Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Бишкекте өзбекче тестке каршы митинг өттү


Митингчилер министрликтин алдына илген плакаттар. Бишкек, 6-май, 2013.
Митингчилер министрликтин алдына илген плакаттар. Бишкек, 6-май, 2013.

Бир нече коомдук уюмдардын өкүлдөрү өзбек тилиндеги жалпы республикалык тестирлөөгө каршы чыгууда.

6-майда Билим берүү жана илим министрлигинин алдына чогулган “Ала-Тоо”, Элдик саясий кыймылы, Кыргызстан жаштар кеңеши, “Укук” жана башка кыймылдардын өкүлдөрү абитуриенттердин жалпы республикалык тестирлөөсүн өзбекче жүргүзбөө талабын коюшту.

Элдик саясий кыймылдын башчысы Мирбек Саркеев өзбекче тест колдонулса, анда башка этностук азчылыктардын укугу тебеленет деп эсептейт:

- Тестирлөөнү өзбек тилинде өткөрүүгө уруксат берсек, анда калган 77 улуттун тилинде өткөрүүгө да уруксат беришибиз керек. Алардын санына карабастан, түрк, күрд сыяктуу туугандардын баарына уруксат бериш керек. Анткени улуттун баары жакшы.

Өзбек тилинде тестирлөөгө былтыртан бери каршы болуп келген активисттер баш мыйзамда кыргыз жана орус тилинин гана макамы бекитилгенин жүйө келтирүүдө. Митингдин катышуучулары “кыргыз же орус тилин билбеген окуучулар өзбекче тест тапшырып өтүшсө, анда кийин кантип окушат, Кыргызстанда өзбекче билим берген окуу жай жок, же ушул тесттин жыйынтыгы аркылуу Өзбекстанга кетеби?”, - деген да суроолорду койду.

Митингге чыккандар министрликтин алдына “Министр Канат Садыков, кыргыз тилине чыккынчылык кылба”, “Жалпы республикалык тестирлөөгө өзбек тилин кошуу мыйзамсыз” деген плакаттарды илип коюшту.

Аларды министрдин атынан Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Абдыманап Жолдошев кабыл алды:

-1650дөн ашык адам тестти өзбекче тапшырары катталып турат. Быйыл каттоонун жыйынтыгына карайбыз дегенбиз. Ошол каттоодон өткөндөрдүн укугун дагы Кыргызстандын жараны катары колдошубуз керек.

Бул маселе өткөн жылы Жогорку Кеңеште да талкууланган. Быйыл мартта парламентте билим берүү тармагы каралып жатканда депутат Жылдызкан Жолдошева аталган суроону козгоп, билим берүү жана илим министрине кайрылган:

- Канат Жалилович, жалпы республикалык тестирлөө өзбек тилинде өтпөш керек. Конституциянын негизинде мамлекеттик тил – кыргыз тили, расмий тил – орус тили. Өзбекстанда 2 миллионго жакын кыргыз жашайт, тестирлөө өзбек тилинде гана өтөт.

Ушул жылдын март айында Билим берүү жана илим министрлиги тестирлөө өзбек тилинде өтпөй турганын жарыялаган. Бирок министрликтин маалымат катчысы Керез Жукеева ким кайсы тилде тапшырат деген каттоодо 1653 окуучу өзбек тилин белгилегени үчүн эреже мурдагыдай калганын билдирди:

- Өкмөттүн 2006-жылкы 404-токтому бар. Анда жалпы республикалык тестирлөөнү кыргыз, орус жана башка тилдерде өткөрүү тууралуу жазылган. Мыйзамга атайын өзгөртүү киргизилип, өкмөттүн “бул же тиги тилде өткөрүлсүн” деген атайын токтому чыкса, биз аткаруучу орган катары аны аткарабыз.

Митингге чогулгандар эми Жогорку Кеңешке кайрылмай болушту. Ал арада өзбек мектебинде окугандар үчүн кыргызча же орусча сынак тапшыруу кыйын болорун “Справедливость” уюмунун мүчөсү Абдымалик Шарипов "Азаттыкка" билдирди.

- Биринчиден, 10 жыл өзбекче билим алып, баарын өзбек тилинде үйрөнгөн бала тестти кыргызча бергенде өтпөй калышы анык. Анда жетиштүү упай топтой албай калат. Экинчиден, кыргыз жана өзбек тили жакын делген күндө да кыргызчага дароо өткөргөндө математикалык, физикалык, химиялык терминдерди түшүнүшпөйт.

Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөө 2001-жылдан бери өзбекче да тапшырылып келатат. Абдымалик Шарипов өзбекчени алып салуу үчүн 5 жыл эрте камданыш керектигин, мисалы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн адилетсиздик болуп калаарын кошумчалады.

Кыргызстан калкынын 73 пайызын кыргыздар түзүп, экинчи орунда өзбектер турат. Өлкө боюнча кыргыз, орус, өзбек, тажик тили аралашкан 223 мектеп болсо, 91и таза өзбекче билим берет.

XS
SM
MD
LG