Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:30

Сен менин канатымсың...


Даркан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.
Даркан жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков.

Түгөлбай Сыдыкбековдун “Аксур” аңгемеси 1972-жылы жазылган. Сүрөткердин аңгемечилик өнөрү жайында негедир кеп деле болбойт. Кыязы, анын көлөмдүү романдары мыкты аңгемелери менен поэзиясын жаап, көп окурмандар Сыдыкбековду даркан романчы катары гана таанып калган окшойт.

Жазуучунун чакан эпикалык жанрдагы туундулары “Кайнар булак”, “Күлкү жана өмүр”, “Өмүр тамыры” сындуу китептерине чогултулган. Алардан улам “Тоо арасында” менен “Көк асабанын” автору чакан жанрдын гана артынан түшсө, мыкты аңгемечи катары деле адабият тарыхынан орун алмак деген ой келет.

Түгөлбай Сыдыкбековдун атын укпаган, анын кайсы бир чыгармасын окубаган адамды кыргыз арасынан табыш кыйын. Жазуучунун көп чыгармалары окуу программаларына киргизилген, социализм заманында китептери арбын нускада чыгарылган. Кыргызстан эгемендикке жеткенден кийин улуу сүрөткер колунан келишинче жаңыдан каз-каз туруп келаткан жаш мамлекетти колдоп, нуска кебин айтып, элин жакшылыкка үндөп келди. Кыргыз тили, кыргыз тарыхы, кыргыз маданияты дегенде даркан жазуучунун кандан-бектен кайра тартпас көкжалдыгы бар эле. Социализм доорунда чыкпай жатып чоң чууга туш келген “Көк асаба” романы үчүн кандай ур-тепкиге алынганы белгилүү, а бирок көжөлүп отуруп анысын горбачевдук “кайра куруу” заманында жарыкка чыгарган жайы бар.

“Саадакка ок солоп...”

“Аксур” да кыргыздын өткөнүн чагылдырган, жоокерчилик замандагы эки жаштын кайгылуу тагдырын баян кылган чыгарма. Эрөөлдөн кайтып келаткан жоокерлер жол боюнда турган тааныш атты көрүшөт. Жылкынын чылбырын белине байлап алып уктап жаткан чоочун бала кийин кыз болуп чыгат. Аты Ак-Кыз экен. Кыз эмнеликтен жигиттин атын минип, минтип алыс жолдо чарчап уктап калышынын чоо-жайын кадалган элге айтып берет.

“Алмас экөө эрөөлдө кездешип таанышкан. Алмас аны улан деп, адегенде жоолашып, жаа тартышып мөрөйлөшкөнүн, мөрөйдөн алдырганын, анан өзү эр башында мөрөй алдырып койгону – улан эмес, кыз экенин билгенде ага ызаланмак, арданмак тургай кайра таңданганын, ага ыраазы болгонун, анан экөөнүн ортосунда ашыклык оту тутанганын – экөө бири-бирине арзышканын, өмүрлүккө жар болушалы деп, бармак тиштешип, антташканын – баарын айтууга эптенди. Бирок...

Айталбай бөгөлө берди. Анын себеби, булардын сырынан шек санашкан Ак-Кыздын өз агалары кайдагы бир тентип жүргөн селсаяк немеге эр кийимин кийген, эр жарагын кармаган баатыр карындашын ыраа көрүшпөй:

- Селсаяк кетсин. Ал тексиз, сага тең эмес, Ак-Кыз! – деп эң улуу агасы үн көтөргөндө, Ак-Кыз:

- Алмас – алмас кылыч, эр жоокер өз элинде, аба! – деди.

- Ол Алмас кылычтын эли жайсыз. Онун аты Алмас болгону менен Эр-Меркит тукумунун кызына тең эмес. Жаманга жар болгуча, жакшыга күң болосуң! Үстүңдөн эр тонун чечип, колуңдан эр жарагын алып... тигил бир жакшыга өзүңдү күңдүккө беребиз?! – дейт агасы.

Ушундан кийин саадакка ок солоп Ак-Кыз Алмас менен качып чыгат. “Качып” деген сөздү оозуна албады Ак-Кыз:

...Ошентип биз эрөөлдөн элге карай узай бердик... Артыбыздан куугун калбады. Айкай салып, жебе учуруп, куйрук улаш келатты баары. Жанга күч келгенде кылчайып анда-санда ок чыгарбасак, соору салып келе бердик. Биз алар менен кантип жоолашат элек. Канткенде биз аларга ок атат элек”.

Жоокердик турмуштун мыйзамы менен жашап, ортодогу каршылаштыкка карабай, алоо сезимге алдырган эки жаш баарына кол шилтеп качып чыккан кези эле. Арттагы куугундун жолун тосуп, эр урушун салышка экөөнүн дити барбайт. Ак-Кыздын жакындары, агалары баш болуп кууп келатышат. Ак-Кыз жакшынын күңү болгуча эрөөлдөн таанышкан Алмасты ээрчип, мындан аркы тагдырын анын колуна салып берген.

“Аксур өзү жеткизет”

Өчөгүшкөн куугундун жебесинен Алмас жолдо жан берип, Аксурду мингизип сүйгөн кызын ата-энесине жөнөтөт. Тааныбаган жерге, бейтааныш элге кыз башы менен кантип барат?

“Далортого болот жебе мадалып, Алмастын кыйналган кези Ак-Кыздын көз алдына келди. Мала кызыл кан көбүк аралаш Алмастын ууртунан сызылган. “Кырр” этип Алмас басыла түшкөн. Кадимки желге көөп турган жели чыга баштаганда кандай басырылса, Алмастын көкүрөгү да ошондой басырылып, анан музоо кирпиктери көтөрүлүп, өтө эле жалдырай караган:

Аксурдун тизгинин какпа-а... Өз жайына кой... Элге алпарат. Атамды – ата, энемди – эне дең. Алмастын жарымын дең...

Чытырман чердүү адырда куугунчуларды жазгырдык... Алмаска ок жаңылбаса, экөөбүз мындан он күндөй илгери эле аман-эсен элге кошулат элек.

Жебе өпкөсүн тешиптир... Болдуркан эки ат өз терине бууланып темтеңдеп оттой беришти. Өтөктөгү булактын башында асылым өз колумда шумкар болуп көккө учту, Ата-а.

Эртеден бери катып-сенип олтурган Байтерек селт этти.

Өз өпкөсүнө ок тийгендей иреңи купкуу боло түшүп, Ак-Кыз жер сүзүп сулады.”

Мына, кыз эңсеген жерине жетип, Алмастын атасы менен энесинин, жарданган элинин алдында турат. Алмас ата-энеси экөө да эрөөлдө табышып, өмүр бою ынтымак жашаганын айтып, ашыгын алыс жолго узатар алдында актыкка моюн сунган. Кыз анын айтканын аткарып, Аксурду оюна коюп, акыры Алмастын жерине жетти. Кулагында Алмастын сөздөрү жаңырат.

“-...Аксур өзү жеткизет! – деди Алмастын үнү анын кулагына.

- Эч бирин тааныбаган журтка кара бет болуп кантип барамын, сырттаным?

Алмастын үнү чыйралып чыкты:

- Атам – Байтерек, энем – Асылжан экөө ушу бизчилеп эрөөлдө табышыптыр. Нике жолу ичке деп айтышчу... Эр уулга тар жолдо, тайгак кечүүдө табышкан жар күйүмдүү дешчү...

Карыянын үнү эшитилди:

- Эр жолу – кайып жолу!

- Айя, аке. Кайрандар ошол кайып жолунан табышкан экен да...

Ак-Кыз көңүлүндө Алмасты моюнунан кучактады:

- Энтикпечи, сырттаным. Жаныңды кыйнабачы?

Алмас күлгөнсүдү:

- Менин жаным эми эч кыйналбай турган болуп баратыр...

Ак-Кыз Алмастын жүзүнө жоодурай карады, үн катпай.

Үстүдөн канаттары зып-зып шуулдап, кантсе да тоо кептерлери учуп өттү көрүнөт. Алмас алардын канат күүсүн тыңшады. Анан кан сызылган уурту жымыйды:

- Эшиттиңби, Ак-Кыз?

- Эшиттим, жаным.

- Жебе тешсе, ушу шуулдаган канаттар да кагылбайт...

Ак-Кыздын үнү эң аянычтуу чыкты:

- Сен менин канатымсың...

- Уа, мен эми кагылбасмын... Аксур сени аман-эсен элге жеткизет.

- Чогуу кетелик, сырттаным

- Мени жоо жебеси тешти... Сен журтка жет”.

Кайгы-муңга басырылган кыздын сөзүнө угуп отургандар кайгырышат. Байтерек урушка кеткен уулунун курман болгонуна кайгырып, бирок анын ордуна жоокер бүлө болуп Ак-Кыздын келгенине топук кылып, жашоо-тирдигин улантат.

"О, эренибиз Алмастан, беренибиз Ак-Кыздан айрылдык, арман!"

Ошентип Ак-Кыз Алмастын ордун басып, Байтерекке кыз да, уул да, келин да болуп кызмат кылат.

“Күндөрдүн биринде кыйырга жоо келатыр деген кабар жетип, Байтерек өзү кол баштап, жоо жолун бөгөдү. Күн бирде ачык, бирде бүркөө турду.

Ошо айкашта Ак-Кыз тарткан жебе куйрук улаш учту. Байтерек баштаган кол бирде айкыра жоого серпилди. Бирде удургуп, амалдап, жазгыра тайманбай, чабышты. Жоонун колбашчысынын жүрөк үшүн алды. Жоо колу кансырады, сүрдүгө баштады.

Тобай алп сол жагында, Ак-Кыз оң жагында, Байтерек чегинген жоону сүрүп келатты.

Бир маалда:

- Уа, ата, сактаның! – деген Ак-Кыздын үнү ачуу чыкты. Ал өзү Байтеректин алдына өттү. Ошол замат ызгып учкан от жебенин болот учу Ак-Кыздын алкымына мадалды.

Жоо сүрүлгөндөн сүрүлдү. Качан ал биротоло кайрылгыс болуп безип кеткенден кийин – жоону жеңген кол эр кол башчысы, журт акылманы Байтерекке мээленген жебеге өз боюн тосуп курман болгон Ак-Кыздын сөөгү кара буурага жүктөлдү. Алмастын да, Ак-Кыздын да канаты – Аксурга тул жабылды.

Жоону кыйырдан сүрүп кубанган кол, эми жер сойдура дүңгүрөтүп кайгы жутуп, журтка өкүрүп келишти:

- О, эренибиз Алмастан, беренибиз Ак-Кыздан айрылдык, арман!

Арадан күн өткөндө береги кан жолдун боюндагы калың көрүстөндүн бир четинде топурагы чоң үйүлгөн бир мүрзө калды. "Ошо мүрзөнүн четин басып, жер чапчылап окуранып турган Аксурду көрдүк" дегендер айта жүрүшүп, бул тарых соңкуларга жетиптир”.

Жазуучунун тарыхый аңгемелеринде жоокерчилик замандагы ар кыл адам тагдырлары баяндалат. Анда эрдик менен айкөлдүктүн, улуулук менен бийиктиктин аңыз кепке айланып кеткен толгон-токой мисалдары келтирилет. Кыргыз тарыхынын түпкүрүндө калган катмарларын иликтеп, бабаларыбыздын байыркы жашоосун жаңы муундун эсине салышка киришкен сүрөткер айтылуу “Көк асаба” романын жазыш үчүн кандай түйшүккө баш байлаганын өзү гана билер.

Көлөмдүү чыгарманы жазар алдында чогулткан ошондой материалдарынын бир тобун ал аңгемелерине көчүрүп өткөн. Тарыхый турмуш мозаикасын түзгөн ошол аңгемелерден өткөн турмуштун бир үзүмүн, жоокердик замандагы баатырлар менен акылмандардын, аёо билбес душмандарга каршы күрөшкөн эрлердин кыска, бирок элестүү боёктор менен тартылган сүрөттөрүн көрө алабыз.

Учур темасына арналган чыгармаларды жазып келаткан Түгөлбай Сыдыкбековдун тарых темасына кызыгуусу 60-жылдары күчөдү окшойт. Бул багытта кандай иштер жасалыш керек экендиги, тарыхты изилдөөдө кайсы учурлар актай калып жатканы жазуучунун “Тарых жана Манас” аттуу көлөмдүү макаласында козголгон эле. Улуу кыргыз дөөлөтү, Энесай кыргыздарынын доору кийин автордун “Көк асаба” романында чагылдырылды.

Ага чейин Т. Сыдыкбеков деле башка калемдештери сындуу учур темасын, атап айтканда, совет бийлигинин кыргыз айылдарында жайылышын баяндаган бир топ романдарды жараткан. Аларга “Кең-Суу”, “Тоо арасында”, “Темир”, “Тоо балдары”, “Зайыптар” романдарын кошсо болот. Улуу Атамекендик согуш учурдагы кыргыз айылындагы турмуш “Биздин замандын кишилери” романында чагылдырылды. Кийин 70-жылдары жазуучу жаштардын турмушуна арналган “Курбулар”, “Сыр ачуу”, “Ыманбай пейили”, “Бел белес” романдарын, Жоошбай, Куйручук өңдүү куудулдардын жоругун баяндаган “Күлкү жана өмүр” китебин, оголе көп аңгемелерин, ырлары менен поэмаларын жарыялады. Алардын негиздүүлөрүн санап чыгуунун өзү кыйла убакытты алар эле.

Ал эми Түгөлбай Сыдыкбековдун аңгемечилик өнөрү анын жогоруда сөз болгон чыгармасынан деле бажырайып көрүнүп турат. Дымактуу агалары менен ата-энесинин баатыр кызды бейтааныш бирөөгө баш кошууга көңүлдөнүп калганын билип, анткенче “жакшыга” күң кылып беришке камынып калганда намыстуу кыз жакындарына апачык каршы чыгат.

Ата-энеси макул болгон “баатырга” тийгиси келбеген кыз колундагы туткун баланы эш тутуп желмаян минип качып, жолдо арттан барган куугунду жок кылып, бирок өзү жолборстон набыт болгон сулуунун кайгылуу тагдыры Аалы Токомбаевдин “Күүнүн сыры” аңгемесинин лейтмотивин түзсө, Түгөлбай Сыдыкбековдун Ак-Кызы жолдо сүйгөнүнөн ажырайт. Куугунду жазгырып Аксур күлүк менен алыс жолго чыгып, Алмастын элин таап келет. Ал Алмастын үзүлүп калган жолун улап, жалгыз уулуна үмүт арткан ата-энесине бала болуп кызмат кылууну чечет. Кандуу урушта атасына мээленген жебеге төшүн тосуп, жоокер элдин акылдуу башчысын ажалдан сактап калат. Атасы үчүн өлүмгө баш байлайт.

Алмастан калган Аксур Ак-Кызга канат болуп, ээси өлгөндөн кийин мүрзөсүнө келип аза күтөт. Кыз-жигит, алардын канаты Аксур - аңгемедеги окуялардын жандуу күбөсү. Жазуучу психологиялык ыктуу деталдар аркылуу драмалуу көрүнүштөрдүн элестүү сүрөтүн тартып берет. Алмастын бу жарыкчылыктан кетери анык болуп калганда асмандан канаттуулар учуп өтөт. Баатыр кыздын ашыгы көңүлү чөгөт болуп турганда маанайын көтөрүп, аны жакшылыкка үндөйт. Качан абал оңолгус жагына көчкөндө Алмастын керезин аткарып Аксурду минип бейтааныш жерге, тааныбаган элге келет. Жаңы жерден тапкан ата-эне, эли-жери үчүн канын төккөнгө даяр. Кыздын улуулугун да, бийиктигин да белгилеп турган сапаттар мына ушундан көрүнөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG