Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:20

Жарандык активисттер коомго чакырык таштады


Бишкекте "Мага баары бир эмес!" деген аталышта жарандык форум өттү. Анда аймактардан келген жарандык активисттер, укук коргоочулар көйгөйлүү маселелер боюнча бир пикир издөөдө.

Эки жүзгө чукул кишинин башын бириктирген форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан келген активдүү жарандар, бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү, укук коргоочулар, окумуштуулар жана айрым саясатчылар катышууда.

Жыйында негизинен мамлекет келечегин, саясатын, приоритеттерин бир адам же бир партия чечпей, Кыргызстандын жарандары чечиши керек деген чакырыктар айтылып жатты.

Форум уюштуруучулары эң көп айтылган маселе -алдыдагы парламенттик шайлоо жараяны экенин белгилешүүдө.

Ош шаарынан келген укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиеванын пикиринде, учурда бийлик жарандык коом менен диалогго таптакыр барбай, кээ бир социалдык маселелерди чечүүдө жоопкерчиликтен качууда:

- “Активдүү жаран” кимге керек? Бийлик жарандардын активдүүлүгүн арттыруу боюнча кандай иш-аракеттерди жасап жатат? Деги жасап жатабы? Ушул суроолор көп айтылды. Ошондой эле парламент, бийлик адамдардын эркиндиктерин чектөөгө алган мыйзамдарды жактап жатат. Аймактарда болсо жөнөкөй же эң башкы муктаждыктар орундалбай жатат, айрым маселелерди чечүүдө бийлик жоопкерчиликтен качып, туруксуз өкмөт кыйла адамды кыйнады.

Форум алкагында буга чейин жарыяланган “Кыргызстандын активдүү жараны” сынагы да жыйынтыкталмакчы. Уюштуруучулардын бири "Полис Азия" аналитикалык борборунун жетекчиси Элмира Ногойбаеванын айтымында, өлкө келечегине кайдыгер карабаган жарандардын башын бириктирүү негизги максат:

- Учурда Кыргызстандын бардык аймактарынан номинанттар аныкталды. Мисалы, алардын арасында Баткендеги чек арада эл көчүп кетсе да өз үйүнөн көчпөй, чек араны сактап турган аялбы, же Жалал-Абаддагы өз каражатына төрөт үйүн салган кишиби, же Бишкектеги чындыкты айтып чыккан жарандык активистпи? Чындыгында жарандардын арасындагы мындай активдүүлүк аябай маанилүү нерсе. Муну дайыма баса белгилеп, ушундай активдүү жарандарды чогултуп туруу зарыл. Ошон үчүн биз бул жерге чогулдук.

Элмира Ногойбаева форум соңунда коомчулукка, президентке, парламентке өз-өзүнчө кайрылуу кабыл алынарын айтты:

- Форумдун аягында биз үч кайрылуу кабыл алабыз. Биринчисин - бүгүнкү Кыргызстандын жаранына, экинчисин - өлкө президентине, үчүнчүсүн келечектеги парламентчилерге жолдойбуз. Учурдагы мөөнөтү бүтүп жаткан парламент ушунчалык эркиндикти чектеген мыйзам долбоорлорду сунуштап, колдоп жатканы бизди аябай тынчсыздантып жатат. Андыктан биз келечектеги парламент зирек, акыйкат жана демократ болушун каалайбыз.

Жарандык активисттердин форумга чогулушуна парламентте адам укугуна, эл аралык укук нормаларына каршы келген мыйзамдар демилгеленип, колдоо таап жаткан тенденция түрткү болгон.

Жогорку Кеңеште соңку кезде бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент деп атоо, кумсаларды үгүттөөгө тыюу салуу жана Конституцияны өзгөртүү демилгелери жарандык коомдун сынына кабылып келет.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG