Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:18

Кытайда тигүү тармагына арналган кыргыз-кытай бизнес форуму өттү


Кыргыз-кытай бизнес форуму. Шаосинь шаары, Кытай. 2024-жыл
Кыргыз-кытай бизнес форуму. Шаосинь шаары, Кытай. 2024-жыл

Кытайдын Чжэцзян провинциясынын Шаосинь шаарында текстиль тармагынын өкүлдөрү катышкан кыргыз-кытай бизнес форуму өттү. Ага Кыргызстандан 70тен ашуун, Кытайдын 40ка жакын компания өкүлдөрү катышты. Бул тууралуу 7-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бизнес-форумдун алкагында Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясы менен Шаосинь текстиль шаарынын Чет элдик базарды илгерилетүү ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Форумда сөз сүйлөгөн Кыргызстандын Кытайдагы элчиси Актилек Мусаева эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги катализатору болуп саналарын айтты. Элчи Кытай Кыргызстан үчүн негизги соода өнөктөштөрүнүн бири экендигин белгиледи.

Жеңил өнөр жай тармагындагы ички рынокту изилдөө максатында Шаосинь шаарынын эксперттери быйыл август айында Кыргызстанга келери күтүлүүдө.

Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын жеңил өнөр жайында иштетилген чийки заттын 90% чукулу Кытайдан импорттолот.

Расмий статистика Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын өрүшү жылдан-жылга кеңейип баратканын көрсөтөт. Маселен, 2023-жылы өлкөнүн жеңил өнөр жай тармагында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү мурдагы жылга караганда 62% өстү (2022-жылдагы өсүү 35% түзгөн болчу). Дээрлик 16,5 млрд сомдон турган жалпы көлөмдүн 80% жакынын кийим тигүү өндүрүшү түзөт.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстандын тигүү индустриясынын товарларынын негизги бөлүгү Орусияга экспорттолот. Андан кийин Казакстан, Өзбекстан жана Беларус турат. Орусияга экспорт айрыкча 2022-жылы өскөн. Соңку жылдары тигүү цехтерине Бангладеш, Пакистан жана Өзбекстан өлкөлөрүнөн арзан жумушчу күчүн алып келгендер көбөйгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG