Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

"Дарыгерлерге кол көтөргөн учурлар токтобой жатат"


Алымкадыр Бейшеналиев
Алымкадыр Бейшеналиев

Өткөн аптанын аягында Ош облустук психиатрия жана наркология борборунун дарыгерлерин бейтаптын жакындары сабаган. Ушундай эле окуя Бишкекте да катталып, медкызматкерлер менен бейтаптардын мамилеси талкууга түштү. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда "Тез жардам" догдурларына да кол салуу болгон.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев дарыгерлердин коопсуздугу, эмгек акысы жана бейтаптар менен мамиле тууралуу “Азаттыкка” маек курду.

- Алымкадыр мырза, акыркы убакта дарыгерлерге кол көтөрүп, сабап жиберген окуялар болуп жатат. Мындай көрүнүштөргө карата пикириңиз кандай?

- Дарыгерлик кесип гумандуу, адам өмүрүн сактап калууга, ден соолукту чыңдоого арналат. Ар бир адис алты жыл окуйт, анан клиникалык ординатурада эки жыл тажрыйба, билим топтойт, көп эмгектенип жатып бул кесипке ээ болот.

Коом, ар бир жаран мугалимге, маданият адамдарына, акын-жазуучуларга кандай караса, дарыгерге да ошондой сый көргөзүшү керек. Андыктан ооруканага кайрылган ар бир адам догдурларга, медицина кызматкерлерине сый мамиле жасашын министр катары суранат элем. Мени ооруканаларга кайрылган айрым жарандардын дарыгерлерге кол көтөрүп, сабап, сөгүнүп, орой мамиле жасап жатканы абдан өкүндүрөт. Элди сабырдуулукка, маданиятка чакырат элем.

Саламаттык сактоо тармагында көп жылдардан бери топтолуп калган көйгөйлөр көп. Биз акыркы жылдарда бийликтин, президенттин колдоосу менен көп жумуштарды аткарып жатабыз. Мына бөйрөктү алмаштыруу боюнча алгачкы операция ийгиликтүү өттү, мен ага өзүм катыштым. Бейтаптар сакайып, айыга баштады, бүгүн үйүнө чыгышты. Дагы эки оорулууга келаткан аптада акысыз операция жасалат. Президент Садыр Жапаров айткандай, биз бөйрөк алмаштыруу менен ошол гемодиализде отурган адамдардын саламаттыгын, өмүрүн эле сактабай, бюджеттен да жыл сайын гемодиализге жумшалып жаткан акчаларды үнөмдөп калууга бет алдык. 2680 адамга гемодиализ жасоо үчүн 2,5 млрд сом кетет. Эми келечекте боорго да, сөөктүн чучугун алмаштыруу боюнча да операция жасоону пландап жатабыз. Бул жагынан Түркиянын дарыгерлери бизге жакшы колдоо көргөзүүдө. Азыр биздин 32 дарыгер бул мамлекетте тажрыйба топтоп, окуп атышат.

- Ош облустук Психиатрия жана наркология борборуна келген адам ал жерде иштегендерди урган видео жекшембиде социалдык тармактарда тарады. Былтыр сентябрда Кара-Суу районунда “Тез жардамда” иштеген дарыгерлер да сабалган болчу, Бишкекте да андай окуялар болуп атат. Ушул жагдайлар боюнча кандай териштирүүлөр жүрүп жатат?

- Тилекке каршы, мындай окуялар токтобой, кайра-кайра кайталанып жатат. Социалдык тармакка чыкпай калган мисалдар да көп бизде. Оштогу акыркы окуяда айыпталып жаткан адам 2023-жылдын мартына чейин Ички аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн экен. Маалыматтарга ылайык, шектүү окуядан бир күн мурун агасын дарылоо үчүн жаткырган. Эртеси күнү "бир тууганыма жакшы карабай жатасыңар" деп, дарыгерлер менен жаңжалдашкан. Мен окуяга аябай кайгырдым. Биз ички иликтөө жүргүздүк - догдурлардын да аракеттери, жумушка, бейтаптарга мамилеси каралып, текшерилип жатат. Мындай ар бир окуяда милицияга кайрылышат, сиздер акыркы окуялар боюнча маалыматтарды Ички иштер министрлигинен алсаңыздар болот. Биздин дарыгерлер эч кандай кайтаруусуз иштеп, ошондой кырдаалдарга туш келет. Ар кандай адамдар болот, арасында спирт ичимдиктерин ичип алгандары да, жөн эле агрессия менен мамиле жасагандары да кездешет.

- Дарыгерлердин шалаакылыгынан улам адамдар майып болуп же каза тапкан окуялар да бар. Ушул жагынан министрлик кандай иштерди жүргүзүп жатат?

- Ар бир окуя боюнча, ар бир арызды биздин комиссия карап, жыйынтыгын чыгарып жатат. Шалаакылар, өз ишине кайдыгер караган дарыгерлер мыйзам чегинде жооп беришүүдө.

- Мына “Азаттыкка” да маалымат чыкты, эл артисти Мунарбек Атагелдиевдин өмүрлүк жары Раиса Атагелдиеваны машине сүзүп кетип, ал кийин ооруканага оор абалда түшкөн экен. Бирок аны милиция дагы, медиктер дагы селсаяк окшойт деп жакшы карабай коюп, жардам кеч берилгендиктен, каза болуптур. Бул тууралуу баласы, белгилүү скрипач Эмил Атагелди билдирди. Ушул окуядан маалыматыңыз барбы?

- Бул боюнча маалыматым жок экен, мен тактап көрөйүн. Эгерде чын эле селсаяк экен деп карабай калган болсо, анда ал дарыгерлер өз жазасын тартат. Себеби ар бир дарыгер Гиппократтын антын берет, кайрылган адам министрби, селсаякпы – айырмасы жок, баарына тегиз мамиле жасалат, баары жардам алышы керек.

- Медицина кызматкерлеринин айлык акысы парламентте да талкууланды. Өзгөчө медициналык билимди алып, жаңыдан диплом алгандардын иш тажрыйбасы аз болуп, айлык акысы аз болууда. Жакында “Азаттыкка” Нарындагы ооруканада иштегендер кайрылып, эмгек акынын аздыгын айтышты. Ал дарыгер күнүнө он чакты эле адамды кабыл алыш керек болсо, кээде элүүгө жетет дейт. Айлык акыны көтөрүү пландалып жатабы?

- Чындыгында көп жылдар бою дарыгерлердин, медицина кызматкерлеринин айлык акысы олуттуу көтөрүлбөй келди. Акыркы 2-3 жылда буга да көңүл буруп жатабыз. 2021-жылы жазында үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 50 пайызга көтөрүлгөн. Андан кийин июнда бардык дарыгерлердин маянасы 100 пайызга көбөйгөн. Учурда үй-бүлөлүк дарыгерлердин айлык акысы 25-35 миң сом. Эң эле чоң көйгөй – окууну жаңы бүткөндөрдүн маянасы, алар эмгек тажрыйбасы жок болгондуктан 12-15 миң сом эле алат. Биз “дарыгердин депозити” деген системаны киргизип, үстүнө 12-15 миң кошуп берип жатабыз. Алыскы райондорго барып иштегендерди турак жай менен камсыздайбыз. Бирок Нарындагы дарыгердин айтканы да туура – ар бир кызматкерге айлык акысына, ставкасына жараша план коюлган. Айрым аймактарда кесел көп, иш оор, айрым райондордо жеңил болуп жатат. Муну да биз анализдеп атабыз, жакында өзгөрүүлөр болот.

- Министрлик “Эламан” деген дарыканалардын тармагын ачтыңыздар. Анда айрым өтө керектүү, зарыл дары-дармектер жок деген маалыматтар болууда. Мунун себеби эмнеде?

- Азыркы кезде “Эламанда” дарылардын 2 миң түрү бар, көп дары-дармектерди тапса болот. Эл сураган дарылардын баарын эле алып келип жатабыз. Айрым дарылардын саны аз, баасы кымбат болгондуктан, менчик дарыканалар алып келбей коюшчу. Биз ага карабай элге керектүү дарылардын баарын алып келүүдөбүз. Баары толукталыш үчүн бир аз убакыт керек. Былтыр апрелде “Кыргыз фармация” түзүлгөн, ал азыр бардык дарыканаларды 100 пайыз каржылап жатат. “Эламанда” дарыларга заводдогу баасына беш эле пайыз кошулуп, элге жетип жатат. Бул абдан жакшы жетишкендик, себеби 30 жыл бою жеке менчик компаниялар дары-дармектерге эки, үч, беш эсеге чейин үстөк баа коюп, кымбат сатып келишкен. Кээ бир дарылардын сапаты да начар болчу. Ошол жагынан алганда, “Эламандын” ишке киргени жакшы болду.

- Маегиңизге рахмат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

Тектеш

XS
SM
MD
LG