Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:59

ИМ отуздай христиан өлтүрүлгөн видео таратты


19-апрелде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тараткан видеодон алынган кадрда согушкерлер Барка провинциясында христиндарды желкелеп баратканы көрүнөт.
19-апрелде "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тараткан видеодон алынган кадрда согушкерлер Барка провинциясында христиндарды желкелеп баратканы көрүнөт.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлери жекшемби күнү 30 чакты эфиопиялык христианды массалык түрдө өлтүрүп жатканы көрсөтүлгөн видео таратты.

Тасмада баяндалгандай бул кылмышты “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар ливиялык согушкерлер жасаган.

Жарым сааттык видеодо Ливиянын түштүгүндө жана чыгышында жайгашкан Барка жана Фаззан провинцияларында эки башка христиандардын тобу өлтүрүлүп жатканы көрсөтүлгөн. Биринчисинде экстремисттер адамдардын башын алып, экинчисинде башка атып өлтүрүшкөн.

Ливиянын тышкы иштер министри Мохаммед Дайри экстремисттердин ушундай мыкаачылык менен тарсаларды өлтүрүүсүн айыптады жана ал эл аралык коомчулуктан Ливияга жардам берүүнү суранды:

- Биз жекшембидеги 28 эфиопиялыктын ушундай жол менен өлтүрүлүшүн адамдык насил-наркка сыйбаган жапайычылык деп билебиз. Бул биринчи жолу болуп жаткан жери жок. “Ислам мамлекетине” тиешеси бар согушкерлер буга чейин да Ливияда бир топ кандуу окуяларды ишке ашырганга жетишти. 15-февралда Сирте провинциясында 21 египеттик тарсанын ушундай эле жол менен баштары алынганын билебиз. Биз эл аралык коомчулуктун Ливияга жардам берүүсүн суранабыз.

Жекшембиде интернетте жарыяланган видео мусулмандар менен христиандар ортосундагы араздашуунун, пикир келишпестиктердин тарыхын баяндоодон башталат. Андан кийин согушкерлер христандардын чиркөөлөрүн, көрүстөндөрүн өрттөп, жок кылып жаткан кадрлар көрсөтүлгөн.

Бир убакта беткапчан, курал көтөргөн экстремисттердин бири чыгып, англис тилинде тарсалар ислам динин кабыл алышы жана ал үчүн Куранда жазылгандай, зекет төлөшү керектигин айтат.

Кийинки кадрларда согушкерлерге туткунга түшүп калган христандарды деңиз жээгинде атып өлтүрүп жатканы көрсөтүлгөн.

"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тараткан видеодон кадрлар, 19-апрель, 2015-жыл
"Ислам мамлекети" экстремисттик тобу тараткан видеодон кадрлар, 19-апрель, 2015-жыл

Тасмада өлтүрүлгөн адамдар ким экени, алар качан туткунга түшкөнү жана канча киши так жок кылынганы түшүнүксүз.

Ошону менен катар видеодо “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун “Аль-Фуркан” деп аталган маалымат бөлүмүнүн эн белгиси жайгаштырылган.

Тасма бул топтун мурда жарыялап келген видеолорунун нугунда тартылган. Тагыраак айтканда бул окуя ушул жылдын 15-февраль күнү Ливияда башы алынган 21 египеттик христиандын окуясына өтө окшош.

Февралда чыккан тасмага жооп катары Египеттин аба күчтөрү Ливиядагы радикалчылардын лагерлерине ошол кезде абадан сокку урган.

Азырынча Эфиопия бийлиги Ливиядагы экстремисттерге каршы аскерий күч колдоноору белгисиз.

Аддис-Абеба бул кылмышты кескин айыптаганы менен азырынча алар өз жарандары экени тактала электигин билдиришти.

Эфиопия өкмөтүнүн өкүлү Редван Хуссейндин сөздөрүнө караганда, ушу тапта расмий адамдар Каирдеги Эфиопиянын элчилиги менен биргеликте тасманын аныктыгы жана өлтүрүлгөн жарандар кимдер экенин текшерип жатышат.

Хуссейндин айтымында, өлтүрүлгөндөр Ливия аркылуу Европага акча табуу максатында бараткан эфиопиялык мигранттар болушу мүмкүн.

“Ислам мамлекети” уюму Ирактын жана Сириянын үчтөн бир бөлүгүн былтыр жайдан бери көзөмөлдөп, кол астындагы аймактарда шариятка ылайык башкарылган халифат түзүүнү көздөп келет.

Алар буга чейин да каапырлар деп христандарды, башка азчылыктарды жана алардын ою боюнча исламдын туура жолун карманбаган мусулмандарды да кыйнап өлтүрүп, тасмаларын жарыялашкан.

2011-жылы президент Муаммар Каддафи кулатылгандан кийин Ливияда бир нече топ өз ара бийлик үчүн күрөшүп жүрөт. Өлкөдө атаандаш эки өкмөт менен парламент бар. Мына ушундай ички кагылышуулардан улам “Ислам мамлекети” тобунун тарапкерлери бул өлкөдө өз позициясын бекемдеп алганы айтылып келет.

Эки апта мурда Иракта өкмөттүк күчтөр АКШ баштаган коалициялык күчтөрдүн аба соккуларынын колдоосу астында экстремисттерди Ирактын түндүгүндөгү Тикрит шаарынан сүрүп чыгарышкан. Кийинки жумада радикалчылар Анбар провинциясындагы Рамади шаарынын четиндеги үч айылды басып алышты.

XS
SM
MD
LG