Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

Каримов Прагага барбай калды


Ислам Каримов Сочи аэропортунда.
Ислам Каримов Сочи аэропортунда.

Өзбекстандын президенти Каримов Прагага келбей калды. Чех президентинин өкүлү келерки аптага пландалган визиттин токтотулушуна Өзбекстандагы адам укуктарынын абалы боюнча укук коргоочулардын чуу салганы кыйыр болсо да таасир тийгизгенин мойнуна алды.

Чех президентинин тышкы иштер боюнча кеңешчиси "Азаттыкка" 20-22-февралга пландалган өзбек президентинин визити болбой калгандыгын бейшемби, 13-февралда бышыктады. Хинек Кмоничек мындай чечимди Чехиядагы мектеп каникулдарына байланыштырды. Анын ырастоосунда, көптөгөн министрлер балдары менен каникулга чыгып, Өзбекстандын мамлекет башчысын кабыл алууга катыша албай калат экен:

- Визит жазгы каникулга туура келет экен. Күтүлгөн адамдардын баары иште боло албай калган мезгилге туш келип жатат. Тактап айтканда, премьер-министр Бохуслав Соботка катыша албайт. Өзбек тарап менен келишимдерге кол кое турган алты министрдин бешөө да жок болот.

Кмоничектин сөзү боюнча, Ислам Каримов менен ондон ашык келишимге кол коюлмак. Ал Каримов эми качан келиши мүмкүн экендигин тактаган жок:

Милош Земан
Милош Земан
- Мен муну айта албайм, себеби чех президентинин иши чачтан көп, убакыт табыш кыйын. Биз колдон келгенди кылабыз деңизчи, бирок келерки мөөнөттү пландоого бир топ убакыт кетет.

Ошол эле убакта, президент Земандын маалымат катчысы Йиржи Овчачек Чехиянын келишимдерге төмөнкү диплoматиялык деңгээлде кол коюу ниетин бышыктады. Aнын айтымында, тараптар дээрлик 800 миллион доллардык келишимдерди даярдап атышкан.

Каримовдун чейрек кылымдан берки бийлиги тушундагы саясий кыйноолор, саясий оппоненттерин каматуу жана пахта талааларында жарандарды мажбурлап иштетүү сыяктуу иштерине нааразы болгон укук коргоочуларды "өзбек диктатору Прагага келет экен" деген кабар катуу кабатыр кылган.

Ондогон укук коргоочу уюмдардын катарында чехиялык белгилүү "Адамдар кыйчалышта" деген гуманитардык уюм Земандан өзбек президентине жолдогон чакыруусун кайра кайтарып алууга чакырган.

Шаршембиде 31 кесиптик кошуун, уюм, инвесторлор Земанды бул визиттен баш тартууга үндөгөн ачык кат жарыялашкан.

Kмоничек Каримовдун келбей калышына бул каттын кыйыр да болсо таасири болгондугун мойнуна алды:

- Түз деп айта албайм. Эгер таасир эткен болсо, бир гана Праганын мэри Томаш Гудечекке байланыштуу болушу мүмкүн. Өзбек тарап Прага шаар бийлигинин жана мэрдин мамилесине ичи чыккан эмес эле. Ошого карабастан, тараптар толук программа боюнча макулдашууга жетишкен. Анан эле мэрдин колу бошобой калыптыр. Орун басары да иште болбойт дешти. Айтор өзбек тарапка мунун баарын түшүндүрүп отурууга мүмкүн болбой калды.

Каримов 2005-жылдагы Анжиян окуясынан кийин Европага сейрек келип калды. Анжиянда коопсуздук күчтөрү тарабынан жүздөгөн карапайым эл атылгандан кийин Европа биримдиги Каримовдун өкмөтүнө бир катар санкцияларды киргизген.

Буга чейин Чехиянын мурдагы тышкы иштер министри Карел Шварценберг "Азаттыктын" өзбек кызматына Праганын Борбор Азияда «бир топ олутуу кызыкчылыктары» бар экендигин белгилеп, Каримов Прагага келгенде чех бийликтери аны менен адам укуктарын талкууласа, буга эч ким тоскоолдук кылбайт деп ырастаган:

– Президенттин иши чех жумуриятынын кызыкчылыгын сүрөөнгө алуу болуп саналат. Албетте президент Милош Земан өзбек президенти Ислам Каримов менен Өзбекстандын түрмөлөрүндөгү адамдардын маселесин талкууласа мен абдан кубанычта болом. Ошол эле убакта маанилүү мамлекеттердин өкмөттөрүнө далыбызды салып кое албайбыз. Биздин Борбор Азияда көп кызыкчылыктарыбыз бар.

Земан Каримовду экс-президент Вацлав Клаус чакырганын бетке кармап жаткан. Мамлекет башчысы ошондой эле укук коргоочуларды эки жүздүүлөр деп каарыган. Ал Каримовдун Европага биринчи жолу келип атпаганын, башка визиттер менен катар 2011-жылы НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде болгондугун эскерткен.

XS
SM
MD
LG