Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Орден уурдап жүргөн тажик жараны кармалды


Ленин ордени
Ленин ордени

Өзүн журналистмин деп тааныштырып, элден союз мезгилиндеги орден-медалдарды алдоо жолу менен чогултуп жүргөн тажик жараны кармалды.

Тажикстандык Улугбек Зухуров Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунда милиция тарабынан колго түштү. Ага союз убагындагы социалдык эмгектин каармандары үчүн берилген жогорку даражадагы Ленин орденин жасалма орденге алмаштырып жүргөн деген айып тагылууда.

Тажикстандык Улугбек Зухуров өткөн жылы да Кочкор районунан Ленин орденин алдоо жолу менен алып кеткени тергөөдө аныкталган.

- Бишкектен Александр аттуу киши менен тааныштым. Ал ордендерди чогултарын айтып, кызматташууга чакырды. Бирок Александр мага Советтер Союзунун ордендерин эч ким сатпасын айтты. Ошентип ордендерди ушундай алдамчылык жол менен алууга туура келди. 23-апрелде Кыргызстанга Баткен аркылуу келгем, - деди учурда убактылуу кармоо жайында камалып турган Улугбек Зухуров.

44 жаштагы бул тажик жараны союз убагындагы орден-медалдарды "жөн гана коллекция кылуу максатында чогултуп жүргөм" деп ишендирүүдө. Анын айтымында, Ат-Башы районундагы Ача-Кайыңды айылындагы эмгектин ардагери Нааматбек Асаналиевде ушундай орден бар экендигин угуп, Бишкектеги "Вечерний Бишкек" гезитинин журналистимин деген жалган документ менен келген. Ал боюнча Улугбек Зухуров өзү буларды айтты:

- Барганда ардагер өзү жок экен. Баласын чакырып, "сүрөткө тартам, ордендерди алып кел" дедим. Арасында мага керектүү орденди көрдүм. Кайра баласын дагы башка нерсеге жумшап жиберип, ал келгиче чөнтөгүмдөгү орденди алмаштыра салдым. Бирок ал бала ордендин номурларын жатка билет экен. Кармалып калдым...

Ал эми ордендин ээси Нааматбек Асаналиев союз убагында мал чарбачылыгындагы үзүрлүү эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктарды, анын ичинде Ленин орденин алган. Аксакалдын уулу Капар Асаналиев буларга токтолду.

- 25-апрель күнү айылга жумуштап барып калсам, иним телефон чалып калды. Анан үйгө барсам чоочун киши туруптур. Ал "Вечерний Бишкек" гезитинин журналистимин деп келиптир. Сүйлөшсөк шылуундугун мойнуна алган жок. Анан укук коргоо органдарына кайрылууга туура келди. Ошол жерден кошуналарды чогултуп, акт түздүк. Менин оюмча бул анын биринчи эле иши эмес го. Буга чейин да далайларды сыздатып кеткен болсо керек деп ойлойм. Жада калса бул кишини үстүнөн "калкалаган" адамдар да бар болсо керек.

Райондук милициянын кабарлашынча, кармалган адамдын буга чейин да кылмыш кылган-кылбаганын тактоо иштери жүрүп жатат. Анткени ал Кыргызстанга акыркы жылдары байма-бай каттап жүргөндүгү тергөөдө аныкталган.

Айрым маалыматтарда Ленин орденинин көмүскө базардагы баасы 500 доллардан жогору турат. Ленин ордени СССРдин жогорку сыйлыгы катары революцияда, эмгекте, Мекенди коргоодо жана улуттар аралык ынтымакты бекемдөөдөгү зор ийгиликтер үчүн берилген.

XS
SM
MD
LG