Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Иран: Ак Үй өзөктүк келишимди үздүрө албады


Ирандын президенти Хасан Роухани.
Ирандын президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани АКШ президенти Доналд Трамп Иран менен түзүлгөн эл аралык өзөктүк келишимди “үзгүлтүккө учурата алган жок” деди. 12-январда Трамп эгерде келишимге кол койгон европалык өлкөлөр андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда Вашингтон бул келишимден чыгат деп эскерткен.

Ирандын президенти Хасан Роухани 14-январда Ирандын мамлекеттик сыналгы каналы түз обого чыгарган сөзүндө эл аралык өзөктүк келишимди Ирандын “узак мөөнөттүү жеңиши” деп атады.

- Мен буга чейин бир нече жолу кайталып келгем эле. Эл аралык өзөктүк келишим – чоң жетишкендик, эч ким аны колубуздан алып коё албайт, эч ким жок кыла албайт.

12-январда Трамп эгерде бул эл аралык документке кол койгон европалык өлкөлөр андагы “олуттуу кемчиликтерди” оңдобосо, анда расмий Вашингтон макулдашуудан чыгаарын эскерткен. Тегеран эртеси келишимге өзгөртүү киргизүү пландарын четке какты. Ошол эле күнү Франциянын президенти Эммануэл Макрон “өзөктүк келишимди урматтоого” чакырды.

11-январда Брюсселде Евробиримдиктин жогорку өкүлдөрү Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен жолугушканда, Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини бардык тараптарды Тегерандын өзөктүк программасы боюнча түзүлгөн эл аралык келишимден тайбоого үндөгөн:

- Европа Биримдиги келишимди толук жана натыйжалуу ишке ашырууну колдой берет. Тегерандын өзөктүк пррграммасына байланыштуу киргизилген санкциялардын алынышы Иран менен экономикалык жана соода алакаларына, Иран элинин турмушуна оң таасир этишин камсыздоо үчүн кызмат кылат.

2015-жылы Иран менен дүйнөлүк алты ири мамлекет – АКШ, Улуу Британия, Франция, Германия, Орусия жана Кытай кол койгон документте Тегеран өзөктүк тармактагы аракеттерин чектейт, бул үчүн Иран Ислам жумуриятына каршы санкциялар жеңилдетилет деп айтылган.

Иран анын атомдук программасы тынчтык максаттарын көздөөрүн айтып келгени менен АКШ жана башка өлкөлөр анын артында курал чыгаруу мүдөөсү турат деп кооптонушат.

Эреже боюнча АКШ президенти 90 күн сайын АКШ Конгрессине Ирандын өзөктүк келишимдин шарттарын аткарып же аткарбай жатканы боюнча маалымат берип турушу керек.

Бул ирет, 12-январда, Трамп санкцияларды жеңилдетүүнү узартканын, бирок өзгөртүүлөр болбосо, 120 күндөн кийин Вашингтондун макулдашуудан чыгаарын эскертти.

Трамп ошондой эле Ирандын өзөктүк аракеттери менен ракета программасы бири-биринен бөлүнбөй каралсын деген талап койду.

Америкалык жана башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрү Тегерандын баллистикалык ракета программасы өзөктүк максатта колдонулушу мүмкүн деп айтып келатышат.

Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху 13-январда Макрон менен телефондо сүйлөшүүсүндө Европа “даанышмандыгын” көргөзүп, Иран менен келишимди күчтөндүрүүгө тийиш деди.

Премьердин кеңсеси жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, Нетаньяху Трамптын “сөздөрү олуттуу кабыл алынууга тийиш, макулдашууну сактоону каалагандар ага оңдоо киргизиши керек”, - деди.

Ал ошондой эле өзөктүк куралга умтулуу, баллистикалык ракеталарды өнүктүрүү, террордук уюмдарды колдоо, өз жарандарын басмырлоо өңдүү “Иран режиминин беш кылмышын дүйнө жүзү олуттуу түрдө айыптоого тийиш”, - деди.

Расмий Тегеран бул сыяктуу доолорду четке кагып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG