Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:19

Иран "Зымырык куш" ракетасын учурду


АКШ Иранды спутник алып жүрүүчү "Симург" ("Зымырык куш") ракетасын 26-июлда учурган деп айыптады.

Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Хизер Нойерт Тегерандын бул кадамын "чагымчыл аракет" деп мүнөздөп, соңку сыноо Иран менен дүйнөлүк алты держава ортосунда өзөктүк программа боюнча 2015-жылы жетишилген эл аралык келишимдин моралдык принциптерине доо кетиргенин айтты.

Ирандын мамлекеттик телеканалы өлкөнүн рухий көсөмү аятолла Рухолла Хомейнинин сүрөтү тартылган "Симург" же "Зымырык куш" деген аталыштагы ракетанын асманга көтөрүлүп баратканын чагылдырган видеокадрларды көрсөтүп, ал салмагы 250 килограммга жеткен спутникти 500 чакырымдык орбитага алып чыгарын маалымдады.

Мамлекеттик департамент бул ракетанын түзүлүшү өзөктүк курал алып жүрүүгө ылайыкташканын билдирсе, Пентагондогу расмийлер технология континеттер аралык баллистикалык ракеталарды өндүрүүнү өнүктүрүүдө колдонулушу ыктымалдыгын билдирди.

Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешинин 2015-жылы кабыл алынган резолюциясы Иранга өзөктүк программаны өнүктүрүүгө тыюу салганы менен Тегеранга ядролук курал алып жүрүүчү баллистикалык ракеталарды сыноону түз чектебейт.

Расмий Тегеран бул сыноо коргонууга багытталганын жана ракета ядролук курал алып жүрүүгө жөндөмсүз экенин түшүндүрдү. Иран ошондой эле эки жыл мурда дүйнөлүк ири алты держава менен келишилген макулдашуунун алкагында ядролук программасын чектегенин дагы бир ирет ырастады.

Кытайдын Улуттар Уюмундагы туруктуу элчиси Лиу Жиеу Иран менен Кошмо Штаттардын ортосунда жаралган пикир келишпестикте Тегерандын таламын жактады. Бул тууралуу ал 27-июлда "Aссошиэйтед Пресс" агенттигине берген маегинде айтты. Ал соңку ракеталык сыноо өзөктүк келишимге каршы келбестигин да кошумчалады.

Ал эми бейшембинин кечинде АКШ Конгресси Иранга каршы санкциялардын жаңы айлампасын жактырып, президент Трамптын кол коюусуна жөнөттү. Мыйзам долбооруна ылайык, Ирандын баллистикалык ракета өндүрүү программаларына катыштыгы бар бардык жарандарга жана алар менен кызматташкандарга каршы да чектөөлөр киргизилет.

Хасан Роухани
Хасан Роухани

Ошондой эле Ирандын "Революция сакчылары кеңеши" террордук уюм катары табылат. Ирандын президенти Хасан Роухани 26-июлда жасаган билдирүүсүндө бул мыйзам долбоору Тегеран менен дүйнөлүк ири алты державанын ортосунда кабыл алынган өзөктүк программа боюнча келишимге карама-каршы келерин белгилеп, эгер мыйзам кабыл алынса, Иран парламенти жооп кайтарарын эскертти:

- Иран Ислам Республикасы сөзсүз АКШ Конгрессинин жаңы мыйзам долбооруна өз жообун кайтарат. Аларда Конгресс болсо, бизде парламент бар. Биз ошондой эле мамлекетибиздин өнүгүүсү үчүн керек деп эсептеген башка да кадамдарга барабыз. АКШнын санкцияларына жана саясатчыларына карабай, биз өз жолубуз менен кетебиз.

"Симург" Ирандын руханий лидери Аятолла Хомейни атындагы жаңы Улуттук космос борборунан учурулган алгачкы ракета. Объект баш калаа Тегерандан 220 чакырым чыгышта жайгашкан Семнан аймагында курулган.

Буга чейин Иран бир нече ирет космоско спутниктердин макеттерин чыгарып келген. 2013-жылы Тегеран ааламга маймылды учурганын жана ал аман-эсен кайтып келгенин жарыялаган. Маймылдын космоско учурулушун Иран космоско адам жиберүү программасынын алгачкы кадамы катары сыпаттаган. Бирок ушул жылдын башында Иран бийлигинин өкүлү мамлекеттик космос агенттиги бул программанын кымбаттыгынан улам баш тартканын билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG