Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Министр Бейшеналиев менен Коргонбай уулунун соту жылды


Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.
Жусупбек Коргонбай уулу жана Алымкадыр Бейшеналиев. Коллаж.

6-майда Бишкектин Ленин райондук сотунда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна каршы арызы боюнча соттук отурум болбой калды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Алымкадыр Бейшеналиевдин адвокаты Кайсын Абакиров билдирип, мурдагы депутат келбегендиктен отурум жылдырылганын, кийинки жараян 23-майда болорун айтты.

Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшыра электе парламентте саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга айыптап, министрдин жана жакындарынын 50 млн доллар байлыгы бар экенин айткан. Андан тышкары анын уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар экенин билдирген.

Алымкадыр Бейшеналиев коюлган дооматтын баарын четке кагып, “ар- намысыма шек келтирди” деген негиз менен Жусупбек Коргонбай уулун сотко берген.

Жусупбек Коргонбай уулун кийин мандатын тапшыруу боюнча арыз жазып, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 23-апрелде анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.

Президент Садыр Жапаров бул маселе боюнча “Кабар” агенттигине комментарий берип, “министрдин туура эмес иштери аныкталса жазага тартыларын” айткан. Мамлекет башчы кийинчерээк маекке “депутаттын айыптоолору тастыкталбаса, ал да тийиштүү жазасын алат” деп айтканы толуктоо катары киргизилген.

Алымкадыр Бейшеналиев биринчи жолу 2020-жылы саламаттык сактоо министри болгон. 2022-жылы июнда коррупцияга айыпталып камалып, эки аптадан кийин үй камагына чыккан. Бул чуулуу иштерден кийин 2022-жылы 19-августта президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен кызматтан бошотулган.

Башкы прокуратура Алымкадыр Бейшеналиевге чет өлкөлүк менчик компаниялардан 1 млрд 581 млн 474 миң сомго вакцина сатып алынганы үчүн айып койгон жана жалпысынан жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Кийин ага козголгон бардык кылмыш иштери токтотулган.

Ал 2023-жылдын сентябрында кайра министр кызматына дайындалган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG