Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:41

ЕБ Беларуска "буроосун бурады", кезекте Иран


Европа Биримдиктин Тышкы иштер министрлери адам укуктарын бузуулар токтобой жатканга байланыштуу Беларуска каршы санкцияны катуулатты.

Дүйшөмбүдө Люксембурда ачылган Европа Биримдигинин Тышкы иштер министрлери катышкан жыйында Иранга дагы ушундай чара колдонулаары күтүлүүдө. Бекитилген жана кабыл алынчу чечимге ылайык, эки өлкөнүн мартабалуу чиновниктеринин Биримдикке кирүүсүнө тыйуу салынып, алардын уюмга мүчө 27 өлкөнүн банктарындагы мүлк-дүйнөсү тоңдурулат.

Евробиримдик буга чейин да Беларус менен Ирандын даражасы улук чиновниктерине каршы санкция киргизген. Азыр Биримдиктин “кара тизмесинде” Ирандан 32 чиновник, Беларустан президент Александр Лукашенканын жакын чөйрөсүнө кирген 192 расмий адам бар. Аларга каршы санкция бийликтин жарандык уюм мүчөлөрүн, саясый оппонентерин жана көз карандысыз маалымат булактарын куугунтуктап, жарандардын укуктарын бузганы үчүн колдонулган.

Дүйшөмбү күнү Евробиримдиктин "кара тизмесине" жаңы 16 адам кошулду. Алардын көпчүлүгү Беларуста декабрда өткөн президенттик шайлоону улай оппозиция уюштурган нааразылык акциясынын катышуучуларына өкүм чыгарган соттор.

Эми тизмеге илинген адамдардын Евробиримдиктин банктарындангы акчалары камакка алынат жана алардын Биримдикке мүчө 27 өлкөгө баруусуна тыйуу салынат.

Биримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон дүйшөмбү күнкү кездешүү алдында жасаган билдирүүсүндө беларус бийлигинен бардык саясий туткундарды абактан чыгаруусун талап кылды:

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон
Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон
-Сиздерге маалым болгондой биз мурдакыдай эле Беларустан бардык саясий туткундар эркиндикке чыгарылышын жана аларды актоону каалайбыз. Ошондой эле беларус эли менен байланышта болгонго умтулабыз.

Биримдик мөөнөтү октябрда бүтчү Беларуска каршы мурдакы санкцияны дагы бир жылга узартты. Евробиримдик мүчөлөрү санкцияны узартуу боюнча бир пикирге келе албай жаткан. Бирок Беларус тараптын өткөн аптада Варшавада болгон Чыгыш Кызматташуусунун саммитинин жолугушуусуна президент Лукашенко чакырылбады деп, бойкот жарыялоосу Биримдиктин өз ара мунасага баруусун жеңилдетти. Литва өз ара соода-экономикалык байланышка зыян келтирилет деп, санкцияга көп кошулбай жатты.

Евробиримдиктин кара тизмесине ирандык 32 атка минердин ысмы кошулат деп боолгонууда. Анын жүйөөсүн британ тышкы иштер министри Уилям Хейг мындай түшүндүрдү:

-Биз Иранды талкуулайбыз жана өлкөдө адам укугунун абалы жакшыртуусу үчүн Иранга кысымды күчөтөбүз. Биз буга чейин чара колдонулган Ирандын даражалуу адамдарына кошумча санкция киргизүү жагын талкуулайбыз.

Люксембург саммитинде Украинанын мурдакы премьер-министри Юлия Тимошенко боюнча сот чыгарчу өкүмгө кандай мамиле жасоо жагы да талкууланат. Тимошенконун соту Киевде эртең улантылат. Евробиримдик буга дейре украин оппозициясынын лидерине каршы кылмыш кодекси боюнча иш ачылганына бир нече ирет тынчсыздануу билдирген. Мындай кооптонууну Биримдиктин тышкы иштер комиссарынын өкүлү Мая Коциянчич жума күнү “Азаттыктын” кабарчысына берген макалада кайра кайталаган эле:

Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко
Украинанын экс-премьер-министри Юлия Тимошенко
-Евробиримдик Юлия Тимошенконун иши боюнча өз позициясын ачык айткан. Биз мыйзамды ылгап колдонууга каршыбыз. Биз кайра-кайра сот жараянын ачык айкын өткөрүүгө чакырганбыз жана анын кандай жүрүп жатканы бизди өтө тынчсыздантып жатканын билдиргенбиз. Биз бул ишке кылдат көз салуудабыз.

Юлия Тимошенко премьер-министр кезинде газ кризисин токтотуу максатында Орусиядан бир миң метр куб көгүлтүр отунду 450 доллардан сатып алууга макул болгон. Азыркы бийликтин ырасташынча, анын кесепетинен Украина азыр Орусиядан газды өтө кымбат баада алып, казына чоң зыян тартууда.

Серепчилердин айтышынча, президент Янкуович Юлия Тимошенкого каршы сот жараянын ачтырып, күчтүү атаандашын келерки жылкы парламенттик шайлоого жана 2015-жылкы президенттик эрөөлгө чыгарбоону көздөйт.

XS
SM
MD
LG