Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:01

Чех президенти Каримовду коноктоодон баш тартпайт


Чех президенти Милош Земан менен өзбек президенти Ислам Каримов.
Чех президенти Милош Земан менен өзбек президенти Ислам Каримов.

Чexиянын президенти Милош Земан Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду Прагага чакырганын туура чечим деп билдирди. Укук коргоочулар Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн бири да буга чейин чакырып сыйлабаган өзбек президентин Земан эмне себептен коноктогону жатат деп нааразы.

Өзбекстандын автократ мамлекет башчысынын келерки аптадагы расмий сапары тууралуу ызы-чууну Чехиянын президенти Милош Земан суу сепкендей басты.

31 уюмдун бул визитке каршы ачык катына ал 24 саатка жеткирбей кескин жооп кайтарды. Aл катта президент Каримовдун кыйноолор жана пахта талаасында жарандарды мажбурлап иштеткени тууралуу далилдүү фактылар келтирилген эле. Жооп катында Земан укук коргоочуларга "тескери маалымат берет, эки жүздүүлөр" деп кине койгон.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун ачык катка кол койгон кызматкери Эндрю Стролейн Земандын ушунча тез жана авторлорду мынча каарып жооп кайтарганына таң калганын жашырган жок

– Жооп абдан тез кайтарылды, буга баа беришибиз керек. Бирок мазмуну абдан өкүнүчтүү. Земандын жалпы кырдаалды, Өзбекстандын айланасында эл аралык коомчулукта болуп келе жаткан окуяларды түшүнбөй жаткандыгына биз таңбыз.

Чех президентине жакын чөйрөлөр 20-22-февралдагы Каримовдун визити болгону Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Клаустун 2004-жылы Ташкенге барышына жооп катары сапар дегендей түшүндүрүштү.

Бирок активисттерди мындай түшүндүрмө канааттандырган жок. Aлар Клаустун Өзбекстанга 2005-жылы Анжиян кыргынына чейин баргандыгын белгилешүүдө. Анжиян окуясында жүздөгөн карапайым жарандар коопсуздук күчтөрү тарабынан атылган эле.

Бул окуядан кийин Батыштын Каримовго мамилеси өтө начарлап кеткен. Европа Биримдиги анын бийлигине санкция киргизип, алакаларды эң төмөнкү деңгээл менен чектеп койгон.

Земандын тышкы иштер боюнча кеңешчиси Хинек Кмоничек “мындан 10 жыл мурдагы Клаустун визитин бетке кармап, Земан адеп-ахлактын чегин тепсеп жатат деген” кинени четке какты:

- Президент Каримов Өзбекстандын президенти. Президенттер президенттер менен сүйлөшөт. Биз таптакыр тетири көз карашта болсок да, эл менен сүйлөшүп турушубуз керек. Эгер биз адам менен сүйлөшпөсөк, маселени кантип чечебиз? Суроо сурабасаң, жооп ала албайсың да.

Каримовду Европа биримдигине кирген өлкө коноктойт экен дегенде европалык укук коргоочулардын төбө чачы тик турду. Кантсе да, Чехия коммунисттик өкүмзарлык менен күрөшкөн Вацлав Гавелдин мекени эмеспи.

Земандын Каримовдон тышкары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовду жана украин президенти Виктор Януковичти коноктоо ниети да көп нааразылык жаратты.

Айрыкча Европада жашаган өзбекстандык активисттердин ичкени ирим. Франциядан баш калканч алганга чейин Өзбекстандын түрмөсүндө көп жыл кордук көргөн Мутабар Тажибаева Каримовдун келишине каршы Прагага көп активисттер чогуларын маалымдап, буларды кошумчалады:

- Анжиян окуясынан кийин Европа Биримдиги санкция талап кылганда, санкция тууралуу мыйзамга чех жумурияты да кол койгон эле. Ошондой эле чех жумурияты Өзбекстандын ал мыйзамда каралган талаптардын бирин да аткарбаганын жакшы билет. Ошого карабастан, Өзбекстанды алар шерик катары кабылдап жатканы өтө таңкалычтуу.

Кабарларга караганда, Земан менен Каримов Чехияда өзбек студенттеринин саны өсүп жатканына байланыштуу, аба каттамдары, виза ондонгон бир катар процедуралык маселелерди карашмакчы. Бирок сүйлөшүүлөрдө бизнес да көз жаздымда калбай, Земан Каримов менен 5-10 миллион доллардык келишимге кол коет деп күтүлүүдө.

Земан былтыр бийликке келгенден бери Чыгышка көбүрөөк назарын салып жаткандыгы көз жаздымда калган жок. Прагалык саясий баяндамачы Ярослав Плеслдин айтымында, Земандын өзбек коногу пост-советтик аймактарда акча жасагысы келген чехтерди анча деле кабатыр кылган жок:

- Земан өз саясатын Чыгышка багыттаганы жашыруун эмес. Ал бул багытын президенттик мөөнөтү бүткөнгө чейин өзгөртпөйт. Ал шайлоо компаниясында өз саясаты, айрыкча тышкы саясаты тууралуу ачык айтканы маалым. Ал Чыгыш Европага, Орусияга, Чыгыштагы жаңы базарларга көбүрөөк көңүл бурушубуз керек деген. Ошон үчүн аны шайлашкан.

XS
SM
MD
LG