Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:13

COVID-19 эркектер үчүн өтө кооптуу


Коронавируска тест тапшырып жаткан адам. Ухань, Кытай.
Коронавируска тест тапшырып жаткан адам. Ухань, Кытай.

“Эй, жигиттер! Таажы тумоосу менен азилдешпегиле! Өзүңөрдү аябасаңар да, ата- энеңерди, жакындарыңарды аягыла! Беткап кийгиле! Аралыкты сактагыла! Топтошпогула! Оору силерден да кыйындарды да сулатууда!”

Коменданттык саатты бузгандар, “Баары Кудайдын колунда” дешип, коопсуздук чараларын аткарбай жүргөндөр, коңшусунун үйүнө кире калып, аны-муну сүйлөшкөндөр көңүл бургула!

Эмне үчүн?

1. Медицинасы эң мыкты өнүккөн Германия жана Чехияда кабыл алынып жаткан чечимдер COVID-19дун жапырыгы жакында токтобосун көрсөтүүдө.

Мюнхенде 19-сентябрдан баштап 4-октябрга чейин мерчемделген Октоберфест майрамы болбойт. “Таажывирусу менен жашоо – этияттанып жашоо дегенди түшүндүрөт”, - деп билдирди 21-апрелде Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер.

Өткөн шаршемби күнү Германиянын федералдык жана регионалдык өкмөттөрү көп "эл катышкан иш-чаралар август айынын аягына чейин өткөрүлбөсүн" деп чечкен болчу.

Oktoberfest - дүйнөдөгү эң чоң элдик майрам. Жыл сайын майрамда сыра ичип жыргаганы чар тараптан 6 миллионго жуук адам келчү. Былтыр майрамдан Мюнхен 1.23 миллиард евро пайда көргөн.

1810-жылда негизделген фестиваль өлкө башына теңдешсиз алаамат түшкөндө: 1854 жана 1873-жылдары ич келтеден (холера) улам, дүйнөлүк согуш жылдары (1914-1918-жж., 1939-1945-жж.), 1923-жылкы гиперинфляция кезде болгон эмес.

2. Чехия өкмөтүндө окумуштуу медиктер менен чогуу жүрүп жаткан талкууга караганда, чек ара чет өлкөлүктөр үчүн качан ачылары белгисиз. Бирок аралыкты сактоо жана беткапчан жүрүү жыл соңунда да токтобойт.

3 а. Таажы тумоосу жашы улуулар жана эркек таналарды “жакшы көрөт”. Кытайдын маалыматы боюнча, COVID-19 жуккан адамдардын 0,66% жайран болот. Бирок 10 жашка чейинки балдар үчүн алдагы көрсөткүч 0,0016% түзсө, 79 жаштан өйдө курактагылар үчүн 7,8% түзөт. Ушундай эле көрүнүш Нью-Йоркто да байкалууда.

COVID-19 жуктургандар арасындагы өлүм-житим 50 жаштан жогору курактагылардан тартып кескин көбөйөт. Ооруканага жаткырылгандар арасында 10 жашка чейинки балдар 0% болсо, 79 жаштан жогоркулар 18,4% түзгөн жана бул курактагылар арасында вирус жуктурбагандардын саны 3.15 % гана.

Ошон үчүн улуу курактагы чоң ата, чоң энелерге жана ден соолугунда мандеми бар таанышыңарга, тууган-уруктарыңарга, кыянаттык кылбайлы десеңер, өзүңөр да сактангыла!

3б. Эркек таналар уккула! Акыркы илимий изилдөөлөр эркектерде таажы тумоосунан мертинип калуу ыктымалдыгы аялдарга салыштырганда эки эсеге чейин жогорку болорун айкын кылды.

Кытайдан алынган маалыматтар көрсөткөндөй, таажы вирусунан көз жумуу коркунучу эркектерде аялдарга караганда 1.65 эсе жогорку экен. Нью-Йоркто береги көрсөткүч 1.77 эсе жогору.

Ошентсе да аялдар менен эркектердин вирус жуктуруп алуу ыктымалдыгы бирдей эле болорун унутпаңыздар!

4. Эркектер менен улуу курактагылардын таажы тумоосунан көбүрөөк көз жумуу себебин окумуштуу дарыгерлер мындайча түшүндүрүшүүдө. Ден соолугунда кандайдыр бир мандеми бар адамдар арасында COVID-19 вирусу менен ооруп калуу коркунучу эки эсе жогору болот. Мисалы, гипертония 40 жаштан төмөнкүлөр арасында 7.5 % түзсө, 60 жаштан жогору курактагылар арасында 63 % көптү түзөт. Демек, алдагыдай дарт таажы тумоосунун оор формада өнүгүү коркунучун көбөйтөт.

Маалыматтарга караганда, кээ бир өлкөлөрдө таажы тумоосу “артка чегине баштагандай”. Деген менен пандемияга байланыштуу киргизилген ички карантиндерди жеңилдеткенден мурда же андан чыгуунун стратегиясын пландап жатканда улуттук өкмөттөр төмөнкү жагдайларды эске тутуш керек дешет адистер.

5. Шашылбаңыз. Чехтердей жети өлчөп, бир кесиңиз. Калифорния университетинин окумуштуусу, доктор Ясмина Пановска-Гриффитс (Jasmina Panovska-Griffiths, UCL) таажы тумоосун дарылоочу вакцина жок же дартты дарылоочу эффективдүү каражат жок кезде чектөөлөрдү жеңилдетүү инфекциянын экинчи толкунун жаратышы ыктымал, анткени буга чейинки пандемияларда экинчи толкундан биринчи толкундагыга караганда көп киши набыт болгон.

6. Бөтөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын үйрөнүңүз. Мисалы, Түштүк Корея элди “камап салгандын ордуна” чек арасын жаап, адамдар арасындагы аралыкты чектөөнү күчөтүп, тестирлөөгө жана оору жугузган адамдар кимдер менен байланышканын аныктоого көңүл бурган, - дейт Витватерсранда университетинин профессору Алекс ван ден Хивера (Alex van den Heever, University of the Witwatersrand in South Africa).

Окумуштуу дарыгерлер тегин жерден этияттыкка чакырышкан жок. Ушу чакта Сингапур жана Жапония инфекциянын жаңы толкуну менен күрөшүүдө. Ушундан улам АКШ, Европа жана башка өлкөлөр жакын арада мурдагы жашоого кайтышы кыйын дешет адистер.

20-апрелде Сингапурда таажы вирусун жуктурган 1400дөн ашык адам катталды. Бул 5.6 миллион калктуу өлкө үчүн рекорддук көрсөткүч. Акыркы жумада эле COVID-19 жуктургандар эки жарым эсеге көбөйүп, 8 миңден ашты. Расмий маалыматка ылайык, Сингапурда жалпы вирус жуктургандардын 75% жакыны чет өлкөлүк мигранттар турган жатаканада жашагандар. Себеби жатаканада бир бөлмөдө 12-20 адам жашайт.

Жапония да пандемиянын биринчи толкунун токтоткондон кийин кайрадан таажы вирусу менен салгылашууда. Көпчүлүк ооруканалар күнү-түнү тынбай иштешүүдө. Медперсонал жана жабдуулар жетпегендиктен, кеселдер жанындагыларга оодарылып жатканга жардамдашууга мажбурланган. Жакында безгек кармаган эркек жүктөлгөн “Тез жардам” автоунаасын 80 оорукана кабыл албай койгон. Башка бир ушундай оорукчанды медиктер 40 клиникага телефон чалып жатып, араң жаткырышкан. “Медициналык тез жардам кыйрады” деп белгиленет Жапониянын токтоосуз медициналык көмөк ассоциациясы жана Жапониянын медициналык тез жардам коому жасаган билдирүүдө.

Мындай жагдайдан улам өткөн жума күнү премьер-министр Синдзо Абэ букараларга: ”Мен баарыңыздардан кайрадан суранам: сыртка чыкканды токтото туруңуздар”,- деп кайрылган эле.

Кыргызстандагы жагдайды жогоруда аталган бир да өлкө менен салыштырып болбойт. Ошон үчүн түнкүсүн коменданттык саатты бекем сактап, ары-бери катташканды токтотуу ар бир кыргызстандыктын борчу болуш керек. “Сактыкта кордук жок!”

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG