Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Европада чектөөлөр жумшартыла баштады


Велосипед тээп бараткан беткапчан жигит. Дрезден. 20-апрель, 2020-жыл.
Велосипед тээп бараткан беткапчан жигит. Дрезден. 20-апрель, 2020-жыл.

Түркияда, Орусияда жана Кошмо Штаттарда COVID-19 илдетине чалдыккандар көбөйүп баратат. 20-апрелден тартып Европанын бир катар мамлекеттери коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөрдү жумшарта баштады.

Түркияда коронавирус жуккандардын саны Кытайда бул илдетке чалдыккандардын расмий көрсөткүчүнөн ашты.

20-апрелге карата Түркияда 86 300дөй киши COVID-19 илдетине чалдыгып, андан эки миңден көп киши каза тапты. Бул Жакынкы Чыгыштагы эң жогорку көрсөткүч.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын буйругу менен мурунку Ататүрк аэропортунун учуп-конуу тилкесинде оорукана салына баштады. Буга Стамбул шаарынын мэри каршы чыгууда. Калаа башчы Экрем Имамоглу аэропорт жер титирөө сыяктуу өзгөчө кырдаалдарда кереги тийип калышы мүмкүн экенин, жаңы госпиталды курууга башка аймактар деле жетиштүү экенин айтып, өкмөттү сындап жатат.

Эрдоган оорукананын курулушу 45 күндө аяктай турганын билдирди.

Түркиянын Ички иштер министрлиги өлкө ичиндеги 31 шаардын ортосундагы каттамдарга салынган чектөөлөр дагы 15 күнгө узартыларын билдирди.

Стамбулду көзөмөлдөп жүргөн түрк полициясы.
Стамбулду көзөмөлдөп жүргөн түрк полициясы.

Орусияда 20-апрелге карата коронавирусту жугузуп алгандардын саны 47 миңден ашып, бул оору катуу жайылган 10 мамлекеттин катарына кирди. Бир жума мурда президент Владимир Путин эң жогорку көрсөткүчтөр али алдыда экенин эскерткен.

«Бизде кыйынчылыктар көп жана мактана турган эч нерсебиз жок», - деген Путин министрлер кабинетинин жыйынында сүйлөп жатып.

Европада чектөөлөр жумшара баштады

Германияда 20-апрелден тартып өлкө боюнча аянты 800 чарчы метрден ашпаган дүкөндөр, китеп жана велосипед саткан соода жайлары ачылды. Мектептер 4-майда ачылат деп күтүлүп жатат. Бирок алгач мектепке бүтүрүүчү класстардын окуучулары гана барышат. Башкалар боюнча чечимдерди жергиликтүү бийлик органдары кырдаалга карай өз алдынча кабыл алышат. Бала бакчалардын ачылышына уруксат берилген жок. Өкмөт муну наристелер гигиеналык эрежелерди туура сактай албаганы менен түшүндүрдү.

Ошол эле учурда бардык гигиеналык эрежелер жана адамдар ортосундагы аралык сакталышы керек. Германиялыктардын көбү өкмөттүн мындай кадамдарын кубаттады.

Германиянын айрым шаарларындагы мектептерде алдыдагы экзамендерге даярдык көрүлө баштады.
Германиянын айрым шаарларындагы мектептерде алдыдагы экзамендерге даярдык көрүлө баштады.

Чехияда дүйшөмбүдөн тартып акырындан чектөөлөр алына баштады. Маселен, бул жолу аянты 100 чарчы метрден ашпаган дүкөндөр жана жашылча-жемиш саткан базарлар ачылды. Ушундай эле чечим Швейцария менен Финляндияда да кабыл алынды.

Норвегияда бала бакчалар жана атайын адистештирилген клиникалар иштей баштады. Ал эми бир жумадан кийин жогорку окуу жайларынын, чач тарачтардын жана сулуулук салондорунун иши калыбына келтирилет. Испанияда 27-апрелден тартып балдарга көчөгө чыгууга уруксат берилет. Анткени саламаттык сактоо тармагындагы адистер карантин балдардын аң-сезимине кедергисин тийгизип жатканын айтып чыгышты.

Жапонияда, Британияда жана Мексикада карантин чаралары тескерисинче күчөтүлдү. Буга чейин коронавирустун жайылышын көзөмөлдөп келген Жапония менен Сингапур сыяктуу Азия мамлекеттери 18-апрелде коронавирус жугузуп алгандар кескин көбөйүп кеткенин билдиришти. Дүйнөдө коронавирус жугузганы аныкталгандар 2,4 миллиондон ашты. Алардын дээрлик ар бир үчүнчүсү АКШда.

Бразилиядагы коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы. Президент Жаир Болсонару нааразылык акциясынын катышуучуларынын арасында. 19-апрель, 2020-жыл.
Бразилиядагы коронавируска байланыштуу чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы. Президент Жаир Болсонару нааразылык акциясынын катышуучуларынын арасында. 19-апрель, 2020-жыл.

Ал эми Бразилиянын президенти Жаир Болсонару чектөөлөргө каршы баш калаада өткөн акцияга катышты. Нааразылык митингине алты миңдей киши чыкканын «France-Presse» агенттиги жазды. Агенттик билдиргендей, президент өз сөзүн тынбаган жөтөлдөн улам бир нече жолу токтотууга аргасыз болду.

Өлкөдө парламент жана облус жетекчилери коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдү киргизишкен. Президент бул ооруга каршы дүйнөдө жүрүп жаткан күрөштү «жөнү жок кымгуут» деп атаган. Түштүк Америкадагы бул мамлекетте 38 миңден адам коронавирус жугузуп алып, алардын 2,5 миңдейи көз жумду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG