Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:27

Капчыкка карап, карынды ойло


Кыргыз үй-бүлөлөрү тапкан кирешелерин кантип үлөштүрөт?

Кабарчыбыз каржылык абалы ар башка болгон үч үй-бүлөнүн мисалында чакан иликтөө жүргүздү.

Бар заман...

Бегалы Наргозуев
ишкер, Жогорку Кеңеште депутаттыкты да аркалаган. Учурда бир ишканада жетекчинин кеңешчиси. Башка дагы ишканаларда үлүшү бар. Аялыныкын кошпогондо кирешеси төмөнкүдөй экен.

- Бир ишканада кеңешчи катары кызмат кылам. Ошон үчүн 25 миң сом өлчөмүндө киреше түшүп турат. Андан башка бир-эки ишканада үлүшүм бар. Үлүшүмө жараша ошондой эле акча түшүп турат. Ошонун негизинде биздин үй-бүлөлүк бюджет куралат.

Наргозуев чыгашасын көп деле эсептей бербейт экен. Эсине түшкөн бир айлык чыгымдары булар болду:

- Мен көп деле чыгым кыла бербейм. Азыр сен көргөн джип “Ленд Ровер”, анан дагы бир машинам бар “Тойота Прадо” деген. Ал деле көп ичпейт. Бензини үчүн 12 литр ичет 100 километрине. Бирок экөөнү тең айдабайсың да. Бирин айдаганда бири токтоп турат дегендей. 5 миң сом кетет айына. Анан түшкү тамакка кетет. Саунага бир жумада бир барабыз достор менен. Өзүнчө бир клуб бар, айына 250 доллар төлөп коёсуң. Андан башка чыгымдар, эми күнүнө 1000 сомдун тегерегинде кетсе керек.

Бегалы мырза кийимди көбүнчө чет өлкөдөн сатып алат.

- 1,5 миң долларга костюмдарды алдым. Мен да ошол сыртка чыкканда алам. Францияга, Англияга, Америкага, ошо чет өлкөгө чыкканда гана алып келем.

Ошондой эле 50 жашка чыккыча үч үй тургузган. Анын алгачкысын мындан он беш жыл мурда курган.

- Ошондо мен 100 миң доллардын тегерегинде салдым ошол эки кабаттуу үйдү. Кийин 2003-жылы бир үй салдым андан чоңураак кылып, азыр ошол жерде турам. Ал бир 150 миң доллардын тегерегинде бүткөн болчу. Анан Арашан айылында бир дача участок алып туруп, ал жерге эки кабаттуу чоң үй салдым.


Бегалы мырзада 3 бала бар. Улуусу үйлөнүп жайланган. Ортончу кызын чет өлкөдөгү колледждердин бирине окутууну пландоодо. Окутуу акысы жылына 25 миң доллар. Ал эми көкүрөк күчүгү быйыл мектепти бүтүрөт.

Мугалимдин жашоосу

Кийинки каарманыбыз Айжамал Баатырова орто мектептердин биринде эмгектенет. Үй-бүлөлүк бюджетин министрликтердин биринде иштеген жубайы экөө толтурат. Анын айлыгы 20 миң сомго чукул. Өзүнүкү 10 миң сомдун тегерегинде. Табылган каражат негизинен тамак-ашка жумшалат.

- Эми азык-түлүк үчүн үй-бүлөбүз чоң болгонуна байланыштуу бир айда ашса ашат, бирок 12 миңден кемибейт. Кабат үйдө турганыбызга байланыштуу коммуналдык кызмат бар. Жолдошумдун бензини, түшкү тамагы болуп атып, ал деле 6-7 миңди чапчып кетет.

Мындан тышкары төрт баласынын билим алуусуна да бир топ каражат жумшалат:

- Улуу кызым студент. Анын контрагы үчүн жылына 16 миң сом төлөйбүз. Айына 2-2,5 миңди жеке чыгымдарына беребиз. Эки уулубуз мектепте окуйт. Эми мектептин ремонту, мугалимдерге кичине майрамдык белеги менен 1,5 миң сомго барат айына. Кичүү уулубуз бала бакчага барат. Ал деле мектептегидей, 1200 сомду чапчып кетет.

Жалпы чыгым айына 40 миң сомдон ашат дейт. Мунун баарын күйөөсү экөөнүн айлыктары жаппайт экен. Жетпегенин болсо айылдагы малдарынан сатып толтурушат.

Тар заман...

48 жаштагы Көкөн Салпиев айылдан жумуш таппай, былтыры борборго келген. Базарда дүңүнөн самсы алып сатып жүргөнүн, эми башка нерсени сатууну пландап жатканын айтат:

- Эми базарда эмне өтүп жатат. Ошону сатыш керек да. Суу, балмуздак. Ошондой. Эптеп акча табышты ойлонуп жатам да. Самсы сатчу элем, ал да өтпөй калды күн ысып кетип. Азыр эми бул жерге баягы эже тааныш эле отуруп калдым да, тараза менен иш кылсамбы деп.

- Таразадан күнүнө канча тапса болот экен?

- Эми күнүнө ар кыл экен да, кардарга карайт. Күнүнө 150-200 сом тапса болот го.

Самсы сатканда деле күнүмүк кирешеси 150 сомдон ашчу эмес. Тапкан акчасынын негизги бөлүгүн мындайча коротот экен:

- 20 сомдон картошка, 20 сомдон пияз, 20 сомдон сабиз... Жарым килограммдай күрүч аласың 50 сом. Эми эт деле көрө элекпиз. Илинип турганын көрөбүз эми, бирок бир айдан бери эт-пет деле жей элекмин. 100 сомдук кетет да тамак ашка. Калганы жол киреге.

- А канча сомго кийинесиз?

- Эми ар кандай, 100-150 сом. Ушунун тегерегинде.

Ал эми жубайы болсо арак заводунда бөтөлкө жууп иштейт. Айлык кирешеси 4 миң сом. Мындан тышкары эки кызы Казакстанда бала багуучу. Алар өз жандарын өздөрү багышат. Кичүү кызы тайэнесинин колунда.

Кыздары бойго жетип калганына карабастан аларга алигиче сеп даярдай электигин, андыктан турмушка аттанбай коё турар деп үмүт кылып жатканын айтты:

- Алар деле эми кичине күтө турат го дейм. Эми, аракет кылыш керек баары бир.

Бүгүнкү күндө кыргызстандыктардын арасында мындан да бардар, же болбосо тапкан кирешеси мындан да аз үй-бүлөлөр болушу мүмкүн. Бир катар эл аралык уюмдар жарыялаган изилдөөлөргө ылайык, Кыргызстан жарды деген өлкөлөрдүн катарына кирет.

XS
SM
MD
LG