Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:34

Касиет: Ар бир сакталган өмүр үмүт берет


Касиет Алиева.
Касиет Алиева.

Москвадагы ооруканада иштеген кардио-реаниматолог Касиет Алиеванын баяны.

Москвада Филатов атындагы №15 оорукана 27-марттан бери коронавирус жугузуп алган бейтаптарды кабыл алып жатат. Ооруканада 1300 орундук, реанимация бөлүмдөрүндө 110 орундук дайындалган.

Бул ооруканада адам өмүрү үчүн күрөшүп жаткан миңдей дарыгер менен медицина кызматкерлеринин арасында кыргызстандык мекендешибиз - 29 жаштагы кардио-реаниматолог Касиет Алиева да бар.

Орусияда А.Л. Мясников атындагы клиникалык кардиология институтун, кийин Н. И. Пирогов атындагы медициналык университетти аяктаган жаш адис бул жакта үч жылдан бери иштейт. Ал дээрлик бир айдан бери COVID-19 менен эң оор абалда реанимацияга түшкөн адамдарга кам көрүүдө.

- Кесибим боюнча кардиологмун. Реанимацияда иштейм. Пандемияга байланыштуу бул оорукана коронавирус жугузуп алгандарды кабыл алууга өткөрүлгөн. Бул өзүнчө төрөтканасы бар, көп багыттуу, аябай чоң оорукана. Адистигибизге карабай бардык дарыгерлер COVID-19 менен күрөшкөн аскерлерге айландык. Алдын-ала эле бейтаптарга бир миңден ашык орундук даярдалган. Ошол да жетишсиз болуп калды. Ушундан улам оорукананын аймагында жаңы эки имарат кура башташты.

Реанимацияга өтө оор абалдагы адамдар түшөт эмеспи. Менин блогумда 30-35 киши жатат. Алардын жарымында коронавирус табылган. Көбү өнөкөт оорусу бар орто жаштагы жана улгайган адамдар. Ошол эле кезде 29-30 жаштагылар бар. Баары бирдей кыйналат. Өз алдынча дем ала албай, өпкөсү жабыркагандар. Ар биринин иммунитетине, өнөкөт ооруларына жараша дарылоо, көзөмөл талап кылынат.

Мэр Сергей Собянин марттын башында Москвада 25 оорукана, 20 миң орундук даярдалганын айткан. Бул жумада Москванын четинде курулган 800 кишилик борбор да ишке кирди.

Буга чейин Москвада ооруканалардын, дарыгерлердин жана «Тез жардам» кызматкерлеринин жетишсиздиги тууралуу айтылып, «Тез жардам» машинелери көчөдө кезекте турган видеолор таркаган. Айрым орусиялык дарыгерлер коргонуучу жабдык менен каражаттардын жоктугунан өз өмүрлөрүнө коркунуч жаралып жатканын айтып чыгышкан.

Касиет №15 ооруканада дарыгерлердын коопсуздугуна жакшы кам көрүлгөнүн белгиледи:

- Башка орусиялык ооруканалардагы даярдыкты же абалды айта албайм. Мен иштеген оорукана пандемияга жакшы камданган. Мындай маалда дарыгерлерге коргоочу кийим, маска берип туруп, «баргыла, дарылагыла» деп койгонго болбойт. Коронавирусту жугузуп алгандарды кабыл аларыбыз белгилүү болгондо эле оорукананы бошотуп, керектүү жабдыктар менен камсыз кылып, орундуктарды даярдап, медициналык кызматкерлерге инструктаж өткөрүлгөн.

Башкысы - дарыгерлер инфекцияны бири-бирине жугузуп албашы керек. Ошондой шарт түзүлүшү керек. Биз ооруканага келгенде атайын бөлүмдө ич кийимибизге чейин чечинип, бүт алмаштырабыз. Байпакка чейин беришет. Коргоочу костюм кийип, атайын көз айнек, респиратор тагынып, кадимки Айга уччу космонавттардай эле болуп калабыз.

Иш нөөмөтүбүз бүтүп, коронавирус менен адамдар жаткан аймактан - «кызыл зонадан» чыкканда кайрадан чечинип, душка киребиз. Бир ирет колдонулуучу каражаттар ыргытылып, калганы баары дезинфекцияланат, санитардык тазалоодон өтөт.

Кесиптештери менен ооруканада.
Кесиптештери менен ооруканада.

Касиет бул кезде дарыгерлерге деле кыйын болуп жатканын белгилейт. «Ар бир сакталган өмүр бизге дем-күч берүүдө» дейт ал.

- Мурда 24 сааттан ишке чыгат элек. Азыркы убакта 12 сааттан нөөмөттө турабыз. Бул нөөмөттө дарыгерлерге эс алууга 30 мүнөт эле берилет. Дарыгерлер жетишсиз. Чыдабай кетип калгандар болот, үй-бүлөлүк абалдан улам ишке чыга албай калгандар бар. Тилекке каршы, коронавирусту жугузуп алгандар да чыгып жатат.

Биринчи күндөрү мен аябай кыйналгам. Моралдык жактан оор болду. Негизи эле ар бир дарыгердин өзүнчө "мүрзөсү" болот. Көз алдыбызда, колубузда каза болгон ар бир адам биздин эсебизде. Бирок мындайды буга чейин мен көргөн эмесмин. Менин реанимациямда эле күнүгө 3-7 киши каза болуп жатат.

12 сааттан тынымсыз, суу ичип алганга шарт болбой же дааратканага чыга албай, коргоочу костюмдун ичинде тердеп-кургап, ичи тердеп кеткен көз айнегиңди аарчып коё албай, тикеден тик турасың. Организмиң алсырап кетет. Ошончолук аракеттерге карабай, адамды жоготуп алганда айлаң куруп, шалдырай түшөсүң. Азыр дарыгерлер үмүт менен карманып турабыз. Өткөн жумада үч адамдын абалы жакшы болуп, палатага котордук. Ошого биз ушунчалык сүйүнүп, ошол бизге дем берди. Жумушка кадимкидей ишеним менен чыга баштадык.

Касиет Москвада жалгыз турат. Бир тууган агасы үй-бүлөсү менен өз алдынча. Ооруканадан чыгып, үйүнө эс алууга кайтканда эч ким менен байланышпай, адамдардан обочолонууга аракет кылат. Жаш дарыгердин айтымында, анын азыр дени сак болуп, муктаждарга кол сунганы маанилүү.

- Ата-энем Бишкекте. Апам акушер-гинеколог, шаардык ооруканада директор. Мен албетте, азыр ата-энемдин жанында болуп калууну каалайт элем. Дарыгер катары азыр Кыргызстанга да керек болуп турганымды билем. Ооруканада кыргызстандык мекендештерди көрүп калсам, сөзсүз аларга көз салып турам. Бирок мен дарыгер катары милдетимди аткарышым керек. Бул жерде да бейтаптарга керек экенимди билем. Парзым.

Москванын бир ооруканасында жүздөгөн адамдарын өмүрү үчүн күрөшүп жүргөн мекендешибиз Касиет Алиева «азыр бардык адамдар ичкен тамагына, тазалыгына, саламаттыгына өзгөчө көңүл буруп, пандемия маалындагы күрөштө дарыгерлерге көмөк көрсөтүшү керек» деп сөзүн жыйынтыктады.

Орусияда соңку күнү коронавирус дагы 5,5 миңден ашуун кишиден табылып, инфекцияга чалдыккандар жалпысынан 52 миң адамдан ашты. Илдеттен төрт миңдей адам айыгып, 456 киши каза болду. Москвада коронавирус жуккандар 30 миңден ашты.

Орусияда COVID-19 чалдыккан кыргызстандыктар тууралуу маалымат расмий тастыктала элек. Кыргыз элчиси Аликбек Жекшенкулов 18-апрелде «Азаттыктагы» маегинде Москвада 50-60тай жаран коронавирус боюнча шек менен үй карантинде отурганын айткан. Мындан тышкары, ооруканада жаткан ондогон кыргызстандыктар жөнүндө кабарлар бар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG