Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:05

БШК: үч талапкер шайлоого катышат


Kyrgyzstan-Bishkek, Samakov, Chudinov, Aidaraliev, 11Sep2015
Kyrgyzstan-Bishkek, Samakov, Chudinov, Aidaraliev, 11Sep2015

Депутаттыкка талапкерлер Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендербек Айдаралиевди жоопко тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун БШК четке какты.

БШК тергөө иштери көп убакытты талап кыларын айтып, аталган талапкерлерге үгүт иштерине катышууга мүмкүнчүлүк берди.

Мурунку премьер-министр Игорь Чудинов менен экс-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиевге 2008-жылы Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260 гектардан ашуун айыл чарба жерлерин трансформация кылгандыгы үчүн айып тагылган эле.

2008-жылкы токтомду 3-сентябрда Темир Сариев башында турган өкмөт күчүн жоготту деп тапкан. Бирок мыйзам боюнча токтом 15 күндөн кийин гана күчүнө кирет. Натыйжада козголгон ишти тергөө көп убакыт талап кыларын айткан БШК талапкерлерге шайлоого катышууга бир добуштан чечим чыгарып берди. БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов “Азаттыкка” курган маегинде буларды айтты:

- Ал токтом 18-сентябрдан кийин күчүнө кирет. Ошондуктан ишти тергөө создугуп кетишин баамдап, Чудинов, Айдаралиев, Самаковду мыйзамга ылайык талапкер катары калтырдык. Башкы прокуратуранын жаңы иш боюнча айыпка тартканга убакытты токтотуп койдук. Шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин гана прокуратура тергөөнү баштай берсе болот.

Азыркы учурда талапкерлерге карата эч кандай соттун чечими чыга элек. Бул да болсо БШКга прокуратуранын сунушун четке кагууга жол ачты.

БШКнын дагы бир мүчөсү Канатбек Азиз билдиргендей, Чудинов, Айдаралиев жана Самаков Жогорку Кенешке депутат болуп келе албай калса, прокуратура өзүнүн тергөөсүн уланта бермекчи. Ал эми талапкерлердин партиялары парламентке кирип, өздөрү депутат болуп калса, Башкы прокуратура Жогорку Кеңеш депутаттарынан алардын кол тийбестигин суроого аргасыз болот.

- Эгерде Самаков, Чудинов, Айдаралиев депутат болуп калышса, биз мандатты бере беребиз. Эгерде алар шайлоонун жыйынтыгы менен депутат болууга укуктуу болуп калса, анда БШК эмес, прокуратура Жогорку Кеңештен аларды жоопкерчиликке тартууга уруксат алыш керек. Талапкерлерге соттун чечими жок биз деле эч нерсе кыла албайбыз.

Буга чейин БШК мүчөлөрү “Ата Мекен” партиясынан талапкер Мелис Мырзакматовго соттун чечими чыкканына байланыштуу аны каттоодон баш тартышкан. Ал эми Карганбек Самаков, Игорь Чудинов жана Искендер Айдаралиевге карата кылмыш иши козголгону менен сот процесси өтө элек.

Саясый эксперт Бакыт Бакетаев БШК талапкерлердин маселесин кароодо алардын мыйзамдык укугун коргоп берди деген оюн айтат.

- Башкы прокуратура буга чейин кылмыш ишин козгобой эмне кылып жүрдү? Шайлоо учурунда иштин козголуп жатышы менен аркы жагы түшүнүктүү болуп турбайбы. Бул саясый жактан ката болуп калды. Бирок БШК жакшы пикирди карманды. Себеби талапкер шайлоого баратканда мыйзам боюнча ага эч ким тоскоолдук кылып, куугунтукка албашы керек. Прокуратура кааласа кийин деле алар Жогорку Кенешке келгенде кылмыш ишин козгоп, ишин улантып кетсе болот.

Ошол эле учурда талапкерлер ич ара БШК мүчөлөрү менен сүйлөшүп алды дегендер да бар. Укук коргоочу Качкын Булатов БШКнын чечими маанилүү болгондуктан, үч талапкер шайлоо комиссиянын мүчөлөрү менен ыгын таап чечишип алды дегендерден.

Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен шайланып келген Карганбек Самаков күздөгү парламенттик шайлоого "Кыргызстан элдеринин конгресси" партиясы менен баратат жана тизмеде 5-орунда турат.

Курманбек Бакиевдин тушунда премьер-министрлик кызматты аркалаган Игорь Чудинов “Бир Бол” партиясынын тизмесинде 3-орунда турат. Ал эми 2007-2009-жылдары биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген Искендер Айдаралиев "Замандаш" партиясы менен шайлоого баратат.

XS
SM
MD
LG