Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:32

Иманкулов: Динге тартылгандан эмес, динге жамынгандардан коркуш керек


Марат Иманкулов
Марат Иманкулов

Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов террордук коркунучтардын алдын алуу аракеттери жана Сириядагы кыргызстандык аялдар менен балдарды кайтарууга байланыштуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Орусиядагы концерттик залдагы кол салуудан кийин коопсуздук маселеси кайрадан күн тартибине чыгып, ага каршы чаралар, террорчулук, экстремизм боюнча маселелер талкууланууда. Анын үстүнө дал ушул кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган “Ислам мамлекети - Хорасан” террордук тобу Борбор Азия аймагын бутага алган, ушул аймакты мелжеген пландары бар деп адистер айтып жатышат. Ушул окуядан кийин Кыргызстан кандай чараларды көрүп жатат?

Иманкулов: Терроризм, экстремизм, сепаратизм - көп жылдардан бери келе жаткан көйгөй. Дайым талкууланган тема болуп калды. “Эмне эле ушуну айта бересиңер?” деп сындагандар да көп болчу. Бирок бул гипотезалык же болжолдуу эле коркунучтардын түрүнө кирбейт. Реалдуу коркунучтардын бири болуп жатат. Биз бул боюнча дайыма маалымат алып, анализдеп турабыз. Биздеги атайын кызматтар, укук коргоо органдары басым жасаган приоритеттердин бири. Кыргызстандын жана чөлкөмдөгү мамлекеттердин тышкы коркунучтардын негизги булагы - Ооганстандагы террористтик уюмдар. Өзгөчө 2021-жылы август айында “Талибан” кыймылы бийликке келгенден кийин өзүнүн активдүүлүгүн күчөтө баштады. Бир-эки жылдан бери Ооганстандагы террористтик уюмдарынын активдештирилген режимге өткөнүн байкап турабыз. Бардык жерге коңгуроо кага баштаганбыз.

“Азаттык”: Соңку окуядан кийин көптөгөн маалыматтар чыгып жатат. Айрым адистер дал ушул “Ислам мамлекети-Хорасан” террордук тобу буга чейин Тажикстандагы жардырууга тиешеси болгон, андан сырткары Кыргызстанда, Германияда, Австрияда теракт жасоо аракети болгон, анын алдын алынган деген маалыматтарды айтып чыкты. Кыргызстандын аймагында конкреттүү кандай аракеттер болгон? Сизде маалымат барбы?

Иманкулов: Бизде Кыргызстанга чабуул жасоо жөнүндө маалымат жок. Бирок акыркы убакта ЖМКлардагы “Алар Орто Азияга кол салат экен” божомолдор тууралуу өзүңүз дагы айттыңыз. Бирок террористтик уюмдардын эртең эмне кыларын эч ким билбейт. Орусияда “Крокуста” ошондой окуя болуп, 144 киши каза болорун ким билиптир. Демек, кандайдыр бир күчтөр бар экен. Алар ошол жакты көздөй өз багытын берип койгон. Айдактап коёт. Тапшырманы алгандар ишти кыла берет. Анын ичинен идеологияны да жайылтууга аракет кылышат. Ошондуктан ар кандай коркунучтарга даяр болушубуз керек. Бул жагынан дайыма иштеп келе жатабыз.

Иманкулов: "Талибандан" коркунуч жок, бирок расмий тааныбайбыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:41:29 0:00

“Азаттык”: Орусиядагы “Крокус Сити Холл” концерттик залына кол салды деп шек саналгандар Тажикстандын жарандары болуп чыкты. Мындан улам ар кандай террордук топтордун азгырыгына журтташтарыбыз да туш болуп калбайбы деген чочулоо жаралды. Буга чейин Сириядагы согуштагы жүздөгөн борбор азиялыктар, анын ичинен кыргызстандыктар кеткен. Миллиондой эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштеп жүрөт. Ар түркүн Телеграм каналдар жана башкалар аркылуу азгыруунун бир нече жолдору бар экени белгилүү. Бул жаатта эмнелерге көңүл бурулушу керек?

Иманкулов: Туура айтасыз. Биздин Кыргызстандын жарандары алардын торуна илинип калбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Террористтик уюмдардын негизги максаты - мамлекеттерди, коомчулукту коркутуу, колунан келсе, диний, улут аралык кагылышууну уюштуруу, мамлекетти алсыздандыруу. Мамлекет алсыз болуп, багынып, колун көтөрүп берсе, анан алар каалаган талаптарды, шарттарды койсок дешет. Бирок алар каалагандай эле боло бербейт. Ошондуктан мамлекет менен коомчулук тыгыз байланышта болушу керек. Сириядагы террористтик уюмга кошулуп кеткен 800гө жакын жаран бар эле. Көптөрү ошол жерде, согушта курман болушту. Кээ бирлери үй-бүлөсү менен кеткен. Алар күрддөрдүн лагерлеринде журүп, ошол жакта калып калышты. 600дөн ашыгын төрт этап менен алып келдик. Азыр аларды коомго интеграция кылып жатабыз. Буга чейин үч жолу алып келингендерди үйлөрүнө жибердик. Үй-бүлөсү, туугандары менен жүрөт. Жакында алып келгендерибизден бирөө “Алтын балалыкта” жүрөт. Дагы 300 кишини жакында алып келебиз. Бул ишти биздин президенттин түздөн-түз саясий эрки менен жүргүзүп жатабыз. Алар биздин жарандар. Алар санитардык жана башка шарты жок лагерлерде жүрүшөт. Жаш балдардын кандай күнөөсү бар? Ошол жакта төрөлгөндөр, бул жактан кеткен өспүрүмдөр, арасында энелер дагы бар. Бул жакка алып келип, коомго аралаштыруу керек. Аларды алып келүү - биздин мамлекеттин түздөн-түз милдети.

“Азаттык”: Алып келгенден кийин реинтеграция кылуу, коопсуздук чараларын көрүү, потенциалдуу тобокелчиликтердин алдын алуу боюнча атайын программалар барбы? Канчалык деңгээлде көзөмөл жүргүзүлүп жатат?

Иманкулов: Сиз берген суроолордун баарын эске алуу менен, алдын ала даярдык көрүп, план түзүп, мамлекеттик органдардын даярдалган тажрыйбалуу, билимдүү кызматкерлеринен топ түзүп, аларга дагы үйрөтүп, тосуп алдык. Бул жерде эл аралык уюмдардын жардамы чоң. ЮНИСЕФке окшогон уюмдар, БУУнун уюмдары бизге көп жардам берди. Материалдык жардам, андан сырткары атайын адистерди, психологдорду берди. Сириядан алынып келгендер катуу жабыккан, ошондуктан алар менен психолог иштеши керек. Дин боюнча комиссиядан адамдар кошулган. Теологдорду дагы чакырып жатабыз. Муфтияттын жетекчилиги дагы бизге абдан жардам берди. Атайын даярдык алган, эл менен сүйлөшкөндү билген адамдарды коштук. Анан биздин укук коргоо органдарынын атайын кызматтары, Социалдык өнүктүрүү, Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрүнөн түзүлгөн топ азыр иштеп жатат.

"Азаттык": Ооганстан тууралуу кеп салдыңыз. Кыргызстан, Борбор Азия үчүн кооптуу, потенциалдуу тобокелчилик катары ошол жактагы абалга көз салып, ал жактагы куралчан топтор кандай аракетте болуп жаткандыгына анализ кылып келе жатабыз. Ал жерде 2021-жылы “Талибан” бийликке келди. Бир топ чоочулоолор айтылды. Соңку маалда Борбор Азияда, Казакстанда, анан Орусияда “Талибанды” экстремисттик уюмдардын тизмесинен чыгаруу аракеттери жүрүп жатканы белгилүү болду. Ооганстандагы кырдаалга, “Талибандын” макамына Кыргызстандын көз карашы кандай?

Иманкулов: Биз көз салуудабыз. Ооганстанда “Талибан” бийликти башкарууда. Ошол эле учурда 40 миллионго жакын ооган эли бар. Алар дагы кандай кыйынчылыкта жашап жатканын көрүп жатабыз. Ошондуктан эки жыл гуманитардык жардам бердик. Памирде жашаган биздин боордошторго эки жолу жардам алып бардык. Мал-жандыктары дагы ветеринардык кароодон, вакцинациядан өткөрүлдү. Бул ишти дагы уланта беребиз. Бизде ашып-ташып жаткандыгынан эмес, мамлекет катары жардам беришибиз керек. Кошуна турган мамлекетте эл кыйналып, ачарчылыктан кырылуу коркунучу турганда, кантип жардам бербей турасың? Жардам бериш керек да. Бирок “Талибанды” дипломатиялык жол менен тааный элекпиз. Биздин чөлкөмдө бир дагы мамлекет аларды тааный элек. Бирок Казакстан “Талибан” кыймылын террордук уюмдардын тизмесинен чыгарды. Орусияда ошондой тизмеден чыгаруу аракеттери болуп жатыптыр. Биз баарын баалап, баамдап турабыз. Азыр “Талибандан” корко турган мезгил эмес. “Талибан” өзүнүн мамлекетиндеги жашоону орнотуп алсынчы. Өздөрүнүн көйгөйлөрү абдан көп. Ошону менен алек болуп жүрүшөт. Сыртка, бизге кол салабыз деген алардын ниети жок. “Биз, Ооганстан жана анын аймагы, кошуна мамлекеттерге жана башка мамлекеттерге коркунуч көрсөтпөгөндөй шарт түзөбүз” деп жарыялап жатышат. Бирок сөзү менен иши кез-кезде дал келбей калып жатат. Аны каалабагандыктан эмес, алардын эркине карабастан, террористтик уюмдар өздөрүнүн лагерлерин ачып, уюшуп алып, иштерин жүргүзүп жатышат. Анткени 20 жыл АКШ жана башка Батыш мамлекеттеринин коалициясы жүргөндө, алар биргелешип иш кылышкан. “Өзбекстан ислам кыймылы", “Ислам жихады” биргелешип согушушкан. Өздөрү бийликке келгенде, бүгүн эле аларды чыгарып коёт деген. Бирок аракет болуп жатат. Түндүктө жайгашкан террористтик, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн азыр алар Ооганстандын түштүгүн көздөй көчүрүп жатат. Бирок баарын көчүрө элек.

"Азаттык": Жаңылбасам, Кыргызстанда бир жарым ай мурун Коопсуздук кеңештин катчылыгынын уюштуруусу менен Ооганстандагы кырдаал боюнча атайын диалог өткөрүлдү. Андан кийин Европа биримдиги менен Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Кыргызстанда жыйын болду. Ошолордун жыйынтыгында Ооганстандагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча кандай чечимдер кабыл алынды?

Иманкулов: Ооганстандагы кырдаалды баамдап, ошол жөнүндө пикир алмашуу боюнча диалог төрт жыл мурда башталыптыр. Үч жолкусуна биз катышпай калдык. 2021-жылы мен келип, Индияда өткөн диалогдон кийин биз катыша баштадык. 16-февралда алтынчысын өзүбүз өткөрдүк. Негизи, кандай максатта? Ооганстанда болгон кырдаал биздин чөлкөмгө, биздин мамлекетке, дагы башка мамлекеттерге кай жагынан терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп талкуулайлы жатабыз. Ошону талдап жатабыз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG