Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Аял лидерлер пандемияны ооздуктай алды


Немис канцлери Ангела Меркел менен Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, Берлин, 19-февраль 2020-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел менен Финляндиянын премьер-министри Санна Марин, Берлин, 19-февраль 2020-жыл.

Дүйнөлүк медиа аял лидерлер башкарган мамлекеттер COVID-19 оорусуна каршы ийгиликтүү күрөшүп жатканына көңүл бурууда.

Германияда он миңдеген адамдар коронавируска чалдыкканы менен өлгөндөрдүн саны коңшуларынан эселеп аз. Тайван Кытайдын босогосунда турганына карабай илдетке каршы ийгиликтүү күрөшө алды. Кыргызстан сыяктуу азганактай калкы бар Жаңы Зеландия COVID-19 оорусун карантин аркылуу ооздуктоонун өрнөгүн көрсөттү. Алардын сыры эмнеде? CNN, "Forbes", "Guardian" сыяктуу дүйнөлүк маалымат каражаттары бул өлкөлөрдү аялдар башкарганын белгилеп жатышат.

Тайван лидеринин чечкиндүүлүгү

Тайвандын биринчи аял президенти, кесиби боюнча юрист Цай Инвэнь бүтүндөй дүйнө бейкапар жаткан маалда эле коронавируска каршы чечкиндүү чараларды көрө баштаган. Ал Кытайдын Ухань шаарында өпкөнү сезгенткен вирус тарап жатканы тууралуу алгачкы кабарлар чыкканда эле 100дөн ашуун чукул чечимдерди кабыл алган.​

Тайвандын президенти Цай Инвэнь.
Тайвандын президенти Цай Инвэнь.

Маселен, Тайван Ухандан келген бардык учактарды текшерүүгө алып, эртелеп эпидемияны көзөмөлдөөчү борборду түзгөн. Аны улай беткаптар сыяктуу коргонуу каражаттарды көбүрөөк чыгарууга өтүп, Кытай, Гонконг жана Макао менен бардык аба каттамдарын токтоткон.

Натыйжада Кытайдагы эпидемияга эң жакын турган, дээрлик 24 миллиондой калкы бар бул аралда 395 киши коронавируска чалдыгып, алардын алтоо гана көз жумду. Салыштыра келсек, калкынын саны Тайвандан төрт эсе аз Кыргызстанда коронавирусту жугузуп алгандардын саны бир айга жетпеген убакыт ичинде 450дөн ашты.

Айтмакчы, Тайван өз аймагында илдетти ийгиликтүү ооздуктап гана тим болбой, АКШга жана Европанын ондон ашык өлкөсүнө гуманитардык жардам катары 10 миллиондой беткап жөнөтүүгө үлгүрдү.

Германия: Меркелдин чынчылдыгы

Ангела Меркел жетектеген Германияда 130 миңден ашуун адам COVID-19 илдетине чалдыкканы менен өлгөндөрдүн саны Европанын башка өлкөлөрүнөн эселеп аз. ​

Немис канцлери Ангела Меркел менен британ премьер-министри Борис Жонсон.
Немис канцлери Ангела Меркел менен британ премьер-министри Борис Жонсон.

Франция менен Британияда илдетке чалдыккандардын 10 пайыздайы каза болуп жатса, Германияда бул сан 1,6 пайызды гана түзөт. 15-апрелге карата немис жергесинде 3495 киши өпкөнү сезгенткен жаңы илдеттен каза тапты.

Вирусту жугузуп алгандардын саны боюнча Германиядан кийинки бешинчи сапта турган Францияда бул сан 15 миңден ашты. 94 миң жараны коронавируска чалдыккан Британияда 12 миңден көп киши жашоо менен кош айтышты.

Британ премьер-министри Борис Жонсон кескин чараларды кабыл алууга шашылбай жаткан маалда 65 жаштагы немис канцлери Ангела Меркел элге кайрылуу жасап, жаңы коронавирус калктын 70 пайызына жугушу мүмкүн экенин эскертип, жарандарды эрежелерди так сактоого чакырган. Аны улай Европада алгачкылардан болуп, коомдук жайларда экиден көп кишинин жүрүшүнө тыюу салган.

"Бул олуттуу! Олуттуу мамиле кылгыла! Биздин өлкө Германия бириккенден бери эмес, Дүйнөлүк экинчи согуштан бери мындай кыйынчылыкка туш болгон эмес. Көп нерсе биздин тилектештигибизге көз каранды", - деп билдирген март айында Меркел.

Андан тышкары Германия вирус жете электе эле ыкчам тесттерди жасай баштап, азыр калкты жапырт тесттен өткөрүү жагынан Европада биринчи сапка чыкты. 83 миллиондой калкы бар бул өлкөдө жумасына 350 миңдей адам текшерилип жатканы кабарланууда. Айрым адистер Германиянын медицинасы күчтүү, ооруканаларында орун жетиштүү экенин да белгилеп жатышат.

Кантсе да кванттык химия боюнча докторлук даражасы бар немис канцлери Ангела Меркелдин эпидемияга каршы чечкиндүү аракети анын саясий рейтингинин көтөрүлүшүнө шарт түздү.

Жаңы Зеландиянын элге жакын премьери

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн коронавируска каршы чечкиндүүлүгүн гана эмес, эл менен тынымсыз байланышта болуп туруунун да үлгүсүн көрсөттү. ​

Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.
Жаңы Зеландиянын премьер-министри Жасинда Ардерн.

Ал коронавирус адеп катталганда эле өлкөдө төрт жумалык карантин жарыялаган. 19-мартта бардык чет өлкөлүктөрдүн Жаңы Зеландияга киришине тыюу салып, көп өтпөй эле жарандардын көбүн үйдө отурууга милдеттендирген. Чет өлкөлөрдөн келген жаңы зеландиялыктардын баары 14 күнгө атайын карантин жайларына жайгаштырылган.

5 миллионго жетпеген калкы бар бул аралда 1300дөн ашуун адам коронавируска чалдыкса, алардын тогузу гана каза тапты. Жаңы Зеландия чакан өлкө болгону үчүн илдеттин кесепети жеңилирээк болгонун айткандар жок эмес. Бирок көпчүлүк байкоочулар 39 жаштагы Жасинда Ардерн калкты жапырт тесттен өткөрүүгө шарт түзгөнүн, мындай кризисте элге так маалымат берип турганын, эң башкысы үйдө отурууга аргасыз болгон карапайым элдин жана ишкерлердин абалын түшүнүүгө аракет кылганын баса белгилеп жатат.

Ал расмий маалымат жыйындарынан тышкары жарандарды кызыктырган суроолорду топтоп, аларга "Фейсбукта" түз эфирде жооп берип жатат. Ардерн апрель айынын башындагы мындай эфирлердин биринде Жаңы Зеландиянын өкмөтү көрүп жаткан чаралардан майнап чыкканын айтты.

"Карантин жаңы башталганда ушул күндөрү Жаңы Зеландияда 4 миңдей адам коронавируска чалдыгары боолголонгон. Азыр вирусту жугузгандар миңден бир аз гана ашты. Бул ар бир адамдын аракетинин акыбети кайтып жатканын көрсөтөт", - деди Жасинда Ардерн.

Мындан тышкары премьер-министр үйүндө отуруп алып эле психолог жана ишкерлерден түз эфирде өзү интервью алып, элге кырдаалды түшүндүрүп, элдин пикирин билүүгө аракет кылып жатат. "Өкмөттүн чечимдери тууралуу ишкер чөйрө кандай ойдо?", - деп суроо салат андай маектеринин биринде Жасинда Ардерн.

Түндүк Европадагы аял лидерлердин ийгилиги

Түндүк Европадагы айым лидерлер жетектеген бир нече мамлекет да коронавируска каршы натыйжалуу күрөшү менен көпчүлүктүн көзүнө чалдыкты.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен.
Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен.

42 жаштагы Метте Фредериксен жетектеген Дания Европада алгачкылардан болуп карантин жарыялаган. 6 миллиондой калкы бар бул өлкө 13-мартта чек араларын, аны улай мектептер, ресторандар сыяктуу коомдук жайларды жапкан. Натыйжада чөлкөмдөгү башка мамлекеттерге салыштырмалуу илдеттин жайылышы эртерээк көзөмөлгө алынып, 15-апрелден тартып 11 жашка толо элек окуучулар мектепке кайта баштады. Бул өлкөдө 6600дөн ашуун адам COVID-19 оорусуна чалдыкса, алардын 309у каза тапты.

Декабрь айында кызматка киришкенде дүйнөдөгү эң жаш премьер-министр деп мүнөздөлгөн Финляндиянын өкмөт башчысы Санна Марин коронавируска каршы күрөшкө социалдык тармактардын жылдыздарын катыштыра алды.

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин.
Финляндиянын премьер-министри Санна Марин.

Анын өкмөтү белгилүү блогерлерди так маалыматтар менен камсыздап, аларды элге жеткирүүгө аракет кылып жатты. 5,5 миллиондой калкы бар Финляндияда коронавирустан өлгөндөрдүн саны Европанын башка аймактарына салыштырмалуу кыйла аз.

Бул өлкөдө илдетке чалдыккан 3200дөн ашуун жарандын 64ү каза болду. Коронавируска каршы башкалардай чара көрбөгөн, 10 миллиондой калкы бар коңшу Швецияда Финляндияга салыштырмалуу дээрлик төрт эсе көп адам же 12 миңдей адам ооруга кабылды. Алардын 1200дөн көбү жашоо менен кош айтышты. Мындан улам финндердин 85 пайызы 34 жаштагы премьер-министр Санна Мариндин пандемияга каршы чараларын кубаттай турганын соңку сурамжылоо көрсөттү.

Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир.
Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир.

Исландиянын премьер-министри Катрин Якобсдоуттир катаал карантинге барган жок. Өлкөдө мектептер да жабылган жок. Аралдагы мамлекеттин бийлиги 364 миңдей калкын жапырт текшерүүдөн өткөрүү аркылуу COVID-19 илдетин ооздуктай алды. Болгондо да Исландиянын жарандары тесттен бекер өтүп жатышты. Ошондой эле бул өлкөдө бейтаптар менен байланышта болгондорду тез аныктап, аларды карантинге алууга өзгөчө көңүл бурулду. Бул чакан өлкөдө илдетке чалдыккан 1700дөй адамдын 8и гана каза тапты.

Айым жетекчилердин сыры эмнеде?

Дүйнөлүк басылмалар коронавирусту адеп этибар албаган Италия, АКШ, Британия, ошол эле Кытай сыяктуу мамлекеттердин эркек лидерлерине салыштырмалуу аялдар башкарган мамлекеттер COVID-19 илдетине ыкчам чара көргөнүн бир ооздон белгилеп жатышат.

Айым жетекчилеринин ийгилигинин сырын британиялык "Guardian" басылмасынын баяндамачысы Арва Махдави мындайча чечмелейт.

"Жалпысынан аялдар лидер болуу үчүн жакшыраак көрсөткүчтөргө жетиши керек. Эркектерге салыштырмалуу бизге талап кыйла жогорураак. Аялдар арасында эркектер сыяктуу каталарды кетиргенден кийин кайра карьерасы жүрүп кеткендери аз", - деп жазат Махдави.

"Forbes" журналынын баяндамачысы Авивах Уиттенберг-Кокстун жүйөсүнө ылайык, күнөөнү башкаларга оодарган, журналисттерди кагып- силккен, сот системасын дароо өз колуна алган, өлкөсүн толугу менен жаап салган жана авторитаризмге ыктаган дүйнөнүн бир катар эркек лидерлерине караганда айым лидерлер коронавируска каршы ийгиликтүү күрөшө алышты. Ал өз макаласында жогоруда аты алган аял жетекчилер чынчылдыгын, чечкиндүүлүгүн, мээримдүүлүгүн жана технологияны мыкты өздөштүрө алганын көрсөткөнүн белгиледи.

"Аялдардын башкаруу стили башкача жана пайдалуу экенин ишара кылган изилдөөлөр бир нече жылдан бери жүрүп жатат. Ошого карабастан өтө көп сандагы саясий уюмдар жана компаниялар лидер болгусу келген же ийгиликке жетүүнү көздөгөн аялдардан эркектердикине окшош жүрүм-турумдарды талап кылып келет. Жогорудагы улуттук жетекчилер эркектер аялдардан лидерлик сапаттарды үйрөнөт алат дегенге мисал болуп берет", - деп жазды Авивах Уиттенберг-Кокс.

Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ-Ин.
Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ-Ин.

Бирок COVID-19 пандемиясына ийгиликтүү күрөшкөн эркек лидерлер да жок эмес. Эл аралык байкоочулар Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Инди мисал келтиришүүдө. Себеби анын өлкөсү Кытайдан кийин эле вирус катуу каптаган мамлекеттердин катарын кошулганына карабастан илдеттин жайылышын басаңдата алды. Түштүк Кореяда калкты жапырт тестирлөөдөн өткөрүп, коронавирусту эрте аныктоо аракети өз жемишин берди.

Мындан улам, "Yonhap" агенттиги жазгандай, 67 жаштагы президент Мун Чжэ Индин рейтинги соңку 17 ай ичиндеги эң жогорку чегине жетти. Учурда кореялыктардын 54,4 пайызы анын саясатын колдошот. Мындан тышкары президенттин Демократиялык партиясынын рейтинги да кеминде 15 пайызга көтөрүлүп, 15-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгында атаандаштарын артта калтырары күтүлүп жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG