Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Бюджетиң барбы, Кыргызстан?


Кыргыз парламенти быйылкы жылдын бюджетин жакын арада карамакчы.
Кыргыз парламенти быйылкы жылдын бюджетин жакын арада карамакчы.

Саясий абалга байланыштуу Кыргызстан быйылкы жылды да бекитилген бюджети жок баштады.

Жогорку Кеңеште быйылкы жылдын бюджетин кароо аракети жасалууда. 12-январда КСДП фракциясы долбоорду талкуулады. Буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитети кайра иштеп чыгууга кайтарган эле.

Бюджет долбоорунда мугалимдердин айлыгын көтөрүү каралган эмес

Саясий жана өкмөттүк кризистерге байланыштуу Кыргызстан мурунку жылдары дагы бекитилген бюджетсиз жыл баштап келген. Быйылкы жылы да ошондой көрүнүш кайталанды. 10-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин өкмөттү түзүү кечеңдеп, ошого жараша бюджетти каралышы да жаңы жылга өтүп кетти.
Мындай бюджет болсо экинчи 7-апрель болот. Бул Бакиевдин эле былтыркы бюджети. Айылчы Сарыбаев

Өкмөт расмий түрдө бюджет долбоорун парламентке 30-октябрда жөнөткөн. Кечигип келген долбоорду Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитети жаңы жылдык майрамдардан кийин карап, бирок оңдоп-түзөп келүүгө кайтарган.

Комитет мүчөсү Өмүрбек Абдырахмановдун пикирине караганда, комитет бюджет долбоорун кайрадан келерки жумада карап калышы күтүлүүдө. Профилдик комитеттеги терс баага карабай 12-январда Социал-демократтар фракциясы бюджет долбоорун талкуулады. Ага каржы министрлигинин өкүлдөрү катышты.

Долбоордун негизги параметрлерине карай турган болсок, анын чыгашасы 79 млрд. 658 млн. сом, кирешеси 61 млрд. 100 млн. сом, таңсыктык 18 млрд. сомдон ашуун деп белгиленген. Бул долбоордо мугалимдерге, дарыгерлерге айлык акыларды көтөрүү киргизилбей калгандыктан аны кайра иштеп чыгуу зарылчылыгы пайда болду.

Ошондуктан түзөтүлгөн вариантта өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков белгиледи:

- Анча-мынча өзгөрүүсү ыктымал. Анткени мугалимдерге, дарыгерлерге айлыктарын көтөрүү маселеси коюлуп жатпайбы. Бизге келген вариантта алар камтылган эмес экен. Эми аларды өзгөртүп, булактарын таап алып келишет.

Кайсы тармакка каражат көп бөлүнгөн?

Бюджеттин чыгаша бөлүгүндө каралган 79 млрд. 658 млн. сомдун кандай бөлүнгөнүнө карай турган болсок, анда эң көп бюджеттик каражаттар каржы, ички иштер, билим берүү, президенттик аппаратка бөлүнгөнү көрүнүп турат. Маселен, Президенттик аппаратты кармоого быйылкы жылы 721 млн. 804 миң сом каралган. Парламентке 221 млн. сом, өкмөттүн аппаратына 291 млн. сом, Башкы прокуратурага 479 млн. сом бөлүнгөн. Министрликтер ичинен Тышкы иштер министрлиги чыгашасын өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге көбөйткөн. Маселен, эгерде өткөн жылдын бюджети 412 млн. сом деп каралса, быйылкы жылга 708 млн. сомдон ашуун каражат суралууда.

Тышкы карызды төлөөгө да ири өлчөмдө каражат каралган. Айрым маалыматтарга караганда, быйылкы жылы тышкы карыздарды төлөөгө 11 млрд.дан ашуун сом жумшалат.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязовдун билдирүүсүнө караганда, бюджет мындай түрдө болбойт. Ал өзгөртүлөт:

- Бюджет мына ушундай көрүнүштө болбойт. Албетте комитетте суроолор болот. Өкмөт ошого жараша жооп бериш керек, чечим кабыл алыш керек. Натыйжада өзгөрүү болот.

Экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев сунушталган долбоорду кескин сынга алды:
- Мындай бюджет болсо экинчи 7-апрель болот. Бул Бакиевдин эле былтыркы бюджети. Аны кайрадан бекитүүгө сунуштап жатышат.

Ошентип быйылкы жылдын бюджети кандай болоору жана качан кабыл алынаары дале белгисиз.

XS
SM
MD
LG