Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:50

Нарымбаевди кызматтан кетүүгө түрткөн жагдайлар


Данияр Нарымбаев
Данияр Нарымбаев

Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өзү жазган арыздын негизинде биротоло кызматынан кетти.

Буга чейин ал депутат Хажимурат Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып кармалганына байланыштуу убактылуу кызматынан четтеген болчу.

Бул чуулгандуу паранын арты менен Данияр Нарымбаев өзүн кызматынан кетүүгө мажбурлаган жагдайды сырткы күчтөрдүн шайлоого байланыштуу даярдаган саясий оюну деп мүнөздөдү.

Айрымдары аны Ак үйдүн адаттагы оюндарынын курмандыгы болду дешсе, кээ бирөөлөрү Нарымбаевдин аракетинде чындыгында эле күмөндүү жагдайлар болгонун жүйө келтиришүүдө.

Чиеленишкен саясат

Президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаев өз арызында парламент депутаты Коркмазовго козголгон кылмыш ишине анын катыштыгы тууралуу имиштерди жокко чыгарып, бейтарап иликтөөнү камсыздоо үчүн кызматынан биротоло кетерин жазган. Данияр Нарымбаев бул иште өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, бирок иликтөө аягына чыкканга чейин жогорку кызмат ордун көпкө кармабай тапшырууну президенттен суранды.

Буга чейин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы депутат Коркмазовду Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алган учурда кармаган. Бул акча Түлеевдин мүлк маселесин оңунан чечүүгө багытталган. Данияр Нарымбаев аны Президенттик аппараттын жетекчилигинен кетүүгө мажбурлаган жагдайды мындайча мүнөздөдү:

- Коркмазов эмне деп жатканын билбейм. Бирок, менимче, бул - саясий оюн. Азыр мына ушундай каралоо ыкмалары пайда болуп жатат. Мен толугу менен акталып чыгарыма терең ишенем. Мени каралап, күнөөлөгөн адамдар сөзсүз түрдө мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул оюндардын түпкү себеби шайлоого карата шарттарды даярдап жаткан сырткы күчтөрдүн иши болду окшойт деп эсептейм. Мүмкүн бул атайын буюртма.

Нарынбек Түлеев агасы Нариман Түлеевдин мүлкүн конфискациялоодо кетирилген кемчиликтер боюнча арызданып, анын негизинде Данияр Нарымбаев Түлеевдин кызын депутат Чыныбай Турсунбеков менен бирге кабыл алганын белгилеген.

Күмөн жараткан жагдайлар

Анда конфискациялоого жатпай турган мүлктүн тизмеге кирип калган учурлары тууралуу сөз болгон. Мурдагы башкы прокурор Байтемир Ибраев мындагы күмөн санаткан жагдайларга токтолду:

- Нариман Түлеевдин кызын ээрчитип алып, бир нече жолу Нарымбаевге баргандын негизги себеби эмне? Бардыгы мына ошол кызды жолугуштурууга жандалбастаганы кандай? Бул жерде кандай сыр бар экени коомчулукка белгисиз болуп калды да. Ал жагы айтылбай жатпайбы. Мына ошондон улам шектүү ойлор пайда болуп жатат. Ошол жолугушуулардан кийин эле депутат Коркмазов тигил жактан акча талап кылганы эмнеси? Албетте мында Коркмазов өзү жалгыз маселе чече алмак эмес. Бул иш ачык-айкын тергелсе, көп маалыматтар ачыкка чыгат болуш керек.

Данияр Нарымбаевдин айтымында, Коркмазов жакында ага келип, камактагы депутат Нариман Түлеевдин кызын кабыл алуусун суранган. Бирок Президенттик аппараттын жетекчиси андан баш тарткан. Нарымбаев буга чейин камакка алынган мүлккө байланыштуу Түлеевдин кызы менен атасын, туугандарын эки ирет кабыл алганын кошумчалады.

Маалымат агенттиктери ошол жолугушууну Чыныбай Турсунбеков уюштурган деп жазып чыгышты. Бирок Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынан депутат Чыныбай Турсунбеков Түлеевдин кызын тааныбай турганын айтты:

- Данияр Ильич мага “андай деп айткан эмесмин, журналисттер бурмалап салыптыр” деди. Чындап эле андай болгон эмес. Мен ал кызды алып барган эмесмин. Анткени мен ал кызды тааныбайм. Биринчи жолу Данияр Ильичтин иш бөлмөсүнөн көргөм. Ал мага маселеси менен кайрылбаса, мурда жолуктурбасам, анан кантип таанымак элем?

Президенттик аппараттын жетекчилигиндеги Нарымбаевдин ордуна Темир Жумакадыров дайындалды. Ал буга чейин Коргонуу кеңешинин катчысы болчу. Буга байланыштуу буйрукка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду.

XS
SM
MD
LG