Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:21

Мектеп директору үгүт үчүн иштен кеттиби?


Айрым мугалимдер жогору жактан кысымга кабылганын айтышууда
Айрым мугалимдер жогору жактан кысымга кабылганын айтышууда

Өзгөн районундагы Жыланды айылдык мектебинин директору "Өнүгүү-Прогресс" партиясын колдорун ачык айтканы үчүн жаңы окуу жылы башталар алдында иштен алынганын айтып чыкты.

Райондук билим берүү бөлүмү мурунку мектеп директору өз арызы менен иштен бошогонун ырастап, айтылган дооматты төгүндөдү. Байкоочулар Ош аймагында шайлоого карата административдик ресурс кеңири колдонулуп жатканын белгилешүүдө.

Директордун кызматтан кетишине "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын тизмеси менен шайлоого бараткан талапкерлердин бири дал ушул Жыланды айылдык мектебинин бүтүрүүчүсү болгондугу себеп экен. Жаңы окуу жылы башталар алдында болгон бул окуя боюнча "Өнүгүү-Прогресс" партиясы 22-сентябрда “Азаттыкка” билдирип, мектеп директору КСДП партиясын колдоодон баш тартканы үчүн кызматтан алынганын ырастаган.

Мурдагы директордун тарапкерлеринин маалыматтарына караганда, жергиликтүү бийлик мектепке жашы жеткен балдарды каттоого алып жүргөн эжелерди үгүтчү деп айыптаган. Мектепке район акими өзү келип, алар кайдан айлык алып жатканын мугалимдердин эсине салып кеткен.

Жумуштан алынган мектеп директору Бүалима Орозова бийликтин ушундай кысымына чыдабай өз эрки менен директорлуктан кеткем деп билдирди:

- Мен пенсия курагындагы аялмын. Мен жаманатты болуп кетпейм. Али анысы, али мунусу телефон чалып жанымды койбойт. Мен мектеп директорлугунан кеткенимди айттым. "Бүгүндөн тарта "Өнүгүү-Прогресс" партиясына иштейм. Мугалимдер баарыбыз иштейбиз. Эч кимибиз артка кайтпайбыз. Анткени ал биздин окуучу" дедим да, ошол жыйында баарын айтып чыгып кеттим. Кээ бир директорлор "азамат, жайладың, неге эле бизди кыйнайт" деп кала беришти.

Орозова бул окуялар 1-сентябрга чейин, Жогорку Кеңештин шайлоосуна үгүт иштери расмий баштала элек мезгилде болгонун, жумуштан кантип кеткенине райондогу 90 мектептин директору жана 30 бала бакчанын башчылары күбө болгонун айтты.

Бирок Өзгөн райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы Ысмайыл Дүйшеев Орозованын айткандарын төгүнгө чыгарды:

- Андай болгон эмес. Мен азыр Орозова менен да сүйлөшөм. Ал өзү пенсия жашында болчу. Өзү арыз жазды. Арызы менде турат. Мен анын колунан кармап арыз жаздырган жокмун. Өз арызы менен эле бүт эмгек жамааттын алдында ыраазы болуп эле кетти го. Мажбурланган эмес.

Өзгөн районунун акими Аттокур Тажибаев да Орозованын иштен алынышына катыштыгы жок экенин айтты.

- Мен ал мектепке барып жыйын өткөргөнүм чын. Бирок бул окуя үгүт иштери башталганга чейин болгон. Мен барып мектеп мугалимдерин үгүт башталганга чейин кармана турушу керектигин талап кылгам. Шайлоо башталгандан кийин каалаганыңарды шайлай бересиңер деп келгем.

Саясий серепчи Эркин Абдразаков шайлоодо административдик ресурс колдонулуп жаткандыгынын белгиси бардык жерде эле байкалып жатканын билдирди. Бирок ал муну бийлик талап кылбаса деле кошоматчылыкка көнүп калган мекеме-ишкана жетекчилеринин жеке демилгеси болушу да мүмкүн экенин эске алуу керектигин белгиледи.

- Мэриянын да, муниципалдык мекемелердин да кызматкерлери толугу менен арак заводунун тегерегинде айланчыктап жүрүшөт. Ооруканага же башка мамлекеттик мекемелерге эртең менен барып, жетекчиң кайда десең штабга кеткенин айтат. Жашырып да коюшпайт. Мына ,бул ЖОЖдордун деканы болобу, кафедра башчысы болобу, баарынын колунда студенттердин паспортунун, биометрикалык каттоосунун тастыктамасынын беш-алтыдан көчүрмөлөрү жүрөт. Бирок колунан кармабагандан кийин административдик ресурс колдонулуп жатканын далилдөө кыйын.

Административдик ресурстун кеңири колдонулуп жатышына Ошто ачылган кошумча шайлоо участокторундагы айрым мекемелерден толтурулган 2-форманы мисалга тарткандар да бар. Бирок азырынча пачкалап толтурулган форма 2лердин тек жайын эч ким үңүлүп карай элек.

XS
SM
MD
LG