Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Трамп Иранды айыптады


АКШ президенти Дональд Трамп өзөктүк программа макулдашуусунун принцибин аткарбай жатат деп Иранды сындады. Ал бул боюнча тыкыр иликтөө жүрүп, жакын арада Тегеранга чара көрүлөрүн жашырган жок. Иран бул айтылгандарды четке кагып, айыпты АКШнын өзүнө оодарууда.

Дээрлик 12 жылдык сүйлөшүүдөн соң дүйнөнүн алты бакубат өлкөсү АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия 2015-жылы Иран менен ядролук - же өзөктүк макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Тегеран өзөктүк программасын кескин кыскарткан. Ал эми Батыш Иранга салынган экономикалык санкцияларынын басымдуусун жойгон.

Мунаса АКШны Барак Обама башкарып турганда жетишилген. Обама аны америкалык дипломатиянын жеңиши деп кызуу кубаттаган.

Бирок анын ордуна отурган президент Дональд Трамп талапкер кезинен эле бул макулдашууну жактырбай келет. Ал Иран келишимдин жалпы принциптерине ылайык иш алып барбай жатат деп 20-апрелде да сындап, бул үчүн чара көрүлөрүн ачык эскертти:

- Алар кол коюлган келишимге терс таасир этип атышат. Ал өтө начар келишим болчу. Ага кол коюлбашы керек эле. Мен макулдашууну жактайм, бирок ал мен качандыр бир кезде көргөн сүйлөшүүлөрдүн эң бир жаманы болгон. Ошентсе да Иран келишимдин принциптерин аткарбай жатат. Муну биз абдан тыкыр иликтеп, жакынкы келечекте айтчубузду айтабыз.

Бирок Трамп ал принциптерди чечмелеген жок.

Ага караганда, андан мурдагы күнү АКШ мамкатчысы Рекс Тиллерсон ачыгыраак айткан эле. Ал Иранды Перс булуңундагы киберчабуулдарга, Сауд Арабиясына каршы иштерге айыптаган. Терроризмдин дүйнөдөгү эң башкы демөөрчүсү деп да айткан эле. Бул жерде "Хезболла" тобу эске алынгандай. Аны көптөгөн өлкөлөр жана АКШ террордук деп тааныган.

- Иран "Хезболла" менен биригип Жакынкы Чыгышта экстремисттик идеологияларын жайылтуу жана ал жакты дестабилдештирүү үчүн чогуу иштөөдө, - деген эле Кошмо Штаттардын БУУдагы элчиси Никки Хейли.

АКШ ошентип өзөктүк макулдашууга кошуп, жогорудагы айыптоолорду үч ай ичинде текшерип чыкмай болууда.

Ошол эле учурда Кошмо Штаттар жалпы принциптерин аткарбай жатат деген менен Иран келишимде жазылган шарттарды (техникалык жагы) жүзөгө ашырып жатканын 18-апрелде моюнга алганын эскерте кетели.

Мохаммад Зариф
Мохаммад Зариф

Айыптоолорго Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф жооп кайтарып, сын тагардын алдында АКШ өзү өзөктүк келишимдеги милдеттенмелерин аткарышы керек дейт.

"АКШнын жедеп эскирип бүткөн айыптоолору Ирандын өзөктүк келишимге макул болгонун таануусун жашыра албайт" деп Зариф 20-апрелде Твиттерге жазды.

Ошондой эле Иран өзөктүк курал жасоого умтулбасын айтып келет.

Кытайдын кубаттоосу

Ирандагы Арак реактору мунасадагы көйгөйлүү темалардын бири болчу. Келишимге ылайык, ал өзөктүк бомба жасоодо колдонулчу плутонийди бөлүп чыгарбай тургандай кылып кайра түзүлмөк. Мына ушул иш ырааттуу жүрүп баратканын айтып, Кытай Иранды кубаттоодо.

- Арактагы реакторду кайра түзүү - Ирандын өзөктүк программасы боюнча макулдашуулардын негизи. Аны кайра куруу планын ишке ашыруу үчүн Ирандын өзөктүк маселесин чечүүгө киришкен алты өлкө атайын жумушчу топ түзгөн. Ага Кытай менен АКШ жетекчилик кылат. Ошол өзөктүк макулдашуу ишке киргенден бери бардык тараптардын талыкпас аракеттеринен улам кайра түзүү долбоору багытка салынды жана такай алдыга жылып жатканы байкалууда, - деди Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Лу Канг.

Анын айтымында, Иран менен Кытай компаниялары коммерциялык келишимге жетишип калды. Ага ушул жекшембиде Венада кол коюлары күтүлүүдө. Ошондо реакторду реконструкциялоо толук башталышы керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG