Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:03

Алтын фондду толтурган инсан эле...


Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчу уулу.
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчу уулу.

Бишкекте Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын, котормочу жана радиожурналист Тенти Орокчиев 83 жашында дүйнө салды. Ардагер журналист тууралуу 2019-жылы жазылган макаланы окурмандардын назарына сунуштайбыз.

Тенти агайдын алтындан баалуу архиви

Журналистиканын ардагери Тенти Орокчу уулу уникалдуу инсан. Ал радиожурналист катары ондогон акын-жазуучулар, өнөрпоздор жана окумуштуулар менен маектешкен жана бул маектердин көбү Кыргыз радиосунун алтын фондуна кирген.

Тенти Орокчу уулу Кыргыз мамлекеттик радиосунда 30 жылдай эмгектенип, 2002-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Бул аралыкта Тенти ага көптөгөн чыгармачыл инсандар жана окумуштуулар менен дидарлашып, үндөрүн жазып алган. Ал үндөр бүгүн Кыргыз радиосунун жана Мамлекеттик архивдин алтын корунда сакталуу.

Тенти ага көйкашка инсандар менен баарлашып жатканда алардын үндөрүн тарых үчүн, болочок муун үчүн жазып жатканын ойлогон да эмес. Өзүнүн журналисттик гана милдетин аткарган. Ошол интервьюлардын айрымдары “Асылдар баяны” деген үч томдук жыйнакта жарыяланды. Үчилтикти окуган адам журналист ар бир маекке даярданып жатканда тиешелүү адабияттарды окуп, сүйлөшчү адамынын өмүр жолуна байланыштуу маалыматтарды да жанына тизмектеп алганын байкабай койбойт.

Өжөр журналист Тенти Орокчу уулу 300 саатка жакын радиоинтервью жазып алган. Алардын арасында Аалы Токомбаев, Касымалы Баялинов, Мамасалы Абдыкаримов, Зияш Бектенов, Тенти Адышева, Насирдин Байтемиров, Шүкүрбек Бейшеналиев, Чыңгыз Айтматов жана башка кыргыз адабияты менен маданиятынын имаратын тургузууга жигердүү катышкан калемгерлердин үндөрү, драматург-жазуучу Токтоболот Абдумомунов дүйнөдөн өтөр алдында берген акыркы интервьюсу да бар.

Тенти аганын алтын корундагы үндөр тууралуу сураганымда, кыргыздын туңгуч романисти Түгөлбай Сыдыбеков менен кеминде 24 саат баарлашып, үнүн жазып алганын айтып, сөзгө кирди:

- Түкөмдөн (Түгөлбай Сыдыкбеков) баштайын: аны менен түз жазып алган маегим 24 саат. Анын ичинде 57 мүнөттүгү, 1 саат 10 мүнөттүгү болуп, баш-аягы 24-25 саат. Андан башка да Түкөм менен үйүнө барганда коноктор келип калат... Бир күнү Түкөм менен отурсам, Казакстандан журналист жээни келип калды. Ал котормочу да экен. Аны менен маек кургам. Салмагы 4-5 килограмм чыккан “репортёрумду” көргөнсүң да. Аны Түкөмдүкүнө барганда жанымда ала жүрчүмүн.

Аалы Токомбаев менен азыраак - беш саат, Насирдин Байтемиров менен 4-5 саат, Токтоболот Абдумомунов менен сегиз саат маек курдум. Ал мындайча болду. Мурда Абдумомуновду төрт саат жазгам. Бир күнү редакцияга жумушка барсам, “Омор Султанов издеп атат” дейт. Оморго телефон чалсам: “Ай, сени Т. Абдумомунов издеп, телефон чалып атат. Үйүнө бар. Үн жазгыч аппаратыңды алып ал, сүйлөшө турган сөзү бар экен”, - деди. Барып салам айтып: “Аксакал, издеген экенсиз”, - дедим. “Оо, ананайын, издедим”, - деди. Анда Т. Абдумомунов эки жылдай ооруп жатып калган. “Ананайын, - деди. - Мен болдум”. “Коюңузчу! Ушинтип да айтабы?” - деп чоочуп кеттим. “Ай, эми айтыш да керек. Болору болду. Эми сен жанагы аппаратыңды алып кел. Мен мобу төшөккө кыңкайып жатам. Сен суроону бересиң”, - деди. Ошону менен бир айдын ичинде төрт саат жаздык. Ошентип сегиз саат болду. Анын ичинде жалаң Лениндин кыргызга кылган эмгегин айтканы бар, драмалары жана башкасы бар.

Тенти ага Кыргыз мамлекеттик радиосунда эмгектенген 1973-2002-жылдары азыркыдай чөнтөккө сыйган үн жазгыч кайда?!

Ошого Жаш гвардия бульварында жумуштан бараткан Тенти аганы качан кездештирсең, чоңдугу кичинекей чемодандай болгон, салмагы беш килограммга жакын үн жазгычты ийнине торбодой илип жүрөр эле.

Такай ойго термелип, кээде бет маңдайынан чыккан кишини да байкабай калчу. Бирок да ысымы эл оозундагы чыгармачыл адамдарды көз жаздымында калтырбай, айрымдары менен эки-үч мертебеден маек курганга үлгүргөн.

Торбодой үн жазгычты ийинге илип...
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:05 0:00

Илимде да, турмушта да дыйкан Кусейин Карасаев

Карыя журналист ошол өзү дидарлашкан үлкөн инсандардын ичинен “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүн” түзгөн окумуштуу-лексикограф Кусейин Карасаевдин мээнеткечтигине, темир-тезекке жакындыгына өзгөчө тан бергенин белгиледи:

- Мээнеткечтик, эринбестик, кыймыл. Мен ушул сөздөрдү бекер айткан жерим жок. Бул сөздөр Кусейин Карасаев аксакалдын мүнөзүнө таандык. Мен университеттин филология факультетинде окуган эмесмин. Ал киши филфакта көп жыл мугалим болуп иштеген. Азыркы залкар жазуучулардын көбүнө сабак берген, дарс окуган. Мен Кусейин Карасаев менен радио аркылуу байланышып калдым. Менин таң калганым: ал кишинин үйүнө эртең менен саат сегизде барсаң да, кечки сегизде барсаң да Айша апа экөө иштеп жаткан болот. Же машинке басып атат, же аксакал китеп окуп отурат, же колу менен текст көчүрүп отурат. Мен аксакалды 1988-жылдан баштап 10 жыл жакын үзбөй көрдүм. Анысы го өзүнчө. Ага чейин аксакал 25-26 жыл бою 25-майда Чоң-Сары-Ойго көчүп кетет. Ал кыштакта 25-26-жылдай үч-төрт бөлмөлүү жер тамда жашашкан. Анын төрт-беш сотых жери бар. Ошол короого беш-алты түп өрүк, алма тигилген да. Жогору жактан суу агып келбегендиктен дарактардын ар бирине бирден-экиден темир түтүк коюп койгон. Мен бир күнү Айша ападан сурадым: “Мынабу түтүктөрдү жакшы кылган экенсиздер. Ким жасап берди?” “Ой, муну абаң өзү эле коёт”, - деди. Көрсө аксакал Бишкектен чыкканда чарбалык товарлар дүкөнүнө сөзсүз кайрылып, бурама, же түтүк, же кескич, иши кылып, керектүүсүн кайсы жерде болсо издейт экен да. Ошентип, керектүү аспаптарды чогултуп алыптыр. Түтүктөрдү өзү кесип, өзү туташтырыптыр.

Кусейин Карасаев зайыбы Айша менен. 1937-жыл.
Кусейин Карасаев зайыбы Айша менен. 1937-жыл.

Кусейин Карасаев 1938-жылы чыккан “Орусча-кыргызча сөздүктү” жана 1944-жылы жарык көргөн “Кыргызча-орусча сөздүктү” түзүүчүлөрдүн бири. Тенти агай окумуштуу Караколдо жашап турган жылдары багбанчылыктан башка да короосунда мал кармаганын, деги эле жаны тынбай эмгектенгенин айтты:

- Кийин азыркы Касым Тыныстанов атындагы университет Караколдун четинен Кусейин Карасевге бир үй бериптир. Ал да жер там. Бир күнү барып калдым. Төрт-беш сотых жери бар, короонун ичи толтура карагат. Өрүгү да, алмасы да бар экен. Ападан дарактарды ким караганын кайра сурадым. “Муну абаң өзү сугарат. Бышканын терет”-деди. Короонун нары жак четинде эки-үч кой маарап атат. “Муну ким багат?” “Муну да абаң багат, астын тазалайт, жем берет”, - деди апа. Ошондо аксакал 95-96 жашка чыгып калган. Өтөрүнө үч-төрт ай калганда да келип кеткем. Ошондо эмне иш кылып жатканы, сөздүктөр жөнүндө маек курганбыз. Баарынан кызыгы - 97-98 жашка чыккыча да сөзүнөн бир жаңылып калбай жүрдү. Сөзүнүн тактыгы, логикалык байланышы таң калтырат.

Кусейин Карасаев 1998-жылы 100 жашка үч жыл жетпей көз жумган.

Тенти агайдын журналисттик арманы

Тенти агайдын айтымында, ал бардыгы болуп кыркка жакын акын-жазуучу, илимпоз жана өнөр адамы менен маектешкен.

Анткен менен “XX кылымдын Гомери” деп аталган Саякбай Каралаев жана айтылуу “Каныбек” романы менен калайыкка белгилүү Касымалы Жантөшевдин үндөрүн жаза албай калганына эмгиче арман кылат:

- Мен эки гана адам менен маектешпей калганыма кичине өкүнөм да... Саякбай Каралаев мен радиого келгенче, 1971-жылы 7-майда кетип калды. Мен болсо радиого 1973-жылы келдим. Касымалы Жантөшев 1968-жылы кетти. Албетте, ал кезде өзүм менен жашташ, менден эки-үч жаш кичүүлөргө маек курганы барган жокмун. Анткени “Турар Кожомбердиев, Жолон Мамытов жаш, буякты (улуу курактагыларды) жазып алайын. Алар эми тура турат” деп, артисттердин да бир тобу кетти. Ошо улуу катардагы жазуучулардын эч кимиси деле калган жок. Кубанычбек Маликов калды. Ал киши кичине таарынып, айткан тилимди албай жүрүп, кетип калды. Шүкүрбек Бейшеналиев менен да макулдашып, бирок ал “эртең кел, бүрсүгүнү кел”, “ана жазабыз, мына жазабыз “ деп жүрүп...

Саякбай Каралаевдин эстелиги.
Саякбай Каралаевдин эстелиги.

Кыргыздын туңгуч балеринасы, легендарлуу Бүбүсара Бейшеналиева, ошондой эле кинодо жана театрда эстен чыккыс образдарды жараткан Бакен Кыдыкеева менен да убакыттын айынан жолуга албай калганын айтты агай.

- Ал киши (Бүбүсара Бейшеналиева) да кызык. Бир кызыгын айтып берейинби? “Эже, мен Кыргыз радиосунанмын. Мен сизди жазып коёюн”, - деп барсам: “Ой, айланайын! Менин ишим бар эле. Эртең кел”, - дейт же: “Бир жумадан кийин кел”, - дейт. Бир жумадан кийин барсам: "Коё турчу, айланайын! Колум бошобой турат”, - деп жүрүп үнүн жазбай калдым. Бакен Кыдыкеева менен да ушундай болду. “Айланайын, коё турчу! Эртең кел, бүрсүгүнү кел”, - дейт. Барсаң, бир жакка кетип калган болот.

Тенти агай радио үчүн жазып алган маектер - залкар инсандардын философиялык көз карашы, дүйнө таанымы, өмүрүндөгү урунттуу учурлардын бир фрагменти гана.

Бирок бул үндөр кийинки муунга өткөн доордун жүрөк дүбүртүн, ой чабытын тирүүлөй жеткирген коңгуроодой. Көкүрөктөн сыдырылып айтылган бул сөздөр болбосо өлкө тарыхы бөксө болмок.

Тенти Орокчиев Ысык-Көл облусунда Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында 1938-жылы 8-сентябрда төрөлгөн. 1974-жылдан тартып 2002-жылга чейин Коомдук телерадиокорпорациясында эмгектенген.

Анын «Мекенимди даңктаймын» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы 1978-жылы жарык көргөн.

1991-жылы Орокчиевдин кыргыздын акын-жазуучулары менен курган радио маектери китеп болуп басылып чыккан.

Ал Кыргыз радиосунун «Казына» чыгармачыл-өндүрүштүк бирикмесиндеги эмгек жолунда очерк, композиция, эссе жана маек сыяктуу радио чыгармаларды камтыган 3,5 миңге жакын уктуруу даярдаган.

Соңку жылдары «Кыргыз руху» гезитинде баяндамачы, «Манас» радиосунда «Таберик» уктуруусунун автору жана алып баруучусу болуп иштеген.

Радиожурналисттик көп жылдык жана чыгармачыл эмгеги эске алынып Орокчиевге 1997-жылы Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, 1998-жылы КТРКнын отличниги деген ардак наамдар ыйгарылган. 1994-жылы ал эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун сыйлыгын алган. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.

"Азаттык" радиосунун жамааты Тенти Орокчиевдин үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

XS
SM
MD
LG