Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:22

Кыргыз-казак сүт тартышы


Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги казак тарап айыл чарбасы багытындагы келишимдерди аткарбай жатканын билдирди.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги 16-октябрда мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, анда Казакстан Кыргызстандын сүт азыктарына тыюу салган маселени талкуулады.

Аткарылбаган макулдашуулар

Кеңешмеде Казакстандын Кыргызстан менен чектешкен аймактарында деле сибир жарасынын жана шарптын алты очогу бар экени, бирок Казакстандын эт-сүт азыктарына жана өсүмдүк продукцияларына Кыргызстан тыюу салбаганы белгиленген. Андыктан Кыргызстандагы эпизоотикалык абалды жүйө кармап, Казакстандын сүт азыктарына тыюу салуусу негизсиз дешүүдө.

“Талас сүт” ишканасынын башчысы Мырзакан Давлеталиев да эпизоотикалык абал Казакстандын өзүндө да көңүл жылытарлык эмес дейт.

- Казакстандын малдары ооруп жатат. Оорунун көбү ошол жактан келет. Бизде аба салкын, аларда бизге караганда ысык. Ысык жерде оору көп болот. Казакстандан тышкары бизге Өзбекстандан да оорулар келет экен.

Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинин билдиришинче, казак президенти Нурсултан Назарбаевдин август айында Бишкекке жасаган сапары учурунда мамлекеттер аралык жогорку кеңешмедеги жетишилген макулдашууларды казак тарап аткарбай жатат. Башкача айтканда, жолугушууда азык-түлүк коопсуздугу жаатында эки тараптуу кызыкчылыктагы кызматташтык, эки тараптуу айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктөрдү өткөрүү макулдашылган.

Ветеринария департаментинин башчысы Жаныбек Султановдун айтымында, Кыргызстанда малга идентификация кылынбай жатканын Казакстан негизги жүйө катары кармоодо. Кыргызстан малды паспорттоштурууга убаданы ала жазда эле берген экен.

- Алардын койгон негизги талабы ушул. Казактар башка да көп эле талаптарды койгон. Бирок калган талаптары аткарылган эле нерселер.

Сүт азыктарына тыюу салууну негизсиз деп эсептеген Экономика жана монополияга каршы саясат министрлиги Кыргызстан эпизоотикалык абалды жакшыртуу боюнча тиешелүү макулдашууларды да так аткарып келгенин, сүт азыктарына болгон тыюуга Казакстан биринчи гана жолу барып жатпаганын да эске салган.

Ишканалар кыйналды

Бирок экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев бул шартта Кыргызстан күнөөнү биринчи өзүнөн издеш керектигин белгилейт.

- Биз бардык алыскы жана кошуна өлкөлөр менен болгон экономикалык мамилелерден кыйкым таап, саясатка айландырууну адатка айландырып алганбыз. Дайыма өзүбүздүн күнөөбүздү, кетирген кемчилигибизди моюнга алгандан качабыз. Бул жерде эл аралык стандарт, эл аралык экономикалык байланыштардагы тартип деген болот. Ошого ылайык, Казакстан Кыргызстандан чыккан сүт азык-түлүктөрдү киргизбей коюуга акысы бар.

Буга чейин сүт азыктарына болгон тыюу салуулар өкмөт башчыларынын деңгээлиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин жөнгө салынып келген. Ай башында Казакстанга барган кыргыз делегациясы куру кол кайтканына караганда, кыязы бу сапар да жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр болчудай.

Ал аралыкта Казакстан сүт азыктарына тыюу салгандан бери кыргызстандык сүт өндүрүүчүлөрдүн чыгымы өсүүдө. Маселен, тыюу салынганга чейин алар Казакстанга күнүнө 5 миллион сомдук сүт азыктарын экспорттоп жаткан.

“Талас сүт” заводунун башчысы Мырзакан Давлеталиев бул жолку тыюу салууга Жалал-Абадда койлордун кырылышы, жалпы эпизоотикалык абалдын начардыгы жана ММКдагы маалыматтар себеп болду дейт.

- Республикалык ооруканадагы адамды күйдүргү менен ооруйт деп, ал оору туралуу ар кимден пикир сурап, телевизордон көрсөттүк Ушунун баары бизге терс таасир тийгизди. Алар албетте “Кыргызстанда күйдүргү бар экен, ал болсо уйдан болот” деп айтып, чара көрүштү. Жалал-Абадда болсо чечек менен ооруп, койлордун өлгөнүн көрсөттү. Мал ооруп кырылса, эл да ооруйт деп, алар деле сактанат да.

Казакстан 3-октябрдан тарта мурда уруксат берилген сүт азыктарын чыгаруучу 10 кыргызстандык ишканага өз азыктарын Казакстанга өткөрүүгө тыюу салган. Муну казак тарап Кыргызстандагы татаал эпизоотикалык абалдан тышкары Казакстан Бажы биримдигине мүчө болуп, ошого жараша киргизилген жаңы талаптарды Кыргызстан аткарбай жатканы менен түшүндүрүүдө.

XS
SM
MD
LG