Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:48

Идрисов: Бейөкмөт уюмдарга каршы акция атайын уюштурулду


Бүгүн Бишкекте “Калыс” кыймылы бейөкмөт уюмдарга каршы өткөргөн акция буга чейин Орусия басып өткөн сценарий менен уюштурулду. Мындай пикирин "Азаттыкка" Коммерциялык эмес укук борборунун өкүлү Ноокат Идрисов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү акцияны бейөкмөт уюмдардын иши тууралуу жетиштүү маалыматы жок жарандар уюштурду.

- Орусияда да чет элдик агенттер тууралуу мыйзам кабыл алып жатканда дал ушундай ыкманы колдонушкан. Алар коомчулукта кумсаларга каршы пикир бар экенин билет. Ошону пайдаланып бейөкмөт уюмдарга каршы маанай жаратууну каалап жатышат, - деди Идрисов.

Ал эми “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдирасулова бул акцияга каршылыгы жок экенин билдирди. Укук коргоочунун пикиринде, ар бир жаран өз укугунан пайдалынып өлкөдөгү бейөкмөт уюмдардын ишмердиги менен таанышууга акылуу.

Бүгүн Бишкекте “Калыс" кыймылы акция өткөрүп, Жогорку Кеңештин депутаттарын Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы деп атоо жана сексуалдык азчылыктар тууралуу маалымат каражаттарында чагылдырууга тыюу салуу мыйзам долбоорлорун тезинен кабыл алууга чакырган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG