Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:32

Парламент “чет элдик тыңчы” мыйзамын колдоду


Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.
Орусияда “чет элдик агенттер” жөнүндөгү мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.

Жогорку Кеңеш чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдарды чет элдик тыңчы катары таануу боюнча мыйзам долбоорду биринчи окууда кабыл алды.

Жарым жылдан бери кызуу талкууланган бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу боюнча мыйзам долбоорду Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 106 депутаттын 83ү колдоп, добуш берди. 23 гана депутат каршы чыкты. Аталган мыйзам долбоорду депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова иштеп чыккан.

Алар өз демилгесин мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылуу аракети менен түшүндүрүп келет. Ага ылайык, чет өлкөдөн каржыланган өкмөттүк эмес уюмдардын баары «чет элдик тыңчы» катары каттоодон өтүп, каржылык чыгымдары тууралуу отчет берип турууга тийиш. Жылына бир жолу пландуу текшерүүдөн өтөт. Эгер мыйзам бузулса, уюмду жабууга чейинки чаралар көрүлөт.

Бүгүнкү жыйында мыйзам долбоорго каршы добуш бергендердин бири депутат Данияр Тербишалиев. Ал мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда көпчүлүк депутаттар каршы чыкканын, бирок добуш берүү жыйынтыгына таң калып жатканын билдирди:

Данияр Тербишалиев
Данияр Тербишалиев

- Мыйзам долбоорду талкуулоо учурунда көпчүлүк каршы чыгып атты эле. Анан добуш берүүгө келгенде эмне себептен колдоп калганы түшүнүксүз болду. Менин оюм боюнча, демилге авторлору сүйлөшүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы менен ушундай чечим кабыл алынды окшойт. Бул биздин өлкө үчүн начар иш болуп калды.

Ал эми “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам долбоорду колдоп, добуш берген. Текебаев өз чечимин төмөнкүчө негиздеди:

- Биздин фракциянын мүчөлөрү биринчи окууда бул мыйзамды колдодук. Бирок аны экинчи, үчүнчү окууда өзгөртүү зарыл деген позициядабыз. Албетте, бул мыйзам боюнча бир катар кооптонууларды түшүнсө болот. Ал жарандык коомго түздөн түз сокку болбосо да, кандайдыр бир чиновниктердин жаман оюна курал болушу мүмкүн. Бирок мыйзам долбоор толугу менен кабыл алынганча аны жакшылап иштеп чыгып, бейөкмөт уюмдарга укурук катары салынбагандай болушу керек.

Бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мыйзам долбоордун биринчи окуудан жактырылганына тынчсызданып, жарандык коомго сокку катары баалап чыгышты. “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын президенти Динара Ошурахунова депутаттар мыйзам Конституцияга каршы келет деген бир нече экспертизанын жыйынтыгын эске албай, чечим кабыл алды деп сындады:

Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

- Бул мыйзам боюнча бир нече экспертиза өткөн. Анда мыйзам кабыл алууга болбойт деген чечим чыгарылган. Бирок ага карабай мыйзам кабыл алышканы бир эле ойго түртөт, бул депутаттар буйрук менен иштеп жатат деген белги. Ал буйрук Орусия тараптан келген. Биздин депутаттар ошол заказды аткарып жатышат.

Дал ушундай мыйзам долбоору мурдараак Орусияда да кабыл алынган. Мына ушундан улам айрым саясатчылар, депутаттар демилгечилердин долбоорун Орусияга жагынуу катары баалашкан.

Буга чейин БУУ баштаган бир нече кадыр-барктуу эл аралык уюмдар кыргыз парламентин мыйзамды кабыл албоого чакырган эле. Маселен, Бириккен улуттар уюму мыйзам долбоору Кыргызстан мүчө эсептелген Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттарга карама-каршы келерин эскерткен.

Эми бул мыйзам долбоорду Жогорку Кеңеш дагы эки окууда талкуулайт. Анда долбоорго айрым өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Эки окуудан кабыл алынса, президентке жиберилип, мамлекет башчысы кол койгондон кийин гана күчүнө кирет.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG