Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:59

Жапаров: Бюджет катуу тартыш болот


Кыргызстан күз айларына барып экономикалык кыйынчылыкка учурашы ыктымал. Мындай билдирүүнү 28-июлда “Ар-намыс” фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Акылбек Жапаров таратты.

Сарамжалдоо санаасы

Жапаров чыгымдарды кескин кыскартуу менен бюджеттик таңкыстыкты эки эсеге чейин төмөндөтүү аркылуу бюджеттик кризисти алдын алууга болот деп эсептейт. Бирок өкмөт дефолтко учуроо коркунучу жок экенин айтууда.

Жапаров "баалардын тынымсыз өсүшү жана сомдун туруксуздугу башталса, ушул жолго алып барат" дейт. Депутат мындай абалга дуушар кылган себептерди талдап-чоттоп берди:

Акылбек Жапаров
- Өкмөт кирешелери жок эле аябай чоң чыгашаларды жасап атат. Бюджеттеги таңкыстык 22 миллиард сомдун тегерегинде эле турат. Акчаларды, баалуу кагаздарды чыгарып, элди бир айга алдаганы менен үч-төрт айдан кийин баа кескин түрдө өсүп кетип, мурда бир айлыкка 2-3 мүшөк ун алып аткан болсо, азыр 2-3 эсе көтөрүлгөн айлыкка 1 мүшөк алса, анда элге мындай акчанын кереги жок.

Мына ошондой коркунучтар бүгүнкү күндө Кыргызстанда катуу болуп, тенденциялар да жаман жакка баратканыбызды көрсөтүп атат.


Жапаровдун эсебинде, өкмөт айрым чыгымдарды кыскартуу менен бюджет таңкыстыгын 10 миллиардга чейин түшүрө алат.
Өкмөт бюджетти каржылай алат. Мындан тышкары алына турган гранттар да бар.

- Той-топур, аш дегендин, эстеликтердин баарын токтотуу зарыл. Шайлоонун шаан-шөкөт, шайтан жумуштарына азгырылбаш керек. Көпкө созула турган курулуш иштери токтош керек. Быйыл эффект бербеген долбоорлордун баарын тоңдуруу абзел. Азыр айлык акы менен пенсия-пособиеге акчалардын баарын топтош керек.

Элге бир топ жаман көрүнүп алышы мүмкүн. Бирок өкмөт азыр врачтардай болуп ачуу дары бербесе, анда бүт экономикабыз эң оор абалга кышында жана жазында кабылганы турат.


Борбор Азиядагы Эркин базар институтунун изилдөө директору Сейитбек Усманов Жапаровдун оюн кубаттады. Анын талдоосу боюнча, акыркы кварталда Кыргызстандын бюджети какшып, социалдык төлөмдөрдү төлөөгө кудуретсиз болуп калат. Андыктан өкмөт учурда үч жолдун бирин тандашы керек:

- Биринчиси, мамлекеттик чыгымдарды кыскартыш керек, дефицит болбошу үчүн. Экинчи жолу, акча басып чыгарыш керек. Анда инфляция болот. Үчүнчүсү, дефолт. Дефолт болгондо мамлекеттик кызматкерлер айлык албай, Соцфондго акча которулбайт, коммуналдык төлөмдөр төлөнбөй, пособиелер токтоп калат.

Куру кыйкырыкпы?

Ал эми Бишкек ишкерлер клубунун аткаруучу директору Улук Кыдырбаев мындай билдирүүлөр негизсиз, курулай коркутуу деп эсептейт:

- Байкасаңыз, биздин кыргыздын саясатында көбүнчө коркутуп, ажиотаж кылып эле маалыматтарды бере беришет. Бирок анын артында эч кандай негиз жок. Эми кичине кыйынчылыктар болушу мүмкүн. Бирок дефолт болбойт деп ойлойм.

25-июлда “Азаттыкка” курган маегинде өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев экономикада 5,5 пайыз өсүш бардыгын белгилеп, туруктуулук болуп турса дагы жогоруларын айткан.

- Жалаң эле Мамстат эмес, Дүйнөлүк банк, Эл аралык валюта фонду изилдеп жатат, баарынын маалыматы бирдей чыкты. Өсүш бар. Албетте өкмөт калп айтып жатат деп сындагандар да чыгат. Бирок июндун маалыматын алсак, баалар өйдө кеткен жок, баалар токтоду. Анткени өкмөт жети айдан бери иштеп жатат, туруктуулук келди.

Экинчиден, эл арасында ишеним пайда болду. Элдин ишеними болсо, демек ишкерлердин, инвесторлордун ишеними пайда болот. Тынчтыкты сактап турсак, элдин, инвесторлордун ишеними көбөйө баштаса, Кыргызстандын экономикасы мындан ары да өсөт.

Көпкө созула турган курулуш иштери токтош керек. Быйыл эффект бербеген долбоорлордун баарын тоңдуруу абзел.

Ал эми Экономикалык тескөө министрлигинде өткөн маалымат жыйынында Эл аралык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Коба Гвенетадзе да оптимисттик билдирүү жасады.

“Биринчи жарым жылдык боюнча салык да, салыктык эмес да кирешелер жакшы түштү. Өкмөт бюджетти каржылай алат. Мындан тышкары алына турган гранттар да бар”, - деди Гвенетадзе.

Иши кылса, айтыла жүргөндөй, жөжөнү күздө санайт окшойбуз.

XS
SM
MD
LG