо туура болмок деп ойлойм. Орусияда, маселен, азыркы саясатчыларда элдин астындагы жоопкерчиликти сезүү таптакыр байкалбайт. Кыргызстан көп жагынан башкаларга караганда алдыга кетти, элдин саясий аң-сезими аябагандай өстү. 

"Азаттык": Роза Отунбаева – Кыргызстанда гана эмес, жалпы Борбор Азияда алгачкы аял президент болгону белгилүү. Андыктан анын мамлекеттеги башкы кызматты кандай аткарганына коңшулаш өлкөлөрдөгү аял саясатчы, журналисттер тынчсыздануу менен көз салып турушту. Ооганстан парламентинин депутаты Шөкүрия Баракзай кыргыз президенти Отунбаева жалпы чөлкөмдөгү туруктуулук, бакубат жашоого келечекте дагы салым кошо алат деп ишенет:

​​- Аялдардын саясий чечим кабыл алчу деңгээлге жетиши -  глобалдык алкактагы өтө маанилүү көрүнүш. Ошондой эле бул өлкө жана коом үчүн дагы аялдардын ролун көтөрүүдө абдан маанилүү. Роза Отунбаева өлкө өтө кыйын кезеңде, адамдар жардамга муктаж болуп, келечек бүдөмүк кырдаалда турганда президенттикке бел байлаганы кандай татаал болгонун түшүнөм. Ал бийликке келгенде балким тийиштүү зарыл болгон колдоону алган эмес чыгаар. Бул тилекке каршы аялдар бийликке келгенде биз тарапта боло жүрчү, аялдардын ишмердүүлүгүнө бөгөт койгон тоскоолдук.   


​​​​Мен келечекте Роза Отунбаеваны бейкуттукту жаратуучу жана коргоочу катары өтө позитивдүү өңүттө  көргүм келет. Ал өз өлкөсүндө жана жалпы эле аймакта  тынчтыкты, туруктуулукту камсыздай турган иштерди аткаруусун тилейм. 

"Азаттык": Тажикстандык белгилүү журналист Сожида Мирзо да Кыргызстанда гана эмес, жалпы эле чөлкөмдө аял саясатчылардын жолу оңой эмес экенине көңүл бурат.

- Роза Отунбаева – Борбор Азияда калыптанган адаттан, салттан тышкаркы таптакыр башкача саясатчы. Ушул аял келип, биздеги катып калган темирдей салттарды бузуп атат десек болот. Карап көрүңүзчү, чөлкөмдөгү бардык өлкөлөрдө 20 жылдан бери бийликти басып алган кишилер олтурат. Роза Отунбаева – бийликтен кетсең өлүп калбайсың деп баарына көзгө сая көргөзүп атат. Керек болсо, Отунбаева өзүнүн саясий карьерасын Кыргызстандагы стабилдүүлүк, демократиялык өнүгүү үчүн садагага чапты. Ушул бир жыл сегиз ай эле иштеп берейин деп баарына макул болду. Эркектердин сөзү, укугу, бийлиги үстөмдүк кылган биздин коомдо аял кишиге президент, дегеле саясатчы болуу оңой эмес. Роза Отунбаева – дасыккан дипломат, элчи, ал Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеши керек деп үмүттөнөм. Кыргыз эли Отунбаеванын тажрыйбасын, мыкты сапаттарын дагы пайдаланып, таланттуу кызынын эмгегин жерге калтырбашы керек деп эсептейм.

"Азаттык": Кыргызстанга бир нече ирет барып, былтыркы коогалуу окуялар айланасында саясатчылар, карапайым эл менен баарлашып, Кыргызстан тууралуу далай макала жазган Брюс Панниер да өз оюн ортого салды.

- Мен Роза Отунбаева өтө кыйын кырдаалда өз кызматын мыкты аткара алды деп айтаар элем. Албетте, анын оң жана терс жактарын айтууга болот. Оң жагы катары – Кыргызстан эгемендик алгандан берки 20 жыл ичинде өлкө башынан кечирген өтө опурталдуу жагдайда өлкөнү сактап калды. Былтыр апрелде эл толкуп, бакиевчи, антибакиевчи болуп бөлүнүп, андан кийин Ошто улут аралык жаңжал тутанды. Ошонун баарын баштан кечирип, өлкө биримдигин коргоп калды. Оор жагдайга карабастан парламенттик, президенттик шайлоону өткөрө алды.

​​Эми минтип, Борбор Азияда – бийлигин өз ыктыяры менен өткөрүп берген алгачкы президент болуп калды. Тышкы саясаттагы бай тажрыйбасы, чет элдиктер менен кеңири карым-катнашынан пайдаланып, Кыргызстанды алдыга сүрмөлөп жүрүп отурду. Керек болсо, азыр сырткы дүйнөдө Роза Отунбаева Кыргызстандын жүзү катары таанылып калды. Терс жактарын айтсак, кыска мөөнөттө көп ишти аткаруу кыйын болсо керек. Эмнеси болсо да, Кыргызстандагы терең социалдык, экономикалык, укуктук жана башка көйгөйлөрдү чече алган жок.

Роза Отунбаева бийликтен кетип атат. Ал Кыргызстанды бирдиктүү, стабилдүү өлкө катары калтырууда. Бирок өзү бийликке келген апрелден бери өлкөдөгү жагдайды жакшыртып өзгөртө алды деп айта албайм.


"Азаттык": Казакстандык белгилүү саясатчы, эксперттер негизинен мөөнөтү аяктап бараткан кыргыз президентинин ишмердигине оң баасын берип келатышат. Нурсултан Назарбаевди Кыргызстандагы элдин көпчүлүгү көкөлөтө мактагандай эле алматылык саясат таануучу, журналисттер бир ооздон Роза Отунбаева көп жакшы саамалык баштап кетти деп ыраазылыгын айтышат. Биз менен маектешкен казакстандык эксперт Расул Жумалы Роза Отунбаеваны “кыргыз элинин багына төрөлгөн саясатчы” катары сыпаттады.

Аягында кошумчалай кетсек, Кыргызстандын алгачкы аял президентинин тагдырына туш келген тарыхый озуйпа татаал жагдайларга, опурталдуу окуяларга бай болду. Башкысы – ал өзүн сындагандарды, карандай каралагандарды куугунтуктап, коркутуп, же кудай анын бетин ары кылсын, мыкаачылык менен өлтүртүп, же башкача жазалаган жок. Баарына чыдады, жаманды да, жакшыны да эл башында туруп бирде ыйлап, бирде кубанып башка түшкөндү калкы менен чогуу көтөрдү. Калганын тарых таразалайт.

​​​​​​               "Азаттыктын" видео архивинен тасма. 24-апрел, 2010-жыл

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Балакай
05.12.2011 12:49
Роза Отунбаева эл энеси болду!
Анан эмгегин биз жаштар унутпайбыз. Фонд ачып иштетет деген сөздү уккан элек. Азаттык ушул фонду тууралуу маалымат алып бергилечи. Мен Роза эженин колунда бекер иштегенге даярмын. Мындай адамдардан тажрыйба алуу абдан кымбат. Кароолчу болуп деле тикемен тиеке туруп иштейм. Рахмат сизге. Мен сизге эки дуйнодо ыраазымын.

кимден: Айдай каяктан: Бишкек
04.12.2011 02:14
Роза Исаковна, мен өмурү системага баш ийип, кээлердей болуп, кошомат айткан адам эмесмин.Кимиси болсо да бетине түз айткан жаранмын.Дурус жагыңыз:Телтеңдеп бюджет акчасына арааныңызды ачып, ысырап кылып, акчаны чачпадыңыз, эконом класстагы самолетто учуп, маанилүү жыйынга бардыңыз;Казино-барондорго каршы мыйзамды кубаттап, элге кайрылуу кылдыңыз,Акүйдө электоэнергияны үнөмдөп спикерге үлгү болдуңуз, туугандарыңызды тайраңдатып чоң кызматка койбодуңуз, буга бали деп айтсак болот.Эми буруш жагы:Каптагаевди кызматтан албай аягына чейин алып отурганыңызга караганда, экөөңүздөрдүн капчыгыңар бирби деген жаман ой кетти,ЖК бир эмес эки жолу кызматтан четтетүү, ишин прокуратурага өткөрүү боюнча токтом кабыл алса, пресс конференцияда"Эмне үчүн мен парламентке баш ийишим керек"деп тоготпой койдуңуз,Байболов кызматта калууга моралдык укугу жок деп кызматтан заматта алып койгонго дараметиңиз жеткен, Эмилге келгенде унчукпай кутулдуңуз.Депутатка баш ийбесеңиз мейли, бирок МЫЙЗАМГА БАШ ИЙИШ КЕРЕК..Сиз мыйзамга баш ийбесеңиз , калгандарына кудай бербедиби.Криминалдык топторго каршы күрөш жарыялап коюп,аягына чыкпай, шайлоонун алдында Водолаз абактан чыкты.Чыгаары менен "Атамбаевди мал-жаны менен колдоймун" дегени эмнеден кабар берип жатат, ушуга маани бердиңизби?Апрелде, июнда шейит кеткен жигиттердин соту создугуп аягына чыкпады,10 сотту оңколотуп алып койгонго ыкыбалыңыз жеткен, бул оор жагдайды маалкаткан сотту, сотторду тандоо кеңеши менен кызматтан ыргытып коюуга мүмкүнчүлүгүңүз болсо да, кайдыгерлик жасап койдуңуз..Эми баатырлык берүү боюнча али эрте.Баатырлыкты курман болгон жигиттер алсын, соттор аркылуу аткандарды, буйрук бергендер жазасын алса, анан ойлонуп көрсөк болот эле.Аман болуңуз, алиги ачып койгон фондуңуз жакшы иштеп эл убайын көрсүн.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
04.12.2011 02:00
Рахмат сизге !!!

кимден: MAK каяктан: CH
03.12.2011 02:06
Roza Isakovnanyn ordun dagy taryh taktayt jana oz baasyn beret dep ishenem, erkek kotorguz juktu bylk etpey kotorup ketti, urmattuu kyrgyzdar ushunday kyz-kelinderiner janyarda jurot, bizdin erkekteribizden oozunbayly degen tarbiya menen uydun turmushun, ishti,baldardy jana da bshka karym-katyshtardy karmap kelgen kyrgyzdyn aymdary!

кимден: Nur каяктан: Kochkor
01.12.2011 18:52
Kymbattuu Roza eje!

Sizge biz, ozgocho Kyrgyzstandyn jashtary abdan yraazy!!!

Kaarmandygynyzga, jasagan adiletty ishterinizge chon rahmat!

Dagy da oyunuzdagy mamleketibiz ychyn en jakshy tilekteriniz ishke ashsyn jana orundalsyn.

Sizdi, Kyrgyz elinin syimyktuu atuul ayiymy katary syilash jana baalash bizdin joopkerchiligibiz. Sizge chon rahmat!!!


кимден: Алмаз каяктан: Москва
01.12.2011 14:46
Улуу урматту Роза Исаковна!
Жамгыр менен жер көгөрөт, ак батаа менен эл көгөрөт деген Ата сөзүбүз бар. Мына сиз Кыргызстан элинин жашынан каарысына чейин ак батааны алдыныз ж-а алып жатасыз. Сизге узун өмүр, чын ден-соолук каалаймын! Сиз аз убакытта Кыргызстанды башкардыңыз, бирок көп жумуштарды аткардыңыз. Кыргызстандын тарыхында Курманжан даткадай сиз дагы азыркы мезгилде Роза датка деген наамга жеттиниз. Сиз Кыргызстанды кырдаал жерден сууруп чыгардыныз Сиз Кыргызстан деген өлкөнү сактап калдыныз! Сизге рахмат айтып таазим кыламын! @>-->---

кимден: Салийпа каяктан: Москва
01.12.2011 14:05
Роза эжеке,кыска убакыттын ичинде Кыргызстанга жан дилиниз менен кылган кызматынызга ,синирген ак змгегинизге чон ырахмат.Ал эми Ош окуясы учун сизди куноологондорду кудайга койуп койуш керек оздору реванш алыш учун баштап койуп *Уялбаган кыз уялган кыздын бетин тырмайт* -болуп жатышат,ит уро берет кербен журо берет .Сизге чын соолук ,бак-таалай .Кош колго бакыт куш консун.Сиз баскан турмуш жолунда жакшылык кана туш болсун.

кимден: ормон
01.12.2011 00:57
Чын эле биз кыргыз онолуп келатканына ишендим.Кудай кыргыз бар экенбиз ээ. Кыкбай эмес Кыргыз болдук. Чындык сынбай адамдын эмгегин баалаганга эмне жетсин. Роза эже тазим этип кыргыз элинен чон рахмат!!!!!!! Элдин алкышына миллиярд доллар да жетпейт. Элдин алкышынан жер жашарып кошого когорот. Наристе торолот. Эл алкышынан сиздей адамдан кут, сый кетпейт. Жазбайын дегем.Окуп алып жашыпта кеттим элирип. Кандайдыр алыстагы жакшылык умут шооласы жанып кыргызстандыктарга жакындап калгандай туялат......................

кимден: Kyrgyz каяктан: USA
30.11.2011 22:01
Salamtsyzby!
Ene bolgonu bilinip turat en bashta! Ene oz balasyna kanday jamandyk kaalabasa, Prezidentibiz Roza eje da eline oshondoy mamile jasagan korunot!
Az suylop, Kop ish kilgan Preziden bolydon kalatko tarihta!
Rahmat Silerge!

кимден: resident каяктан: Dubai
30.11.2011 20:28
Urmattuu Roza Isakovna kyiyn kyrdaalda el menen birge bolup jurt bawynda turganynyz uchun, jolbors jurogunuz uchun, erdiginiz uchun, jerinizge bolgon suiuunuz uchun, Siz menen menin olkomdun presidenti dep syimyktanga bergen mumkunchuluk uchun sizge teren taazim kylam!!! Danktaimyn sizdi Roza Isakovna!!!
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине