Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

Кыргызстандын энергетикасы кызыктырат


Архивден: Энергетика тармагынын менчиктештирилишине каршы акциядан бир көрүнүш, Чүй облусу, Москва району, 16-декабрь, 2008-жыл
Архивден: Энергетика тармагынын менчиктештирилишине каршы акциядан бир көрүнүш, Чүй облусу, Москва району, 16-декабрь, 2008-жыл

Орусия Кыргызстандын энергетика тармагына ири өлчөмдөгү инвестиция киргизүүгө кызыкдар. Бул тууралуу тышкы иштер министри Руслан Казакбаев жана энергетика министри Аскарбек Шадиев маалымат жыйынында билдиришти. Анткен менен айрым депутаттар муну ооз көптүрүү катары сындап чыгышты.

Кыргызстандын өкмөтүнүн Москвага болгон иш сапарында орусиялык инвесторлордун өлкөнүн энергетика тармагына болгон өзгөчө кызыгуусу байкалган. Анда 2008-жылы кабыл алынган “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча макулдашууну кайрадан жандандыруу жагы талкуулангандыгы айтылды.

Аталган макулдашууга ылайык, курулушка 1 миллиард 700 миллион доллар бөлүнмөк.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев аталган сумманын өлчөмү төрт миллиардга чейин көбөйтүлүшү мүмкүн экендигин белгиледи:

- Мурдагы макулдашуу өз күчүндө калат. Анда келе турган инвестициянын өлчөмү гана көбөйүшү мүмкүн. Эксперттердин баасы боюнча аталган сумма төрт же беш миллиардга чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Анткени учурда курулуш материалдарына жана күйүүчү майга болгон баа жогорулап кетти. Мына ошого байланыштуу долбоордун өлчөмү көбөйтүлдү.

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин курулушунан башка Нарын дарыясынын жээгине башка гидро электр станцияларын курууга орусиялык инвесторлор кызыгуусун артып жаткандыгы айтылды. Буга айрыкча дүйнө жүзүндө Жапониядагы АЭСтердин коркунучунан улам ГЭСтерге болгон кызыгуунун күчөп жаткандыгы себеп болгон.

Кардарлардын катары арбыйбы?

Энергетика министри Аскарбек Шадиев Кыргызстандын энергетика тармагын өнүктүрүү жана өндүрүлгөн энергияны сыртка сатып өткөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк келип тургандыгын белгиледи:

- Бүгүнкү күндө Орусия Кыргызстандагы ГЭСтерди курууга өзгөчө көз карашы бар. Мисалы, Пакистанда КАССА – 1000 деген долбоор бар. Ага ылайык Кыргызстан – Тажикстан - Ооганстан аркылуу ири кубаттуулуктагы электр линиясы курулуш керек. Азыр Казакстан электр энергиябызды эки жарым центтен сатып алып жатат. Пакистандыктар болсо мындан эки-үч эсе кымбат баада сатып алабыз дешүүдө.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өкмөттүн мындай пландарын куру кыйкырык менен курсак тойгузуу катары баалашты.
Анткени буга чейинки өкмөттөр да ири долбоорлор туурасында алдын-ала жарыялап алып, бирок аларды иш жүзүнө ашыра албай келгендиги мисалга алынды.

Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынан депутат
Жоомарт Сапарбаев мындай кадамдын артында саясий маселе турушу мүмкүн деп күмөн санады:

- Албетте ири өлчөмдөгү инвестиция алып келүү деген жакшы демилге. Бирок ал биринчи кезекте канчалык деңгээлде жана качан ишке ашат? Жөн эле саясий курал катары айтылып, ошол боюнча калып кетпейби? Анан ал Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келеби? Анткени мындай акчанын артында кандай максаттар бар экендигин азырынча билбейбиз. Ошондуктан бул долбоор ишке киришип, аны менен таанышкандан кийин гана ага баа берсек.

Анткен менен өкмөт мүчөлөрү жакын арада Орусиядан атайын расмий делегация келип, энергетика тармагы боюнча мурда кабыл алынган макулдашууларды кайрадан карап чыгуу жана толуктоо маселелери көтөрүлө тургандыгын айтышты. Мына ошондо ири энергетикалык долбоорлорду түзүү жана аларды жүзөгө ашыруунун конкреттүү мөөнөттөрү аныктала тургандыгы маалым болду.

XS
SM
MD
LG