Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Иран АКШнын талабын четке какты


Ирандын Парчин аскерий комплексинин спутниктен тартылган сүрөтү.
Ирандын Парчин аскерий комплексинин спутниктен тартылган сүрөтү.

Иран Кошмо Штаттардын МАГАТЭнин өкүлдөрү эми аскерий базаларга да инспекция жүргүзүүсү керек деген талабын четке какты. Вашингтон тараптан мындай талап-чакырыктар АКШ расмийлери Иранды баллистикалык ракеталарды сыноо менен 2015-жылкы өзөктүк келишимдин маңызын бузганы үчүн айыптап жаткан учурда айтылды.

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин инспекторлору эми Ирандын аскерий базаларына киргизилүүсү керек деген талапты президент Хасан Роухани четке какса, башка расмийлер муну “кыял” деп аташууда.

Роухани өзү теледен сүйлөгөн учурунда “биздин МАГАТЭ менен мамилебиз АКШ тарабынан эмес, эрежелер менен аныкталат. МАГАТЭ да мындай инспекция жөнүндөгү өтүнүчтү кабыл алары арсар, бирок алар буга барган күндө деле, биз барбайбыз”,- деди.

- Биз өзүбүз эч качан өзөктүк келишимди бузуунун демилгечиси болбойбуз, бирок башкалар бузса, анын ичинде АКШ бузса жооп беребиз. Бирок, азыр америкалыктарда абдан оор кырдаал, бизде болсо саясий кырдаал жакшы, - деп ырастады президент Хасан Роухани мамлекеттик теледе 29-августтагы маегинде.

Иран президенти ага катар АКШ эгер Тегеран 2015-жылы дүйнө державалары менен түзгөн эл аралык келишимден чыккан күндө деле өнөктөштөрүнөн аз эле колдоо аларын, “Евробиримдиктин 28 өлкөсү ал келишимди колдоорун ачык айтканын” кошумчалады.

Президент Роуханинин алдында жогорку лидер аятолла Хаменеинин кеңешчси Али Акбар Вилаяети жана Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мухаммад Бакир МАГАТЭ Ирандын аскерий жайларына инспекция жүргүзүүсү керек деген идеяны жөн эле “кыял” деп аташкан болчу.

Ирандык расмийлер жогорудагыдай комментарийлери менен АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейлинин чакырыгына жооп беришти.

Хейли өткөн аптада МАГАТЭнин башчысы Юкио Аманого жолугуу менен катар бул эл аралык мекеме эми Иран өзөктүк ишмердикти аскерий жайларда жашыруун улантып жатпаганына ынануу үчүн аларды да инспекциялоосу зарылдыгын айткан эле.

- Иран аскерий объектилерге киргизбей турганын ачык айтты. Бирок өзөктүк келишим катары белгилүү документ - биргелешкен аракеттердин кеңири планы аскерий жана аскерий эмес жайларды айрымалабайт. Азырынча инспекциялана элек жана айтылбаган бир нече жайлар бар. Бул -абдан чоң проблема. Менде МАГАТЭге ишеним чоң, бирок алар калпычы жана өзөктүк программаны жашыруун жүргүзүүнүн тарыхы бар өлкө менен иштешип жатышат. Андыктан, биз МАГАТЭ бул иште мүмкүн болгон ыйгарым укугунун баарын пайдалануусун колдойбуз.

Баш кеңсеси Венада жайгашкан МАГАТЭ уюму болсо Иран 2015- жылкы келишимдин талаптарын аткаруу менен өзөктүк программасы боюнча анда каралган чектөөлөрдү сактап жатканын буга чейин бир нече ирет билдирген.

Иран аскерий объектилерге эл аралык инспекторлордун киришин узактан бери эле четке кагып келгени менен 2015-жылкы келишимде МАГАТЭ өзөктүк ишмердик бар деп шектеген жайдын текшерүү мүмкүнчүлүгүнүн механизмдери каралган.

Мисалы келишим МАГАТЭ инспекторлорунун Парчин аскерий комплексине бир ирет кирүүсүнө жол берет.

Иран баллистикалык ракета сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.
Иран баллистикалык ракета сынаган учур. 9-март, 2016-жыл.

Батыш мамлекеттеринин чалгын кызматтары дал ушул Парчин комплексинде Тегеран он жылдан ашуун мурда эле өзөктүк курал жасаган деп шек санашкан.

Президент Дональд Трамптын администрациясы Иран бийликтерин өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү баллистикалык ракеталарды кайра-кайра сыноо менен 2015-жылкы келишимдин “маңызын бузуп жатканы үчүн” айыптап келет.

Вашингтон Тегерандын өзөктүк келишимге кол коюлгандан кийинки ракеталык сыноолоруна жооп чара катары бир нече айлампа менен санкцияларды да киргизди.

Иран болсо ракета сыноолор келишимди бузган жок жана коргонуу гана максатында деп мүнөздөйт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG