Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:38

Ашым Жакыпбековдун ак чокусу


Ашым Жакыпбеков Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты чыгармаларын кыргызчалаган.
Ашым Жакыпбеков Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты чыгармаларын кыргызчалаган.

Окумуштуулар, айрыкча психологдор "жөндөм, талант деген нерсе ар бир адамда болот" деп айтышат. "Бирок ошол талант дайым эле ачыла бербейт экен же ачылса да толугу менен ачылбайт экен" дешет. Чындыгы бар сөз го. Алыс кетпейли да, өзүбүздүн кыргыз адабиятын алалы.

Көп эле адис-изилдөөчүлөрдүн айтуусунда, Алыкул Осмонов менен Мидин Алыбаевдин табият тартуулаган акындык таланттары болжол менен алганда бирдей эле болгон экен. Бирок акыр-аягында Алыкул XX кылымдагы кыргыз адабиятынын туу чокуларынын бири катары тарыхка кирди да. Ооба, ага себеп катары бир катар шарттар жана кырдаалдар, ички-тышкы себептер саналып жүрөт. Көрсө табият берген талантты тулпардай таптап, алгыр куштай таманынан кагып ак булутту аралата учурган дагы көп нерселер керек тура.

Менин жеке пикиримде, Чыңгыз Айтматовдун эң мыкты чыгармаларын кыргызчага чырайына чыгара которуп, атактуу “Теңири Манас” аттуу романын жазып кеткен Ашым Жакыпбеков жазуучу катары, көркөм сөз чебери катары дарамети же мүмкүнчүлүктөрү көбүнөн мыкты инсан эле.

Бирок Ашыкенин чыныгы дарамети аягына чейин ачылбай жүрүп өтүп кетти сыяктанат. Анын аябагандай зор жазуучулук мүмкүнчүлүгү бар экенин айрыкча Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын кыргызчага оодарганда чындап билдик жана туйдук. А. Жакыпбековдо сүрөткерлик зор талант жатканын анын “Теңири Манас” романын окуганда дагы бир жолу көрдүк. Стефан Цвейг менен Михаил Лермонтовдун чыгармаларын орусчадан кыргызчага чоң чеберчилик менен которгондо байкадык... Ошондо "аттиң, Ашыкенин сүрөткерлик таланты котормодо эмес, анын жеке чыгармачылыгынан көрүнгөндө, өзүнүн төл чыгармаларында чындап гүлүн ачканда кандай сонун болмок" деген ой сөзсүз кетчү ...

Ашым Жакыпбеков. 1935-1994.
Ашым Жакыпбеков. 1935-1994.

Ашым Жакыпбеков бир интервьюсунда эмне үчүн Айтматовдун чыгармаларын кыргызчага которууга көп өмүрү, көп эмгеги кеткенин түшүндүрө келип, Айтматов экөө бир айылдын – Шекердин кулундары, бир суунун боюнда чоңойгон жердештер экенин айткан эле.

Экинчиден, “Жамийла” менен ”Биринчи мугалимдеги”, “Гүлсараттагы” окуяларды, каармандарды ал деле көргөнүн же укканын, ошон үчүн Айтматовдун тексттерин орусчадан оодарганда кудум өзү да аралашып жүргөндөй, өзү жазып жаткандай ырахаттанып которгонун эскерген.

Ырас, Ашым Жакыпбековдун жазуучулук жолу жалпысынан байсалдуу эле болду. Аны өз муунунун чыгаан калемгери, таланттуу жазуучусу эле десек толук жарашмак. Ошону менен бирге, Ашыке жазуучу катары Айтматовдун катуу таасиринде калган, Айтматовдун изи менен кеткен талант эле. Биринчиден, Айтматов жазган темаларга Ашыке да кайрылды. Анын себеби - алардын турмуштук тажрыйбасы көп жагынан окшош эле. Чыкебиз сыңары Ашыке да согуш учурундагы кыргыз элинин турмушун жазды.

Атасыз өскөн же аталардын ордун эрте баскан өспүрүмдөрдүн тагдырын “Атасыз өскөнбүз” деген повестинде баян этти; Айтматовдун “Гүлсаратындагы” турмушту же темаларды “Айгашка” повестинде жазды, “Бетме-беттеги” дезертирдин тагдырын “Катаал багытта” козгоду. Ырас, булардын баары Айтматов жазгандан кийин жазылды; бир гана жери - абдан мыкты жазылса да, алар орусча эмес, кыргызча кагазга түштү, темалар глобалдык эмес, улуттук контекстте козголду, дүйнө окурманы үчүн эмес, кыргыз окурманы үчүн иштелди. Айтматов башынан эле Шолохов, Симонов, Твардовский сыяктуу алптар менен жарышкысы келип, кийин Солженицын, Распутин, Бондарев, Евтушенко, Аксенов сыяктуу сай күлүктөрдүн тобунда даңкан зыргытса, ал эми Ашым Жакыпбеков Асанбек Стамов, Сейит Жетимишев, Мар Байжиев сыяктуу таланттуу курбалдаштары менен ат салышты. Озсо озду, бирок алардан эч артта калган жок. Сөздүн ток этерин айтканда, Ашыкеде жазуучу катары Чыңгыз Айтматовдон же Төлөгөн Касымбековдон эч бир кем эмес таланты бар эле, бирок ал талант негизинен Цвейг менен Лермонтовдун, андан соң Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын орусчадан кыргызчага которууга короду.

Байдылда акын жазгандай, Айтматов Париж менен Лондондо болсо, Ашым Жакыпбеков негизинен Бишкекте, киндик каны тамган Таласта, эли-жеринде болду. Бир айылдан өскөн жан агасы жалаң калеминин, генийлигинин күчү менен ааламга аты кеткенине кубанып да, сыймыктанып да, таң калып да жүрдү...

Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгы тууралуу макалалардын бири.
Ашым Жакыпбековдун чыгармачылыгы тууралуу макалалардын бири.

Албетте, адабият - спорт эмес, жарыш да, мелдеш да эмес. Адабият - адам баласы ойлоп тапкан өнөрлөрдүн эң эле татаалдарынын, айтып түшүндүргүстөрүнүн бири. Анын үстүнө улуу жазуучу болуш үчүн улуу тагдыр керек экен да. Чыкебиздей тозоктун отуна эртелеп күйүп, ыза менен ардын эң ачуусун татып, улуу ойлор, улуу идеялар, элден башкача көркөм концепциялар, философиялык туюмдар менен алпурушуп, гуманисттик ачылыштар көкүрөккө кыт болуп уюшу шарт экен да. Ошонун негизинде Айтматов ХХ кылымдын улуу жазуучуларынын бири болду, ал эми Ашым Жакыпбеков болсо кыргыз төл адабиятынын мыкты чеберлеринин бири болуп таанылды. Айрыкча котормочулугу жагынан. Чыңгыз Айтматовдун повесттери менен романдарын орусчадан кыргызчага оодаруу жагынан...

Ошентип, бир айылдан эки таланттуу сүрөткер чыкты, бирок жазуучу катары Жакыпбеков Чыңгыз агасы чапкан жол менен кетти. Изин изге улады, сөзүнө сөз кошту. Айтматов күн болсо, Ашым Жакыпбеков күндүн нуруна киринген ай болду.

Ашым Жакыпбековдун ак чокусу
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:49 0:00

Эми Ашыкенин жеке чыгармачылыгына келели. «Айгашка» менен «Айдагы жез кемпирден» баштап «Катаал багыт», «Атасыз өскөнбүз», «Теңири Манаска» чейинки чыгармалар – кыргыз адабиятынын алдыңкы катарындагы чыгармалар. Кайсы бир кемчилигин таап, карыштыра кармаган катуу сындын элегенинен өткөрсөң да кичирейбей турган, баасы кемибей турган маанилүү жаратымдар. Ал эми «Теңири Манас» -- кыргыз романистикасындагы эч кимге же эч нерсеге окшошпогон уникалдуу роман. Ырас, бул темага 1970-жылдардын башында Айтматов да жакындап келип, гениалдуу «Кайрылып куштар келгиче» деген аңгемесин кыргызча жазган эле. Бирок эмнегедир аягына чыгарбай койгон. Теманы анын туура жыйырма жыл өткөндөн кийин Ашым Жакыпбеков илип алып, атактуу романын жаратты.

Менин оюмча, бул романды Жакыпбеков гана жаза алмак же мындай чыгарманы жаратыш Жакыпбековдун гана колунан келмек. Анын үстүнө кырдаал да абдан жагымдуу эле - «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен дүйнөлүк масштабда белгиленип жаткан.​

​Ошону менен бирге «Теңири Манас» баарыбызга бештен белгилүү сюжетке байланган чыгарма болгонун, улуу эпостун автордук интерпретациясы экенин унутпашыбыз керек. Баса, ушул эле пикирди Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасына, К. Жантөшевдин «Курманбек» трагедиясына, Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» пьесасына, Түгөлбай Казаковдун «Насыйкат» аттуу ырына, ж. б. д. у. с чыгармаларга карата айтышыбыз керек.

Ушундан улам ой жаралат: адабий тагдыр, жазуучулук жол же чыйыр деген эмне? Бир сөз менен жооп берүү кыйын, бирок ушуга байланыштуу Чыңгыз Айтматовдун бир кызыктуу фотосүрөтү эске түшөт. Ал сүрөттө Чыкебиз Шекер айылынын чети менен кеткен жалгыз аяк жолдо бир жакты көздөй жөө кетип баратат.

Эгер элестүү айтсак, ошол жол аны акыр-аягында дүйнө адабиятынын так сересине, көркөм сөздүн Хан Теңирине жеткирди. Ал - Айтматов баскан жол болду. Менин баамымда, Ашым Жакыпбеков да ошол Шекерден өзүнө ылайык бир чыйырды тандап, чоң дүйнөнү көздөй жол тартты. Ал жол Ашыкени аскасы асман тиреген Хан Теңирге алып барбаса да, айтылуу Манас-Атанын ак кар, көк музуна адаштырбай алып келди.

Кылчая карап, алыстан көз чаптырсаң, Хан Теңир да, андан берирээктеги Манас-Ата да бирине бири куп жарашып, бири-бирин толуктап, Манас менен Сыргактай, Аккула менен Тайбуурулдай ажырагыс болуп көрүнгөнсүйт…

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG