Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:18

Иракта согушкерлер экинчи журналисттин өмүрүн кыйышты


Стивен Сотлофф, Бахрейн. 2010-жыл.
Стивен Сотлофф, Бахрейн. 2010-жыл.

“Ислам мамлекети” уюмунун согушкерлери дагы бир америкалык журналисттин башын алууну көрсөткөн видеону жарыялады.

2-сентябрда шардана болгон видеодо Стивен Сотлоффко окшош саргыл кийимчен адам чөлдө чөгөлөп отурат. Беткапчан согушчан АКШнын Түндүк Ирактагы жихадчыларга соку уруусун айыптап, туткунду кекиртектен мууздайт.

Мындан эки апта илгери “Ислам мамлекети” уюму америкалык журналист Жеймс Фоулинин башын алууну көрсөткөн видеону жарыялап, Вашингтонду Иракта согушчандарга сокку урбоого чакырган. Болбосо береги турган Стивен Сотлофф өлтүрүлөт деп эскерткен. Сотлофф 2013-жылы августта Сирияда уурдалган. Согушчандар бул ирет да улуттук өкмөттөрдү “Америка менен жаман союз түзбөгөнгө” үндөп, эмки кезек британ жараны Дэвид Хейнеде экенин кулак какты кылды.

Британиянын өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон журналистти мууздап салууну "көркоолук", "канкорлук" деп атады.

Ак үй видеонун чын-төгүнүн тастыктай элек. Бирок Мамдепартаменттин өкүлү Жен Псаки 2-сентябрда Вашингтондо:

- Эгер видео чын болсо, дагы бир америкалык жарандын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү биздин жаныбызды оорутат, - деди.

Бир нече жыл Йеменде жашап, араб тилинде жакшы сүйлөгөн Сотлоффтун Египет, Ливия жана Сириядан жазган макалалары Time, Foreign Policy, The National Interes журналдарында чыккан. 31 жаштагы журналисттин апасы 27-августта “Ислам мамлекетинин” анабашы Абу Бакр ал-Багдадиге кайрылып, уулун бошотууну суранган эле.

Эл аралык мунапыс уюму 2-сентябрда жарыяланган докладда "Түндүк Ирактагы массалык кыргындан аман калган адамдардын сөздөрү “Ислам мамлекети” уюмунун согуш кылмышын жасаганын күбөлөйт" деп белгиленет. Уюмдун жооптуу кызматкери Донателла Ровера “Азаттыкка” маегинде согушчандарды басып алган аймактарында “этностук тазалоо жүргүзүүдө” деп айыптады:

- Алар түркмөндөрдү, шабеки шиилерди, христиандарды жана жакында эле езиддерди бутага алышкан. Алардын кесепетинен 800 миңден ашуун адам үйүн таштап кетти. 3-августтан бери Ирактын түндүк-батышындагы Синжар регионунда жүздөгөн эркектерди өлтүрүштү жана жүздөгөн, балким миңдеген аялдар менен балдарды уурдап кетишти.

Америкалык журналисттер Жеймс Фоули жана Стивен Сотлоффтун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүн АКШдагы мусулмандардын таанымал өкүлү Нихад Авад бул исламды каралоо үчүн жасалган кыянаттык деп сыпаттады:

- "Ирак жана Левант ислам мамлекетинин" жасагандары ислам этикасына каршы экенин билдиребиз. Алардын жүрүм-туруму жана мыкаачылыгы адеп-ахлакка сыйбайт. Өздөрүн мусулманбыз деген жосунсуз террорчу топтор, кылмышкерлерди көрүп, үрөйүбүз учат.

Нихад Авад - Америка - Ислам байланыштары кеңешинин башчысы.

2-сентябрда президент Барак Обама Иракка кошумча дагы 350дөн көп аскер жөнөтүүгө уруксат берди. Ак үйдүн билдиришинче, алар АКШнын дипломаттык кызматкерлерин жана объекттерин коргоо, ошондой эле Ирак өкмөтүнүн “Ислам мамлекети” уюмунун желдеттерине каршы согушун колдоону улантуу үчүн жөнөтүлөт. Бирок согушка түздөн-түз катышпайт.

Чукул арада мамкатчы Жон Керри, коргоо министри Чак Хейгел, АКШ президентинин терроризм менен күрөшүү боюнча кеңешчиси Лиза Монако Жакынкы Чыгышка барышат. Алар өнөктөш өлкөлөр менен чогуу “Ислам мамлекети” уюмуна каршы күрөшүү үчүн кеңири эл аралык коалиция түзүүнү сүйлөшөт.

АКШнын Борбордук командачылыгы 2-сентябрда да Ирактын түндүгүндөгү Мосул дамбасына жакын жерге абадан сокку урулуп, “газаватчылардын” 16 машинеси кыйратылганын маалымдады. Ирактын түндүгү жана батышы, ошондой эле Сириянын түндүк-чыгышындагы чоң аймак ушу тапта “Ислам мамлекети” жана анын союздаштарынын ээлигинде.

XS
SM
MD
LG